KELECHEK
rek

БУУнун баш катчысы Украинадагы "маанисиз согушту" токтотууга чакырды

БУУнун баш катчысы Украинадагы

Антониу Гутерриш

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Орусия баштаган Украинадагы "маанисиз согушту" токтотууга чакырды.

22-мартта Нью-Йорк шаарында журналисттер менен сүйлөшкөн Гутерриш бул кагылышууда жеңүүчү болушу мүмкүн эмес экенин белгилеп, бейкүнөө адамдар гана өлүп жатканын айтты.

"Украинадагы согуштун уланышы моралдык жактан кабыл алынгыс, саясий жактан өзүн актабайт жана маанисиз. Мариуполь багынып берген күндө да Украинаны шаардын артынан шаарды, көчөнүн артынан көчөнү, үйдүн артынан үйдү басып алуу менен багындыра алышпайт. Эртеби-кечпи тараптар согуш талаасынан сүйлөшүүгө өтүшү керек. Бул маанисиз согушка чекит коюу зарыл", - деди баш катчы.

Орусия Украинада 24-февралда согуш баштаган. Азырынча эки тараптуу сүйлөшүүлөр натыйжа бере элек. Согуш башталгандан бери Украинада жүздөгөн адам каза болуп, 3 миллиондон ашык адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52