KELECHEK
rek

ТИМ БУУга Кыргызстандын алыскы 1000 айылын колдоону сунуштады

ТИМ БУУга Кыргызстандын алыскы 1000 айылын колдоону сунуштады

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 21-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында уюмдун баш катчысынын орун басары Кортни Раттрей менен жолукту.

Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, жолугушуунун жүрүшүндө Руслан Казакбаев Кыргызстан эл аралык аренада деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгүн жок тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын активдүү коргоп келээрин белгиледи. Буга байланыштуу министр Кыргызстандын алыскы 1000 айылын колдоо демилгесин көтөрүп, кыргыз тарап эл аралык коомчулуктун колдоосу менен аларды "өнүгүүнүн ордосуна" айлантууга ниеттенип жатканын айтты.

Руслан Казакбаев келечекте бул дүйнөдөгү тоолуу аймактарды колдоонун ийгиликтүү модели болуп калат деген ишенимин билдирди. Мындан тышкары ал Кыргызстан "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгын" демилгелеп жатканын, мындан улам БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында 2022-жылды Эл аралык тоолор жылы деп жарыялоо тууралуу резолюцияны сунуштоого ниеттенип жатканын кошумчалады.

Өз кезегинде Кортни Раттрей Кыргызстанга тоолорду өнүктүрүү жана COVID-19 пандемиясын жеңүүгө жардам берүүгө, ошондой эле өз мандатынын алкагында Бишкек менен кызматташууга даяр экенин билдирди.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12