KELECHEK
rek

Президент 1 млн кг кумшекер жана 500 тонна өсүмдүк майын камдап коюуну тапшырды

Президент 1 млн кг кумшекер жана 500 тонна өсүмдүк майын камдап коюуну тапшырды

Азык-түлүктүн кескин кымбаттап жатканына байланыштуу президент Садыр Жапаров 1 миллион килограмм кумшекердин жана 500 тонна өсүмдүк майынын запасын даярдап коюуну тапшырды.

15-мартта өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Кыргызстанда кумшекер менен өсүмдүк майынын баасы арзандай турганын билдирди.

Анын сөзүнө караганда, 1 миллион килограмм кумшекер өлкөдөгү соода уюмдарына таратылып жатат жана бир килограммы 70 сомдон болот. Ошондой эле 500 миң литр өсүмдүк майы да таратылып бир литри 130 сом деп белгиленди.

"Орусия менен Украинадагы абалдан улам биздин жарандар азык-түлүк коопсуздугуна кабатыр болууда. Акыркы үч күндөгү дүрбөлөң тез эле өлкөгө жайылып кетерин көрсөттү. Дүкөндөрдө кумшекер калбай калды. Биз текшергенде дүңүнөн соода кылгандарда кумшекер бар экен. Болгону дүкөндөргө гана түгөнүп калган. Ушундан улам бир килограмм кумшекер 100 сомго, мүшөгү 5 миң сомго чейин чыккан", - деди Ажикеев.

Өткөн аптада Бишкектеги чоң супермаркеттер айрым негизги товарларды сатууда чектөөлөрдү киргизип, бир адамга чектелүү гана өлчөмдөгү товар сатыла баштаган. Базарларда, ири дүкөндөрдө кумшекердин, өсүмдүк майынын баасы кымбаттаган.

Өкмөт Кыргызстанда беш айга жете турган кумшекер менен өсүмдүк майы бар экенин билдирип, элди дүрбөлөң түшпөөгө чакырган.

Орусия 24-февралда Украинада согуш баштагандан бери доллар кескин кымбаттап, Орусияга карата катаал экономикалык санкциялар киргизилүүдө. Орусиянын өкмөтү Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөргө дан азыктарын жана кумшекерди экспорттоого 31-августка чейин тыюу салды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38