KELECHEK
rek

Эрдоган Charlie Hebdo француз журналына каршы доо арыз жазды

Эрдоган Charlie Hebdo француз журналына каршы доо арыз жазды

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өз өлкөсүндө Charlie Hebdo француз журналына каршы доо арыз жазды. Буга чейин аталган басылма түрк лидеринин карикатурасын жарыялаган.

«Анадолу» агенттигинин маалыматына караганда, Түркиянын прокурорлору Эрдогандын адвокатынын арызынын негизинде кылмыш ишин козгошу мүмкүн.

Адвокаттын айтымында, журналдын карикатурасы «сөз эркиндигине эч тиешеси жок» ушак жана бул үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга болот. Ал прокурорлор «Президентти мазактоо» беренеси боюнча иликтөө баштаганын кошумчалады.

Charlie Hebdo Эрдогандын карикатурасын шаршемби күнү башкы бетине чыгарган. Анда жарым жылаңач болгон түрк лидери колуна суусундук куюлган идиш кармап отурганы, экинчи колу менен ислам кийимин кийген аялдын этегин көтөрүп: «Ох, Пайгамбар!» деп айтып жатканы тартылган. Карикатуранын темасына: «Эрдоган жеке жашоосунда өтө ойнок» жазылган.

Charlie Hebdo бул карикатурасын Францияда мектеп мугалими Самюэль Пати өлтүрүлгөндөн кийин Париж менен Анкаранын мамилеси начарлап кеткен маалда жарыялады. Мугалим сабакта окуучулары менен сөз эркиндиги тууралуу талкуу уюштуруп, Мухаммед пайгамбардын карикатурасын көрсөткөн. Бул үчүн ал 16-октябрда өлтүрүлгөн.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон кол салууну «исламисттик теракт» деп атаган. Ал ислам каатчылык абалында турганын белгилеп, Франциянын светтик баалуулуктарын коргоого чакырган. Бул билдирүүлөрдөн кийин Эрдоган Макронду исламофобияга айыптап, ага «психикалык абалын текшертүү» кеңешин берген. Париж Анкарадагы элчисин чакыртып алган.

Түркиянын бийлиги карикатуранын басылып чыкканын айыптап, аны «маданий расизм менен жек көрүүчүлүктү жайылтуу» аракети деп атаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52