KELECHEK
rek

Ата-Энелер комитети: “Кыргызстандын жараны Орхан Инанды табылсын!”

Ата-Энелер комитети: “Кыргызстандын жараны Орхан Инанды табылсын!”

Бүгүн, 2-июнь күнү “Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда өткөн маалымат жыйында «Сапат» билим берүү мекемесиинин Жалал-Абад шаарындагы лицейлеринин ата-энелер комитети аталган билим уянын президенти Орхан Инандынын дайынсыз жоголуп жатканына байланыштуу тынчсыздануу менен КР Президенти Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту.

Маалымат жыйында көп жылдар боюу билим берүү мекемелеринде иштеп келген ата-эне Токомбай Тургунбаев сөз сүйлөп, Орхан Инандынын дайынсыз жоголуп жаткандыгына тынчсызданып, анын Кыргызстанда эмгектенген өмүр жолуна токтолуп өттү.

- Эл аралык “Сапат” Билим берүү мекемеси 1992-жылы Кыргызстанда ачылган. Орхан Инанды Кыргызстанда 1995-жылдан бери эмгектенет.  2001-жылдан бери “Сапат” Эл аралык  Билим берүү мекемесинин президенти болуп эмгектенип келе жатат. Билим берүүгө салынган инвестициянын деңгээли өтө жогору. Жалал-Абад шаарындагы Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейи 1993-жылы ачылган. Ошондон бери 2106 бүтүрүүчү аяктаган. Мындан сырткары, Зуура Нурматова атындагы Жалал-Абад кыздар лицейинен 760 кыз билим алышкан. Бул лицейлердин бүтүрүүчүлөрү Америка, Польша, Венгрия, Кытай, Түштүк Корея, Малайзия, Тайван, Казакстан жан Россия сыяктуу алдыңкы өлкөлөрдүн жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билимин улантышууда. Дүйнөлүк олимпиадаларга Кыргызстандан катышкан 15 окуучу алтын медалга, 16 окуучу күмүш медалга, 28 окуучу коло медалга ээ болгон. Республикалык олимпиадага катышкан 75 окуучу 1-орунга, 54 окуучу 2-орунга, 50 окуучу 3-орунга жетишкен. Алтын сертификатка ээ болгон окуучулар - 16, “Алтын тамгага” – 205 окуучу, өзгөчөлөнгөн күбөлүккө – 248 окуучу ээ болгон.

Бизде да көптөгөн лицейлер, окуу жайлар бар. Алар да ийгиликтерге жетишип жатышат, бирок “Сапат” лицейлериндеги жетишкен ийгилктери караганда аларга саналуу гана, аны биз ачык эле айтышыбыз керек.

Мекеменин курамында 16 лицей, 1 университет, 1 Эл аралык мектеп, 3 толук эмес жалпы билим берүү мектептери иштеп жатат. Алардын жаңы окутуу технологиялары менен жабдылышына, педагогдордун кесиптик чеберчилигинин, чыгармачылыгынын өсүшүнө шарт түзүп келе жатат.

Кыргыз Республикасынын билим берүү системасына кошкон салымы үчүн Орхан Инанды 2002-жылы “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги” төш белгиси, КР Ардак Грамотасы жана 2003-жылы “Даңк” медалы менен сыйланган. Илим жаатында да алгылыктуу ийгиликтерге жетишип келген. Педагогика илимдеринин кандидаты. Эске сала кете турган болсок, Орхан Инанды Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат. Ушундай адамга карасантайлык менен мамиле кылгандыгы, Кыргызстандын бакубат жашоосуна чыккынчылык жасоо менен барабар. Ошол себептен, Орхан Инанды аман-эсен табылсын!, - деди ардагер мугалим Т.Тургунбаев.

Ошондой эле, маалымат жыйында «Сапат» билим берүү мекемесиинин Жалал-Абад шаарындагы лицейлеринин ата-энелер комитетинин төрагасы Уламсабыр Акматов сөз сүйлөп, Орхан Инандынын дайынсыз жоголушун өтө тынчсыздануу менен кабыл алышканын билдирип, КР Президенти Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду.

- Урматтуу, Садыр Нуркожоевич! Биз, «Сапат» билим берүү мекемесиинин Жалал-Абад шаарындагы лицейлеринин ата-энелер комитети, биздин балдарыбыз билим алган куттуу билим уясынын Президенти Орхан Инандынын дайынсыз жоголуп жатканына тынчсыздануу менен Сизге кайрылабыз!

Биздин балдарыбызга сапаттуу билим-тарбия берүүдө “Сапат” лицейлеринин кызматы баа жеткис болууда. Муну Эл аралык жана республикалык олимпиадалардын жыйынтыктары далилдеп турат. Билимдүү балдарыбызды Дүйнөлүк аренага чыгаууга опол тоодой кызмат өтөгөн Орхан Инанды агайдын белгисиз себептерден улам жоголуп жатканы Эгемен, эркин өлкөнүн жараны катары бизди абдан кооптондурууда. Биз үчүн акыркы окуялар “Сапат” мекемесин саясатка аралаштырууга аракеттер болуп жаткандай таасир калтырууда. Урматтуу, Президент! Отуз жылдан бери сапаттуу билим берүү системасын курууга жетишкен жамаатты жана мекемени саясатка аралаштыруу биздин балдарыбыздын келечеги үчүн абдан кооптуу деп эсептейбиз.

Урматтуу Президент! Өлкөбүздүн билим берүү тармагын эл аралык стандартка чыгарууга бараандуу салым кошкон кыргыз жараны Орхан Инанды агайды аман-эсен таап, коопсуздугун камсыздап берүүңүздү суранабыз! Сизге ишеним жана үмүт артып, урамттоо менен Жалал-Абад “Сапат” лицейлеринин ата-энелер комитети.

Анархан Жаңыбаева, www.kogart.kg

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13