KELECHEK
rek

Тажикстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдында митинг өттү

Тажикстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдында митинг өттү

Бишкекте 14-апрелде Тажикстандын элчилигинин алдында он чакты жарандык активист нааразылык акциясына чыгышты. Алар тажик президенти Эмомали Рахмонду айыптап, "Рахмон чыккынчы" деген сөздөрдү айтып, чек ара жаңжалында курман болгон кыргызстандык балдардын сүрөттөрүн, өлкөнүн желегин кармап турушту.

Милиция кызматкерлери айрым жазууларды "агрессивдүү маанайда" деп баалап, көтөрүп чыгууга болбой турганын эскертти.

Мунун алдында, 13-апрелде президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы соңку чатакка байланыштуу үн каткан. Ал Фейсбуктагы баракчасына өлкө демократиялык жолдон тайбай турганын, сөз эркиндиги, адам укугу сөзсүз сакталарын билдирип, ошол эле учурда коңшу мамлекет тууралуу маалымат жазарда этият болууну эскерткен.

“Бирок жалпы журналисттерден, өздөрүн блогер деп эсептеген жарандарыбыздан бир нерсени суранам. Кошуна мамлекеттер менен болгон чыр-чатактарда маалыматты өзүңөр каалагандай бурмалап жана алардын жетекчилерин мазактап, ар кандай видео-фотоматериалдарды таратканды токтоткула. Бул кылыгыңар моралдык этикага туура келбейт. Мындай кылыгыңар менен абалды ого бетер курчутканга, эки элди кайраштырууга түрткү болуп жатасыңар. Ооба, чек ара көйгөйү бар. 30 жылдан бери чечилбей келген маселе. Абдан кылдаттыкты, кыраакылыкты талап кылат. Такташуулар жүрүп жатат. Миңдеген километр такталбаган жерлер бар. Убакыт керек. Кудай буюрса, менин президенттик мөөнөтүм бүткүчө, бул маселени чечип кетем деген ниетим бар”, - деп жазган Садыр Жапаров.

Кыргыз-тажик чек арасында 12-апрелде ок атылган окуя катталган. Кыргызстандын Чек ара кызматы бул окуяга байланыштуу 13-апрелде кечке жуук сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы өткөнүн билдирди. Ага кыргыз тараптан Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев баштаган топ катышты. Ал эми тажик делегациясынын жетекчиси Чек ара кошуундарынын башчысы Ражабали Рахмонали болду.

Анда тараптар чек арага тартылган кошумча күчтөрдү жана каражаттарды кайра кайтарууну улантууну, бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө үчүн тиешелүү органдардардан турган комиссия түзүүнү макулдашты. Ошондой эле күзөтчүлөрдүн каттамын тактоо үчүн эки өлкөнүн чек арачыларынан турган жумушчу топ түзүлөт.

13-апрелде сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы алгач Тажикстандын “Овчи-Калача” көзөмөл өткөрүү бекетинде өткөн, андан кийин тараптар ок атышуу болгон аймакта - Лейлек районундагы Селкана тилкесинде жолуккан.

12-апрелдеги ок атышууда Кыргызстандын алты жараны жараат алганы белгилүү болду. Саламаттык сактоо министрлиги Раззаков шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун хирургия бөлүмүндө төрт киши жатканын билдирди. 23 жаштагы аскер кызматкеринин санына жана таманына октун бөлүктөрү тийген. 30 жаштагы тургун да тизесинен жараат алган. Алардын абалы орточо оор деп бааланууда. 20 жаштагы дагы бир аскер кызматкери тизесинин булчуңун чоюп алса, 50 жаштагы адамдын оң жак жамбашына октун чачырандысы тийген. Экөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

“Азаттыктын” тажик кызматы чырда жараат алган Тажикстандын 27 жаштагы чек арачысы 13-апрелде ооруканада каза болгонун жазган.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13