KELECHEK
rek

УКМК кыргызстандык чек арачы сабалганын маалымдады

УКМК кыргызстандык чек арачы сабалганын маалымдады

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз аскерин Тажикстандын чек арачылары сабаганын 22-мартта билдирди.

Чек ара кызматы тараткан маалыматка ылайык, 19-мартта Лейлектин Сада аймагында кызмат өтөп жаткан жоокер чек арада белгисиз автоунаа турганын байкаган. Ал машинени кармоого аракеттенип тажик чек арачылары кароолдо турган аймакка өтүп кеткен. Коңшу өлкөнүн чек арачылары аны кармап кеткен. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин ал Кыргызстанга өткөрүлүп берилген.

Маалыматка караганда, бошотулгандан кийин анын башы жарылып, сыйрылган жана кийими канга боёлгон абалда болгон. Ал тажик чек арачылары менен мушташ болгонун айтып берген.

Учурда жоокердин саламаттыгы туруктуу, ал ооруканада дарыланып жатат. Чек ара кызматынын билдирүүсүндө, окуя боюнча териштирүү жүрүп жатат. Тажикстандын расмий органдары комментарий бере элек.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы ымала 2021-жылдын апрель айынын аягындагы кандуу окуядан кийин муздап кеткен. Андагы жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши каза болуп, 154 киши жаракат алган. Тажикстан тараптан 19 киши мерт болуп, 87 адам жабыркаган. Эки тарапта тең ондогон үйлөр жана башка объектилер өрттөлгөн.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжал быйыл 27-январда да катталды. Кыргызстандан жалпысынан 13 адам жараат алса, Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны набыт болуп, дагы 10 адам жараат алганын кабарлады. Бишкек менен Душанбе окуялар үчүн бири-бирин айыптаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53