KELECHEK
rek

Украинада согуш башталгандан кийин Орусия мамлекеттик ЖМКларды каржылоону көбөйттү

Украинада согуш башталгандан кийин Орусия мамлекеттик ЖМКларды каржылоону көбөйттү

Орусия Украинага согуш ачкандан бери орус мамлекеттик маалымат каражаттарына кеткен чыгым кескин көбөйдү. Бул тууралуу The Moscow Times басылмасы Финансы министрлигине шилтеме кылып жазды.

Статистикага караганда, ушул жылдын үч айында маалымат каражаттарына дээрлик 17,5 миллиард рубль (болжол менен 212 миллион доллар) бөлүнгөн. Былтыркы жылдын ушул эле мөөнөтү менен салыштырганда, бул үч эсеге көп. Анын 12 миллиарды мартта эле жумшалган.

The Moscow Times жазгандай, быйыл маалымат каражаттарына 115 миллиард рубль бөлүнмөк. Анын 29 миллиарды RT мамлекеттик каналын башкарган "ТВ-Новости" коммерциялык эмес уюмга, 25 миллиарддан ашыгын Бүткүл орусиялык теле радио корпорациясына (ВГТРК) жумшоо каралган.

Украинага басып кирген 24-февралдан бери Орусияда цензура күчөдү. Согуштун алгачкы күндөрүнөн баштап Роскомнадзор армиянын согуштук аракеттери тууралуу маалыматтарды алып салууга көрсөтмө берип, бийлик көз карандысыз жергиликтүү жана чет өлкөлүк басылмалардын, арасында Радио Свободанын, DW, Би-би-си, "Медузанын" сайттарын жапкан. "Дождь" телеканалы блоктолгондон кийин өз ишин токтотконун билдирген, "Эхо Москвы" радиосу жабылып калды. "Новая газета" эки ирет эскертүү алгандан кийин ишмердигин убактылуу токтотту.

Орус армиясынын аракеттери тууралуу жалган маалымат таратуу жөнүндөгү жаңы мыйзамдын алкагында бир нече журналистке каршы кылмыш иштери козголду.

Москва кошуна өлкөгө кол салууну "атайын операция" деп атап, согуш деп айтууга тыюу салган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...