KELECHEK
rek

Жогорку Кеңеш чек арадагы окуяны жабык карап жатат

Жогорку Кеңеш чек арадагы окуяны жабык карап жатат

Kyrgyzstan - Bishkek - Jogorku Kenesh - Parlament 22 Nov 2018

Бүгүн 29-апрелде Жогорку Кеңеш чукул жыйынга чогулуп, кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяны жабык карап жатат. Бул тууралуу парламент депутаты Жанарбек Акаев “Азаттыкка” ырастады.

Айрым бир маалыматтарга караганда, анда президент Садыр Жапаровду парламентке чакыруу сунушталды, ошондой эле өкмөт башчы Улукбек Мариповду кызматтан алуу демилгеси көтөрүлдү.

"Азаттыктын" Баткендеги кабарчысынын айтымында, кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу токтой элек. Буга чейин төрт кыргызстандык жараат алып, ооруканага түшкөн. Тажикстандын чек ара мекемеси жети жаранына таш тийгенин билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына ылайык, Баткенде, кыргыз-тажик чек ара тилкесинде чыр чыккан жерде кырдаалды Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев көзөмөлдөп жатат.

Мекеменин маалыматына караганда, “29-апрелде саат 14.00дө Тажикстандын чек ара аскерлери жана Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы аскерлери Баткен облусунун Баткен районундагы Көк-Таш айылында жайгашкан "Головной" суу тосмо жайында миномет, пулемёт жана автомат менен жапырт аткылоо башташты.

Окуяга байланыштуу бүгүн, 29-апрелде Бишкекте активисттер митинг өткөрдү. Алар УКМКнын төрөгасы Камчыбек Ташиев элдин алдына чыгып кылдаалды түшүндүрүп беришин талап кылышты.

Атайын кызматтын төрөгасы Камчыбек Ташиев дарылануу үчүн өлкөдөн чыгып кеткенин бүгүн, түштөн кийин УКМКдан билдиришти.

28-апрелде чек арадагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы ("Головной") суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылышуу чыккан.

29-апрелде жергиликтүү бийлик Баткен районуна караштуу Ак-Татыр, Ак-Сай жана Самаркандек айыл аймактарын күчөтүлгөн тартипке өткөрдү жана Ак-Сайдын Көк-Таш айылынын айрым тургундарын Баткен шаарына чыгарып кеткенин билдирди.

"Азаттык" үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12