KELECHEK
rek

Токиодогу Олимпиада оюндары болбой калышы мүмкүн экенин четке каккан жок

Токиодогу Олимпиада оюндары болбой калышы мүмкүн экенин четке каккан жок

Жапон бийлиги Токиодо өтө турган жайкы Олимпиада оюндары болбой калышы ыктымал экенин кыйытты. Бул тууралуу башкаруучу Либералдык-демократиялык партиянын башкы катчысы Тосихиро Никаи билдирди.

Никаинин айтымында, эгер коронавируска байланыштуу абал начарлап, COVID-19ду жуктургандардын саны көбөйсө, Олимпиада оюндарын өткөрүү өтө оор болот жана мелдешти токтотуу варианты каралышы мүмкүн.

Жапониянын эмдөө иштерине жооптуу коргоо министри Таро Коно "Асахи" телеканалына берген маегинде Токиодо Олимпиада жана Паралимпиада оюндары толугу менен көрүүчүлөрсүз өтүшү ыктымал экенин айтты. Буга чейин уюштуруучулар мелдештерди чет өлкөлүк күйөрмандарсыз өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алышкан.

Токиодогу Жайкы Олимпиада оюндары былтыр болмок, бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу 2021-жылдын июль айына жылдырылган.

Январда The Times гезити жапон өкмөтүндөгү булагына таянуу менен Токио пандемияга байланыштуу Олимпиада оюндарын токтотууну чечкенин кабарлаган.

“Жапон бийлиги “жүзүн сактап калуу менен” бул чечимди дүйнө жүзүнө жарыялоо жолдорун издеп жатат. “Эч ким бул тууралуу биринчи үн каткысы келбейт, бирок баары Олимпиада өткөрүү оор болорун түшүнүп турат”, – деген басылманын булагы.

Анда Эл аралык Олимпиада комитетинин башчысы Томас Бах азырынча Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарын жылдыруу жөнүндө кеп жок экенин айткан.

Апрелде Kyodo агенттиги жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, Жапонияда респонденттердин 72% Токиодогу Олимпиада оюндарынын токтотулушун же кийинкиге жылдырышын каалай турганын билдиришкен.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...

СПОРТ 2016-09-21  08:45

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...

СПОРТ 2016-09-21  08:52

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...

СПОРТ 2016-05-02  23:16

"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты

“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...

СПОРТ 2016-05-04  16:08

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...

СПОРТ 2016-05-05  10:08

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абад  шаарындагы “Динамо”  спорт  ордосунда Кыргызстандын  футзал  боюнча  Өлкө...

СПОРТ 2016-05-05  11:51

Жалал-Абад Динамо командасы  футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...

СПОРТ 2016-05-07  18:20