KELECHEK
rek

ЕБ лидерлери Лукашенконун режимине санкция салууну макулдашты

ЕБ лидерлери Лукашенконун режимине санкция салууну макулдашты

Европа Биримдигинин (ЕБ) лидерлери дүйшөмбү күнү кечинде Беларуска каршы санкциялар топтомун киргизүүнү макулдашты. Анын алкагында беларус авиациясына ЕБга мүчө 27 мамлекеттин аба мейкиндигин колдонууга тыюу салынды.

Евробиримдик Кеңеши альянстагы бардык авиакомпанияларды Беларус аймагында учууларды уюштуруудан оолак болууга чакырды.

23-майда ирландиялык "Ryanair" авиакомпаниясынын Афины-Вильнюс каттамындагы учагы “бомба бар” деген шылтоо менен аскердик учактын коштоосунда Минскинин аба майданына кондурулган. Натыйжада жүргүнчүлөрдүн арасындагы оппозициялык журналист, блогер Роман Протасевич жана анын сүйлөшкөн кызы камакка алынган. Мындан соң Европа лидерлери Лукашенко режимине санкция салуу чечимин бир добуштан колдошту.

ЕБ Кеңешинин билдирүүсүндө Роман Протасевич менен София Сапегини тезинен бошотуу талабы камтылган. Документте алардын ээн-эркин жүрүүсү камсыздалышы керек экени белгиленген.

Ошол эле маалда Брюссель Эл аралык жарандык авиация уюмун (ICAO) бул окуяны токтоосуз иликтөөгө чакырууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52