KELECHEK
rek

Улуттук банк Кумтөрдүн алтынын сатып алуу жөнүндө келишим түзүлбөгөнүн билдирди

Улуттук банк Кумтөрдүн алтынын сатып алуу жөнүндө келишим түзүлбөгөнүн билдирди

Улуттук банк алтын сатып алуу боюнча "Кумтор Голд Компани" менен келишим түзгөн эмес. Бул тууралуу "Азаттыкка" банктын маалымат кызматы билдирди.

Улуттук банк билдиргендей, алтын валюта резервинин көлөмүн толтуруу саясатынын алкагында банк жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн алтын сатып алат. Операция алтын өндүрүүчү менен Улуттук банктын ортосунда түзүлгөн башкы келишимдин негизинде жүрөт. Бирок "Кумтор Голд Компани" менен Улуттук банк бул багытта келишим түзгөн эмес.

Буга чейин компаниянын тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк мындан ары кенде өндүрүлгөн бардык продукцияны Улуттук банк сатып аларын билдирген.

Кыргызстан быйыл май айында Кумтөрдөгү экологияга келтирилген зыян жана салыкка байланыштуу канадалык компанияга 4,2 миллиард доллардай доо койгон. Аны улай кыргыз өкмөтү 17-майда "Центеррага" таандык "Кумтөр Голд" компаниясына тышкы башкаруу киргизген. Канадалык компания дооматтарды четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган. Бийлик мындан ары алтын экспортко чыкпай турганын, Кумтөрдүн бардык продукциясын Улуттук банк сатып аларын айткан.

"Кумтор Голд Компани" өндүрүш көрсөткүчтөрү тууралуу отчетторун жарыялабай калды. Компания мурда 2021-жылы 15 тонна алтын өндүрөрүн жарыялаган. Былтыр Кумтөрдө 17 тонна алтын өндүрүлгөн.

Буга чейин "Кыргызалтын" ишканасына таандык Кара-Балтадагы аффинаждоочу заводдо иштелип чыккан алтын куймалары дүйнөдөгү Good delivery (ишеничтүү жеткирүүчү) макамы менен эч тоскоолдуксуз сатылып келген. Good delivery – дүйнөдөгү алтын базарындагы белгилүү марка десек болот.

Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы "Кыргызалтындын" аккредитациясын 17-сентябрдан тарта токтотконун, буга июнь айында алтын аффинаждоочу "заводдогу алдамчылыкка шек саноодон" улам текшерүү себеп болгонун билдирген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38