KELECHEK
rek

Москвада кыргызстандык эки секелек кыз өрттө набыт болду

Москвада кыргызстандык эки секелек кыз өрттө набыт болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Москвада кыргызстандык мигрант үй-бүлөнүн 4 жана 5 жаштагы эки кызы өрттө каза болду. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Назгүл Усубакунова алардын сөөгүн мекенине жөнөтүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

"Азаттык" кыздары набыт болгон Кеңешбек Калмурзаевдин бир тууганы Уулкыз Калмурзаева менен байланышты. Ал каргашалуу окуя 22-майда болгонун, ата-энеси балдарды сыртынан кулпулап, жумушка кеткен учурда өрт чыкканын айтты. Кырсыктын себеби азырынча белгисиз.

Алар Сузактын Жалгыз-Жаңгак деген айылдын тургундары. Кыргызстандагы туугандары окуядан кабардар.

Сөөктөр азырынча Москвадагы оорукананын өлүкканасында. Аларды мекенине жеткирүү үчүн жакындары элден жардам сураган. Москвадагы кыргызстандык мигранттардын уюмдары акча чогултууда.

Жардам берүү үчүн Уулкыз Калмурзаева эсебине (Сбербанк) каражат которсо болот: 4279 3806 7565 2913.

Байланыш телефону: +79309751711.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чет өлкөдө каза болгон мекендештердин сөөгү мамлекеттин эсебинен өлкөгө алып келинери тууралуу 25-майда расмий билдирүү тараткан.

"Азаттык" үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...

Орусия Өзбекстанга 7 миңдей камалган адамды өткөрүп берет

Орусия Өзбекстанга 7 миңдей камалган адамды өткөрүп берет

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев камактагыларды алмашуу туурасында келишимге кол...