KELECHEK
rek

Англияда коронавирустун жайылышынан улам кайра локдаун киргизилди

Англияда коронавирустун жайылышынан улам кайра локдаун киргизилди

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон дүйшөмбү күнү кечинде Англия аймагында жалпы улуттук карантин жарыялады. Соңку апталарда өлкөдө коронавирус жуктургандар кескин көбөйүп кетти.

Жашоочуларга өтө зарыл учурда гана үйдөн чыгууга кеңеш беришүүдө. Дүкөндөр жана кызмат көрсөтүүчү мекемелердин көбү жабылды, мектептер аралыктан окутууга өтүүдө.

Англияда ушуну менен үчүнчү жолу жалпы улуттук локдаун жарыяланды. Алгач ирет карантин былтыр мартта, андан соң ноябрда киргизилген. Бирок декабрдын башында локдаун аяктаган. Жыл соңунда Лондон шаарында жана Англиянын түштүк-чыгышында вирус жуктургандардын саны кескин көбөйгөн. Буга коронавирустун жаңы штаммы себеп болгон. Жонсон вирустун бул түрүнүн жугуу көрсөткүчү 50-70 пайызга күчтүү экенин ырастаган.

Премьер-министр өткөн айда өлкөдө жапырт эмдөө башталганын эске салды. Болжол менен бир миллионго чукул адам эмдөөдөн өттү.

4-январдан тартып Улуу Британияда Оксфорд университети менен AstraZeneсa компаниясынын вакцинасы жапырт эмдөөдө колдонула баштады. Өлкөдө мындан тышкары Pfizer/BioNTech вакцинасы да сайылууда. Азырынча дарыгерлер, коомдук тейлөө кызматкерлери жана улгайган кишилер өзгөчө тобокелдиктеги катмар катары эмделүүдө.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52