KELECHEK
rek

Жапаров элди коронавируска каршы вакцина алууга чакырды

Жапаров элди коронавируска каршы вакцина алууга чакырды

Президент Садыр Жапаров Улуттук госпиталдын коронавирустан дарылоочу бөлүмүндө. Бишкек. 15-апрель, 2021-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 15-апрелде Бишкектеги жана Чүйдөгү бир катар медициналык мекемелерди кыдырды.

Ал Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына, Улуттук госпиталга жана Токмок аймактык ооруканасына барып, ал жерде COVID-19 вирусунан дарыланып жаткандардын абалы менен таанышты. Андан кийин мамлекет башчы кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Президент жалпысынан өлкөдө абал өтө коркунучтуу эмес деп баалады. Ал оорунун белгилери байкалган учурда эле ооруканага, дарыгерге кайрылуу зарылчылыгын айтты.

“Өзүңөрдүн ден соолугуңарга кайдыгер болбой, кайрылып тургула. Эң негизгиси, мен сиздерден суранарым, баарыңыздар вакцина алыңыздар. Бүгүнкү күндө республика боюнча болгону 4 миңдин тегерегинде гана адам вакцина алды. Вакцина бар. Райондогулар ар бир райборборго барсаңыздар болот”.

Садыр Жапаров кырдаалдан карантиндик чектөөлөрдү киргизбей чыгып кетүүгө бар күчүн жумшарын билдирди.

Коронавируска каршы күрөш боюнча штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 15-апрелде COVID-19 илдетинен киши каза болду. Былтыр марттан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 1540 кишиге жетти.

Вирус акыркы бир суткада 305 кишиден аныкталды. Оору жугузуп алгандардын көбү Бишкекте жана Чүйдө.

Ооруга жалпы 91 144 адам чалдыгып, 86 491 киши айыкты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38