KELECHEK
rek

Момбеков: “Коопсуз шаар” боюнча кытайлык компания менен келишимди токтотуш керек

Момбеков: “Коопсуз шаар” боюнча кытайлык компания менен келишимди токтотуш керек

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Министрлер кабинетин “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу боюнча кытайлык “Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd” компаниясы менен түзүлгөн келишимден чыгууга чакырды.

Эл өкүлү 25-майда парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында буга долбоорго тендер жарыялангандагы мыйзам бузуулар негиз болорун айтты.

Анын сөзүнө караганда, “Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd” Кытайдын банктарынан алган алты банктык кепилдиктин үчөө жасалма болуп чыккан. Ошондой эле Эсеп палатасы ишкана долбоорду ишке ашырууга өтө эле аз каражатты сунуштаганы шек жаратканын эскерткен.

“Тендер 5 миллиард 700 миллион сомго жарыяланган. Кытай компаниясы 2 миллиард 700 миллион сомго ишке ашырууну сунуштап 3 миллиард 173 миллион сомго аз көрсөтүп жатса ойлонуш керек да. Аларга айып пулдан түшкөн акча керек эмес. Бул компаниянын камералары автоунаанын номурун эле эмес, ичиндеги адамды да тааныйт”.

2019-жылы түзүлгөн келишимге ылайык, “Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd” компаниясы бир жыл аралыгында долбоорду ишке киргизүүгө милдеттүү болгон. Бирок, пандемиядан улам долбоор кечеңдегенине байланыштуу деп, 2020-жылдын аягында келишимдин мөөнөтү 2021-жылдын 18-июнуна чейин узартылган. Бирок компания бул аралыкта да иштерди толук баштаган эмес.

20-майда УКМК Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары, мурдагы санарип өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаевди “Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd” компаниясынан келишимди узартуу үчүн 2 миллион 600 миң сом талап кылган деген шек менен камакка алды. Дыйканбаев айыптоолорду четке кагып, кылмыш ишин “саясий буйрук” деп атаган.

2019-жылы “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы боюнча тендерди кытайлык “Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd” компаниясы жеңген. Сынакка катышкан “Вега” долбоорду ишке ашырууга 4 миллиард 802 миллион 338 миң сом, “Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd” 2 миллиард 654 миллион 558 миң сом, БИС ишканасы 5 миллиард 67 миллион 794 миң сом сунуштаган.

Долбоордун экинчи бөлүгү жети облусту, эки ири шаарды, 15 кичи шаарды жана 73 калк жашаган аймакты камтыйт.

Долбоордун биринчи баскычын орусиялык «Вега» концерни ишке ашырган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38