KELECHEK
rek

Ноокенде өспүрүм кыздардын сөйкөсүн чечип кетип жүргөн жаран кармалды

Ноокенде өспүрүм кыздардын сөйкөсүн чечип кетип жүргөн жаран кармалды

Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө Кочкор-Ата шаарынын 31жаштагы тургуну арыз менен кайрылган.

Ал өз арызында 2021-жылдын 19-май күнү саат болжол менен 13:00 чамасында 11 жаштагы кызы мектептен үйүнө бараткан учурда азиат келбетиндеги жашы болжол менен 30-35 чамасында болгон белгисиз киши, алдоо жолу менен кулагындагы 12 000 сомдук сөйкөсүн чечип алып кетип калгандыгын билдирген.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) менен катталып, Ноокен РИИБси тарабынан сотко чейинки өндүрүш ачылган.

Жогорудагы кылмыштын бетин ачуу максатында Ноокен РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан атайын тапшырма берилген. Анын негизинде Ноокен жана Сузак РИИБдеринин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери биргелешип жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, мурда бир нече ирет соттолгон Базар-Коргон районунун тургуну 1981-жылы туулган М.У. кармалган. Бул аталган жарандын башка дагы кылмыштарга тиешеси бар экени аныкталды. Анын ичинде Ноокен районунун аймагында 4, Сузакта 2, Өзгөн районунда 2 жаш өспүрүм кыздардын алтын сөйкөлөрүн чечип алып изин жашырып кеткендиги боюнча маалыматтар билинди.

2021-жылдын 25-май күнү шектүү КРнын ЖПКнин 98-беренесинин негизинде 48 саатка Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда анын башка кылмыш иштери боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул окуянын бети ачылган соң арыздануучу айым милицияга ыраазычылык билдирип, каалоо-тилектерин айтты.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...