KELECHEK
rek

Путин: Орусия кыргыз-тажик чек ара маселелерин чечүүгө көмөктөшөт

Путин: Орусия кыргыз-тажик чек ара маселелерин чечүүгө көмөктөшөт

Садыр Жапаров менен Владимир Путин, 24-февраль, 2021-жыл.

Орусия Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселелерин чечүүгө көмөктөшүү үчүн мүмкүн болгон бардык аракетти көрөт. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин 24-майда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушуусунда айтканын "TASS" жаңылыктар агенттиги кабарлады.

Аталган агенттик Жапаров Путинге кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга көңүл бурганы үчүн ыраазылык билдиргенин жазды.

Маалыматка ылайык, Сочиде өтүп жаткан жолугушууда Путин коронавируска каршы " "Спутник V" вакцинасын Кыргызстанда өндүрүү маселесин адистер изилдеп жатканын да кошумчалады.

Буга чейин кыргыз-орус президенттеринин жолугушуусунда чек ара маселесинен тышкары эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгү жана евразиялык аймактагы интеграциялык кызматташтык тууралуу сөз болоору кабарланган.

28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда Кыргызстанда 36 адам, тажик тараптан 19 адам курман болгон. Эки өлкө бул үчүн бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Орус президенти Путин бул окуяны тажик президенти Эмомали Рахмон менен 8-майда Москвадагы жолугушуусунда талкуулаган.

"Азаттык" үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12