KELECHEK
rek

Орусиянын Бажы кызматы кыргыз айдоочуларынан жүктөлгөн товарларды түшүрүү талап кылынып жатканын четке кагууда

Орусиянын Бажы кызматы кыргыз айдоочуларынан жүктөлгөн товарларды түшүрүү талап кылынып жатканын четке кагууда

Орусиянын Федералдык бажы кызматы Кыргызстандан барган жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларынан жүктөлгөн товарларды түшүрүү талап кылынып жатканын четке какты. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, бул маселе боюнча Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасы Орусиянын Бажы кызматынын жетекчилиги менен телефондо сүйлөшкөн.

"Орус тарап "Маштаково" бажы бекетиндеги товарларды түшүрүү операцияларына Орусиянын Бажы кызматынын эч кандай тиешеси жок экенин, бүгүнкү күндө Кыргызстандан Орусияга импорттолуп жаткан айыл чарба продукциясына жана башка товарларга "жашыл коридор" иштеп жатканын жана мобилдик топтор мындай товарларды текшербегенин" белгиледи", - деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Өткөн жумада соцтармактарга Орусиянын бажы кызматкерлери Кыргызстандан барган жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларынан жүктөлгөн товарларды түшүрүүнү талап кылып, болбосо өлкө аймагына өткөрбөй жатышканы тартылган видеолор жарыяланган.

17-мартта Кыргызстандын Москвадагы элчилиги товарларды мажбурлап түшүртүү көрүнүшү Казакстан менен Орусиянын Оренбург облусунун чек арасындагы "Маштаково" постунда болуп жатканын билдирип, кыргызстандыктардын укугун коргоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканын маалымдаган.

Кыргызстан менен Орусия Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү. Бул уюмга мүчө мамлекеттердин ортосунда товарлар эркин жүгүртүлүшүнө шарт түзүлүшү керек. Бирок адистердин айтымында, Орусия уюмдагы өнөктөштөрүнө карата маал-маалы менен айрым чектөөлөрдү киргизип келет. Буга чейин Россельхознадзор фитосанитардык көзөмөлдүн талаптарына жооп бербейт деген жүйө менен Кыргызстандын жашылча-жемиштерин Орусиянын аймагына киргизбей койгон учурлар болгон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38