KELECHEK
rek

Алматы бийлиги активисттердин согушка каршы митинг өткөрүүсүнө уруксат берген жок

Алматы бийлиги активисттердин согушка каршы митинг өткөрүүсүнө уруксат берген жок

Алматы шаардык акимчилиги жарандык активисттерге Украинадагы согушка каршы митинг өткөрүүгө уруксат берген жок. Бул тууралуу 17-мартта активист Альнур Ильяшев Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, өткөн жумада митингдин уюштуруучулары 19-мартта Шокан Уалиханов атындагы сейил бакта согушка каршы акция өткөрө тургандыктары жөнүндө арыз беришкен.

"Акимчилик митингге уруксат бербөө чечимин 19-мартта аталган сейил бакта жакында эле "Нур Отан" деген аталышын "Аманат" деп өзгөрткөн бийликтин партиясынын иш-чарасы өтө турганы менен түшүндүрүүдө. Жоопко ылайык, ал иш-чара эртең мененки 10до башталып, кечки саат жетиде аяктайт экен", - деди Ильяшев.

Ал акимчилик митинг өткөрүүгө башка аянтты сунуштабагандыктан, бул чечимде саясий мотив болушу мүмкүн деп болжолдоп жатканын билдирди. Анын айтымында, уюштуруучулар Алматыда согушка каршы митинг өткөрүү үчүн дагы бир жолу арыз берүүнү пландап жатышат.

Акимчиликтин Коомдук өнүгүү башкармалыгынын жетекчи орун басары Айдар Есенбеков жарандык активисттерге эмнеге башка аянт сунушталбаганы тууралуу суроого жооп берүүдөн баш тартты.

25-февралда Орусиянын Алматыдагы консулдугунун алдында ондогон кишинин катышуусунда согушка каршы пикет өткөн. Анда акцияга чыккандар кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилген. Февралдын аягында Алматыдагы Тарас Шевченконун эстелигинин алдында Украинаны колдогон дагы бир митинг өткөн. Анын катышуучулары Орусия Украинадан аскерлерин чыгарып кетиши керек экенин айтышкан.

Бийликтин уруксаты менен 6-мартта өткөн Украинаны колдоо митингине бир нече миң киши катышкан. Анда "Путин, Гаага, түрмө!" "Согушка жол жок!" жана "Жашасын Украина!" деген ураандар айтылган.

16-мартта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өз пикирин айтуу укугун пайдаланууда жарандарга "жаңы жеңилдиктер" болбой турганын белгилеп, азыр "митинг уюштура турган мезгил эмес экенин" билдирген.

Казакстандын бийлиги Украинадагы окуяларды расмий түрдө согуш деп атабай келет. Мындан тышкары өлкө жетекчилиги Орусиянын куралдуу агрессиясын расмий айыптаган жок — Нур-Султан Москванын согуштук аракеттерин айыптаган БУУнун резолюциясы кабыл алынганда добуш берүүдөн карманган өлкөлөрдүн катарында болгон.

Казакстанда 2020-жылдан бери иштеп келаткан мыйзамга ылайык, жарандар демонстрация, митинг же пикет өткөрүү үчүн алгач жергиликтүү аткаруу органдарына — акимчиликтерге кабар бериши керек. Казак бийлиги бул мыйзамдын кабыл алынышын "коомдун демократияланышына болгон чоң кадам" деп атаган. Бирок активисттер көпчүлүк учурларда акимчиликтер түрдүү шылтоолор менен жыйындарды өткөрүүгө уруксат бербей коюшарын айтып келишет.

Укук коргоочулар бул мыйзам эл аралык стандарттарга каршы келерин билдирип, бир катар пункттары боюнча мурдагы мыйзамдан да катаал болуп калганын белгилешкен.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13