KELECHEK
rek

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Премьер-министринин орун басары – инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаковду кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Премьер-министринин орун басары – инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаковду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-апрелде, Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умурзаковду кабыл алды.

Мамлекет башчысы Өзбекстан Кыргызстандын абдан маанилүү тышкы саясий жана стратегиялык өнөктөшү экенин ырастады. Эки боордош элди көп кылымдык достук жана жакшы коңшулук байланыштары, жалпы тарыхы, маданиятынын, каада-салттарынын, тилинин жана руханий баалуулуктарынын жакындыгы байланыштырып турат.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров Өзбекстан менен мамлекеттер аралык мамилелерди жана көп кырдуу кызматташууну ар тараптуу өнүктүрүүнү жактады.

Мамлекет башчысы Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин үстүбүздөгү жылдын май айынын аягында күтүлүп жаткан жооп сапарын канааттануу менен белгилеп, жогорку деңгээлдеги кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрү боордош өлкөлөр ортосундагы мамилелерди өз ара кызматташтыктын бардык тармактарында өнүгүүнүн  кезектеги сапаттык жаңы деңгээлине чыгарарына ишенимин билдирди.

Ошол эле учурда Президент Садыр Жапаров өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун ачылышын кубаттап, анын ишмердүүлүгү эки өлкөнүн ишкерлеринин соода-инвестициялык байланыштарын кеңейтүүгө көмөктөшүүсүн каалады.

Өз кезегинде Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков Мамлекет башчысына өлкө Президентинин тапшырмасы менен анын Кыргызстанга сапарын даярдоо максатында Бишкекке келгенин билдирди.

Сардор Умурзаков жакшы коңшулук, ишеним жана стратегиялык өнөктөштүк маанайында өзбек-кыргыз мамилелерин жана кызматташуусун мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даярдыгын жана кызыкдар экенин ырастады.

Ал ошондой эле өзбек-кыргыз өнүктүрүү фонду эки боордош мамлекеттин соода-экономикалык кызматташтыгын арттыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12