KELECHEK
rek

Түркмөнстанда ботокс жасатууга жана тырмак чаптатууга тыюу салынды

Түркмөнстанда ботокс жасатууга жана тырмак чаптатууга тыюу салынды

Мары облусунун Байрамали шаарында укук коргоо кызматкерлери сулуулук салондорду кыдырып, кыз-келиндерге айрым косметикалык кызматтарды көрсөтүүгө тыюу салынганын эскертүүдө.

"Алар [тартип сакчылары] ботокс жасоого, беттеги бырышты жазууга, кирпик өстүрүүгө жана жасалма тырмак чаптоого тыюу салып жатышат", - деди салондордун биринин кызматкери.

Ал укук коргоо органдары тыюу салууну тастыктаган документтерди көрсөтпөгөнүн жана себебин түшүндүрүп беришпегенин кошумчалады.

"Ошол эле маалда алар эрежени бузган жана жогорудагы кызматтардан колдонгон аялдар кармалып, 300-500 манат айып пулга жыгыларын эскертип жатышат. Тартип сакчылары мындай кызмат көрсөткөн салондордун мастерлерине 500-1000 манат айып пул салынарын же 15 суткага чейин камаларын билдирүүдө", - деди салондун кызматкери.

Түркмөнстанда көп жылдардан бери аялдарга сулуулук салондорунун айрым кызматтарын колдонууга тыюу салынып келет. Адатта өкмөттө жогорку кызматтагы аткаминерлер, анын ичинде ички иштер министри алмашкан маалда тыюу күчөйт.

Былтыр июлда Лебап облусунун полициясы чыпташкан шым же юбка кийген, чачын сарыга боёткон аялдарды кармаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13