KELECHEK
rek

“Кан-Ачуу” мамлекеттик жаратылыш паркы өнүгүү жолунда!

“Кан-Ачуу” мамлекеттик жаратылыш паркы өнүгүү жолунда!

Кыргыз Республикасынын демилгеси боюнча жана 93 мүчө-мамлекеттин тең авторлоштугунда 2021-жылдын 16-декабрында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тийиштүү резолюцияны бир добуштан жактырып, 2022-жылды “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү Эл аралык жылы” деп жарыялады.

“Тоолорду туруктуу өнүктүрүү Эл аралык жылына” карата Кыргызстандын негизги биологиялык ар түрдүүлүгү, уникалдуу жаныбарлары жана өсүмдүктөрү өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары боюнча тааныштырууну туура көрдүк. Анда эмесе сөз Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда жайгашкан “Кан-Ачуу” мамлекеттик  жаратылыш паркы жөнүндө төмөндө кеңири маалымат бермекчибиз.

«Кан-Ачуу» мамлекеттик жаратылыш паркынын түзүлүшү 

«Кан-Ачуу» мамлекеттик жаратылыш паркынын (МЖП) 2015-жылдын  11-сентябрында  Кыргыз Республикасын Өкмөтүнүн № 630чу Токтомунун негизинде түзүлгөн. Жалпы аянты – 30496,5 га жерди ээлейт. Анын ичинен коруктук аймак - 1076,9 га, экологиялык стабилдик аймак - 4383,6га, рекрациялык аймак - 3053,2 га, өндүрүштүк аймак - 12297,8 га жерди түзөт. «Кан-Ачуу» МЖПда жалпы 16 кызматкер эмгектенет.

Маршруттук жолдору:

  1. Эки-Чат Өрөөнү;
  2. Байдамтал ашуусу аркылуу;
  3. Көк-Бел ашуусу;
  4. Капка-Таш өрөөнү аркылуу.

«Кан-Ачуу» мамлекеттик жаратылыш паркынын (МЖП) директору Эмил Турдалиевдин берген маалыматына караганда,  парктын негизги максаты - жаратылыш комплексин коргоо, жоголуп бара жаткан өсүмдүктөрдү жана жапайы жаныбарларды сактап калуу болуп саналат. Аларды рационалдуу пайдалануу, о.э. жаратылыш генафондусун сактоо, экологиялык абалын жакшыртуу, биосфера, гиосфера, айрыкча флора жана фаунаны коргоо  максатында уюшулган.

- “Кан-Ачуу” мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагындагы эң кооз табигый жаратылышы, көгүлтүр асман менен ала булут каптаган ак мөңгүлүү тоолору, көк тиреген зоолорунда калкып учкан бүркүттөрү, таң эрте кайберендин шаңшыганы, таза тунук күр-шар этип аккан тунук суулары комуздун добушундай мукам үн чыгарып, кулагыңа жаңыргансыйт. Кан-Ачуу жергеси негизинен аскалуу тоолорго мүнөздүү жана бийик-бийик дөңсөөлөрдөн турат жана ортосунан чоң Кан-Ачуу суусу жарып өтүп, чытырмандуу токой каптаган арча бадалдар, долоно шилбилер, чычырканак баскан калың токой курчап турат. Табияттын мындай сыйкыр күчүнө бир карап, көз чаптырып караган адамга өзүнчө бир рахат тартуулайт.

Бул мамлекеттик жаратылыш паркы экинчи категорияда турат, негизинен көп жылдык убакытка түзүлгөн бирден-бир жаратылыш комплекси болуп саналат. Жаратылыш парктын келечектеги узак мөөнөттөгү чоң максаттары, жаныбарлар байырлаган жашоосуна ыңгайлуу шарт түзүү, аларга антропогогендик (адамдардын) факторлордун терс таасирине жол бербөө үчүн, толук кандуу түрдө күрөшүү, о.э. өсүмдүктөрдүн дүйнөсүн жоготуу коркунучун болтурбоо үчүн, өрт коопсуздугун алдын алуу иш чараларды өткөрүп туруу планы каралууда. Чет элдик туристердин кызыгуусун арттуруу үчун, маалымат баракчалары интернет беттерине жарыяланат, - дейт директор Э.Турдалиев. 

“Кан-Ачуу” МЖПнын уюштурулушу менен Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине кирген – ак илбирстин, күрөң аюунун, сулөөсүндүн, бүркүттүн, көк жору, таз кара, кумайдын жана башка жаныбарлардын корголуп калышына мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул район флора жана фаунага бай. Кыргызстанда эндемикалык болуп эсептелинет: бырыштуу кырдакурук, саргыч бакалоорчек, ткаченко долоносу жана башка көптөгөн түрлөр таралган.

Жаратылыш паркынын аймагында өсүмдүктөрдүн 343 түрүн кезиктүрүүгө болот. Кыргыз Республикасынын Кызыл Китебине киргизилген өсүмдүктөрдүн ондон ашык турү өсөт. Изилдөө иликтөө иш чаралары жаз-жай айларында жүргүзүлгөндүктөн, эрте же кеч өсүүчү өсүмдүктөр толук изилдене элек. Омурткалуулардын 117 түрү байырлайт. Анын ичинен бир жерде-сууда жашоочулар, эки сойлоп жүрүүчүлөр, 92 канаттуулар, 22 сүт эмүүчүлөрдүн түрлɵрү аныкталган. Жаратылыш аймагында кызыл китепке кирген 9 эндемикалык ɵсүмдүктүктүн түрлɵрү жана  кызыл китепке кирген “Кан-Ачуу” мамлекеттик жаратылыш паркынын териториясында 4 ɵсүмдүктүн түрү да аныкталан.

Токойдун “Кан-Ачуу” деп аталып калышы тууралуу айтылган уламыштар

Жаратылыш паркынын аймагындагы өзгөчө шаркыратмалар, табышмактуу  мазарлар, үңкүрлөр туурасында  угуп жүрөбүз.  Бул токойдун “Кан-Ачуу” деп аталып калышы да жөн жерден эместир? - дейт парктын директору Эмил Турдалиев.

Анын айтымында, “Кан-Ачуу” жаратылыш паркы толук изилдене элек. Бул аймакта дагы көптөгөн кубулуштар бар. Эл арасында Кан-Ачуу жерин кенен билген жергиликтүү тургундардын жана  элдик уламыштарга караганда, Кан-Ачуу жеринин  өтө сырдуу табияты менен кошо ар түрдүү уламыштар айтылат. Ал уламыштардын биринде,  ушул жерде согуш болуп көп адамдар кыргынга учураган делет. Кан-Ачуу деп аталып калгандыгынын бир сыры ушунда. Дагы бир уламышта эл башкарган хан жоортулда жүрүп кардын алдында калып калат. Кардын астынан кутулуп  чоң ашуу аркылуу өзүнүн жатагына барууда бир топ азапты көрүп, кыйынчылык менен ашып түшкөндүгүнө байланыштырып Кан-Ашуу деп айтылып калган делет. 

Согонду деген жерде бир нече адамдар курман болгон. Илгери ошол жерде кербенчилер өткөн учурда, жергиликтүү тургундардын жашоочулары каракчылык кылып бир канча адамды өлтүрүп ар кайсы жерге корумдай беришкен. Ал жерде бейиттер бар. Ошондуктан “Согонду мазары”- деп аталып калган.

“Бул токойдо табышмактуу жана сырдуу  үңкүрлөр көп кездешет. Элдик уламышка айланган “Лөлү өлөт”- деген үңкүр бар. Илгери лөлүлөр Кан-Ачуу  аркылуу ашып баратып катуу суукта тоңуп курман болушкан. Ошондуктан бул үңкүр “Лөлү өлөт”- деп аталып калган. Байдамтал өрөөнүндө өзгөчө сырдуу 70 метр  тереңдикте үңкүр жайгашкан. Үңкүрдүн оозуна бир адам араң батып, ичине  кыйынчылык менен түшөт. Анын түпкү жагы боз үйдөн чоңураак келген жерди ээлейт. Үңкүрдүн ичинде адамдар эс алууга орундар, бурч жагында буюм коё турган текчелери бар. Дал ушул үңкүрдө алтын катылган деген  кептер айтылып келген. Эстетикалык жактан кооздукту чагылдырып, чет элдик жарандарды кызыктырган 20 атчан адамды  батыра алган чоң үңкүр бар. Бул табышмактуу үңкүрдүн үстү жагынын батыш тарабында  ачык жери бар болгону үчүн “Тешик үңкүрү”- деп аталат.

Ошондой эле бул токойдо үч шаркыратма орун алган. Калың  токой каптаган, көлөкөсүндө күндүн нуру көрүнбөгөн Эки-Чат өзөнүн бойлоп аккан суунун жээгинде 40 метр бийиктикте туюк шаркыратмасы агып түшөт.  Аска зоонун бири-бирине уланып  баш жагы жабышып  тургандыктан туюк шаркыратма аталып калган. Көк-Бел тоосунун капчыгайынан жарып түшкөн узун шаркыратма бар. Жай айынын аптабында бул шаркыратма соолуп калат. Бул шаркыратмада мөңгүдөн пайда болгон суу агып түшөт. Ошондой эле, Байдамтал тоосунун капчыгайында бийиктиги 50 метрден ылдый агып түшкөн “Өкүргөн булак” деген шаркыратма кездешет”, -деп баяндайт Э.Турдалиев.

«Алатай жана Кан-Ачуунун» уламыштары китеби жарык көргөн

Жаш муундарга эстетикалык тарбия берүү максатында, “Кан-Ачуу” мамлекеттик жаратылыш паркынын кызматкерлери тарабынан  эко даталуу күндѳрдѳ мектептерде жана бала бакчаларда маданий иш чараларды, семинарларды, окууларды, «Марш парков» акцияларын, 21-сентябрь - «Дүйнѳлүк тазалык» күнүн жана мектеп, айыл ѳкмѳттѳр менен биргеликте спорттук иш-чараларды   ѳткѳрүп турушат.

- Айыл ѳкмѳттѳр менен биргеликте атайын иш пландын негизинде Жалпы коомдук чогулуштарда, айыл тургундары жайытка чыгуу маалында ѳрт коопсуздугу боюнча жана  мыйзамсыз иштерди алдын алуу максатында жалпы элдерге  түшүндурүү иштерин жүргүзүп келебиз. 2021-жылдын сентябрь айында ПРООН-ГЭФ долбоорунун колдоосу менен «Кан-Ачуу» мамлекеттик жаратылыш паркынын уламыштары жана жалпы чогултулган маалыматтын негизинде «Алатай жана Кан-Ачуунун» уламыштары аттуу китебибиз жарык кѳрүп «Кан-Ачуу» МЖПнын кызматкерлери тарабынан китептин ачылыш аземи болуп ѳттү. Ачылыш аземдин негизинде ѳткѳрүлгѳн  иш чарада китептерди Тогуз-Торо районубуздун жалпы китепканалар фондусуна тапшырдык.    Андан тышкары илимий изилдѳѳнү ѳнүктүрүү максатында  2021-жылдын башында И. Арабаев атындагы  КМУнун ректору Т.А.Абдырахманова менен “Кан-Ачуу” мамлекеттик жаратылыш паркында өскөн өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын  түрүн аныктап мониторинг жүргүзүү максатында, ал эми  Улуттук Илимдер академиясынын  Биология институтунун директору Д.Ж.Карабекова менен эки тараптуу  келишим түзүлүп илимий жетекчи омурткалуу жаныбарлар зоология лабораториясынын башчысы А.Давлетбаков жана А.Н.Сергеев менен «Жырткыч канаттуулар» деген теманын негизинде  эки тараптуу келишим түзүлгөн, быйылкы жылда  изилдѳѳ иштерин  жүргүзүү пландалууда.

Түзүлгѳн келишмдин негизинде университет менен эко даталуу күндѳрдѳ семинарларга онлайн катышып, парктын атын чыгаруу менен студенттердин суроолоруна жооп берип парктын жалпы маалыматын берүү менен ар кандай иш-чараларга катышып келебиз. Парктын егерлери берилген буйруктун негизинде ар кандай биотехникалык жумуштарды, жапайы жаныбарларга эсеп жүргүзүү, жапайы жаныбарларыбызды жана тоо падышасы болгон «Ак илбирсти» аныктоо жана изилдѳѳ жүргүзүү максатында фото капкандарды тынымсыз коюп, бир топ алгылыктуу иштерди  аткарып келишет. Өткөн 2021-жылдын башында «Егердин күндѳлүгү» егерлерге берилип егерлер күндѳлүк толтурушуп, «Жаратылыш жылнамасын» толтурууда бир топ жеӊилдик болгонун айта кетпесек болбойт деп ойлойм жана азыркы учурда егердин күндѳлүгүнѳн илимий отчëт болуп жазылып жаткан учур. Кызматкерлердин  талыкпай эмгектенгендин артынан 2021-жылдын эсебинен  «Илбирс Фонду»нун кызматкерлеринин окутуусунун артынан жана биргеликте беш баш «Ак илбирс» фото капканга түшүрүлдү.

2021-жылдын 30-сентябрь күнүнѳн тартып чогултулган, фотокапкандарга сейрек кездешүүчү жана кызыл китепке кирген жапайы жан-жаныбарлардын айрым түрлѳрү түшүрүлгѳн. Жаныбарлардын түрлѳрү эки даана Ак илбирс, Сулѳѳсүн андан сырткары жапайы эчки-текелер суусар, түлкү, улар, коён, арс чычкан фото капканга түшүрүлгѳн.

Андан тышкары «Кан-Ачуу» мамлекеттик жаратылыш паркынын №1 обходунун Күргүч аймагынан бир баш ак илбирс эки баласы менен фото капканга түшүрүлдү.  2021-жылдын   15-октябрында социлдык тармактарга эки даана ак илбирс  жарыяланган. Ал эми 1-ноябрында үч даана ак илбирс жарыяланып жалпы 5 баш ак илбирс бар экендиги аныкталды. Ошондой эле парк жаӊы уюшулган жылдарга салыштырмалуу тоо эчки текелердин, жана жапайы жаныбарлардын саны да кѳбѳйгѳнүн айтууга болот. Жаныбарларды коругандын негизинде кѳбѳйүп жатат, бул жакшы жыйынтык деп айта  алабыз. Ошондой эле парктагы туристерди тартуу максатында жыл сайын аракеттер жүргүзүлүп келет. Тогуз-Торо районунун  «СВТ туристик базасы»  аркылуу тур маршрут чийүү үчүн  барышкан,  бирок туристтер үчүн жолу татаал жана ѳтѳ кооптуу экендигин билдиришкен. Бирок парктын териториясындагы туризмди ѳнүктүрүү максатында башка варианттарын да караштырып жаткан учурубуз, - дейт «Кан-Ачуу» мамлекеттик жаратылыш паркынын директору Эмил Турдалиев.

“Кан-Ачуу” мамлекеттик жаратылыш паркынын чектеш жерлери

Директор Э.Турдалиевдин берген маалыматына караганда, “Кан-Ачуу” мамлекеттик жаратылыш паркы жакынкы калктуу конуштан 20 чакырым (км) алыс аймактан орун алган.

Аталган парк жаткан аймак Фергана тоо кыркаларынын чыгыш тарабында көптөгөн жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдун түркүмдөрү менен өзгөчөлөнүп жайгашкан. Бул аймакта 04.11.1975-жылы Кыргыз ССР Министирлер Советинин №533 токтомунун негизинде Тогуз-Торо зоологиялык (аңчылык) корукчасы 26600 га аянта уюшулган.

“Кан-Ачуу” мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагына жакын аралыкта (25 км) “Макмал” алтын-кен комбинаты жана (20 км) карьерасы жайгашкан. Парктын чыгыш жана түштүк-чыгыш жагы Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл аймагы, түштүк-батыш жагы Сузак, Базар-Коргон райондору, түндүк-батыш жана түндүк жагы Токтогул району менен чектешет.

Жаратылыш парктын  кызыкчылыгы

“Кан-Ачуу” МЖПнын уюштурулушу менен Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине кирген – ак илбирстин, күрөң аюунун, сулөөсүндүн, бүркүттүн, көк жору, таз кара, кумайдын жана башка жаныбарлардын корголуп калышына мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бул район бай флора жана фаунага ээ жана азыркы күндө начар изилденген. Бул аймакта % Кыргызстанда эндемикалык болуп эсептелинет: бырыштуу кырдакурук, саргыч бакалоорчек, ткаченко долоносу жана башка көптөгөн түрлөр таралган.

Жаратылыш паркынын аймагында өсүмдүктөрдүн 343 түрүн кезиктүрүүгө болот. Кыргыз Республикасынын Кызыл Китебине киргизилген өсүмдүктөрдүн ондон ашык турү өсөт. Изилдөө-иликтөө иш чаралары жаз-жай айларында жүргүзүлгөндүктөн эрте же кеч өсүүчү өсүмдүктөр толук изилдене элек.

Жаратылыш паркы жаныбарлар дүйнөсүнө бай. Омурткалуулардын 117 түрү байырлайт. Анын ичинен 1 жерде-сууда жашоочулар, 2 сойлоп жүрүүчүлөр, 92 канаттуулар, 22 сүт эмүүчүлөр бар.

Максаты

“Кан-Ачуу” мамлекеттик жаратылыш паркы эталондук жана уникалдуу жаратылыш комплекстерин жана объектилерин, кооз жаратылыш түзүлүштөрүн, жаныбарлар жана өсүмдүктөр (флора жана фауна) дүйнөсүнүн генетикалык фондун сактоо, биөчөйрөдөгү табигый процесстерди иликтөө жана анын абалынын өзгөрүүлөрүн көзөмөлдөө масатында уюштуруу, башкаруу, коргоо жана пайдалануу, ошондой эле көзөмөлдөө жаатындагы мамилелерди жөнгө салат.

Жаратылыш паркы-жаратылышты коргоочу жана илимий уюмдун статусу бар, биологиялык жана ландшафттык ар түрдүүлүктү сактоого, мамлекеттик жаратылыш-корук фонддун өзгөчө экологиялык, илимий, тарыхый-маданий жана рекреациялык баалуу уникалдуу табигый комплекстерин жана объекттерин жаратылышты коргоочу, экологиялык-агартуучу, илимий, туристтик жана рекреациялык максаттарда пайдаланууга арналган өзгөчө корголуучу  жаратылыш аймагы.

Климаты

Тогуз-Торо өрөөнүн суптроптиктик алкактагы кантиненттик климаттуу. Ички Тениртоонун аралыгында жайгашкандыгына байланыштуу, анын климаты кандайдыр бир белгилери боюнча Фергананын да, ички Теңиртоонун да климаты окшошуп кетет. Өрөөндүн температуралык шарты анын ар кайсы жеринде ар түрдүү. Январда абанын орточо температурасы -17º-19º га жетсе, ал эми абсалюттук минумуму -42ºс болот.

“Кан-Ачуу” мамлекеттик жаратылыш паркынын июль айында максимимуна +30º +35º га, январда  абанын орточо температурасы -40º -45ºга жетет. Кыш көп убакытга созулуп, кар калың түшөт. Аймакта кыш мезгили оор жана суук болгондугу даана байкалат, кар катмарынын калындыгы 2 метрге жетип, 5 айга чейин кармалып турат. Тоо капталдарынын климаты бийиктик боюнча өзгөрөт, бирок каптал экспозициясына жана жайгаштыруу ордуна жараша Фергана, Көк-Ирим, Кан-Ачуу, кичи Кан-Ачуу жана Байдамтал тоо кыркаларынын климаттык шарты бири-биринен айырмаланат.

Топурагы

“Кан-Ачуу” мамлекеттик жаратылыш паркынын жалпы аймагы өзгөчө закон ченемдүүлүккө ээ болгон тоолуу аянттарды камтыган кургак континентал регион. Аймактагы жер бетинин татаалдыгы климаттык шарттын кургак континенталдуулугу, дарыя режимдери, селди пайда кылуучу чөкмө тектердин кеңири таркалышы ландшафттын көп түрдүүлүгүнө алып келген. Топурак катмары бул региондо түндүк өрөөндөн тоолорго карай кескин өзгөрүп, бир нече бийиктик алкагын түзөт. Топурак пайда кылуучу тек болуп негизинен полеозой мезгилинин акиташ теги, көпчүлүк аянттарды талкаланган тоо тектери  шагыл жана корум таштар байыркы жана азыркы дордоогу дарыялардан, селдин натыйжасында пайда болгон шагылдууу чөкмө тектер саналышат.

Геологоиялык түзүлүшү

Геологиялык түзүлүшү боюнча “Кан-Ачуу” мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагын курчаган тоолор 3 ири бөлүккө бөлүнөт: Фергана тоо тирмеги; Көк-Ирим тоо, Кабак тоо, Кара-Кыз тоо, Ак-Бел кырка тоосу.

“Кан-Ачуу” мамлекеттик жаратылыш паркынын географиялык түзүлүшү ички Теңир тоонукундай бир кыйла татаал. Анткени өрөөндө жана аны курчаган тоо кыркаларында түрдүү таштагы (төмөнкү, ортоңку жана жогорку полейзойдон азыркы мезгилге чейинки тектер) жана чөкмө шилеңги тоо тектер жер бетине чыгып жатат.

Табияты

 “Кан-Ачуу” туш тарабынан бийик аскалуу, тоо кыркаларынын деңиз денгээлинен 3500-4000м бийиктикте жайпак жерде жайгашып, коктуу колоттуу, суу капчыгайлары бар жерден орун алган. Рельефтин негизги формалары аска зоолуу, адыр сымал дөңсөөлөрдөн, жондордон, сайлардан, ар тараптан аккан булак суулардан турат. Булак суулар чогулуп келип Кан-Ачуу, Көк-Ирим, Байдамтал суулары түзүлүп, капчыгайларды жарып өтүп, бири-бирине кошулуп, чоң дайра сымал агат. Бир аз жайпаңдалган формада, топурак өсүмдүктөр өөрчүгөн жондор бодуракай өңгүл-дөңгүлү келип, бийик чокулардан, алардын аралыктарындагы эңкейиштерден жана түзгөн жерлерден, жылаңач зоолор уда-уда жайгашкан.

Аскалуу зоолордо, корумташтуу жылаңач беттерден, чокулар аралык кайкы беттерден, аппак аяз сымал мөңгүлөр жатат. Зоолордун беттеринде арстандын тишиндей болгон мийиздүү таштар, капталы бетегелүү жерлер, ал эми кокту колоттордо, көз жоосун алган узун капчыгайларда, мөлтүрөгөн тунук булактар жана суу нуктары кездешет. Негизинен Кан-Ачуу жери бийик тоолуу, ак мөңгүлүү аскалуу, кашкайган көк тиреген тоолуу жерлерге мүнөздүү.

Токой баскан аянты

“Кан-Ачуу” мамлекеттик жаратылыш паркынын токой баскан аянты токтомдо көрсөтүлгөн. Токой баскан жалпы аянт 2364,9 га. 2018-жылы “Кан-Ачуу” мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагына токой ресурстарын жайгаштыруу иштери жүргүзүлгөн. Азыркы учурда токойдун абалы жакшы.

 Өсүмдүктөр жана жаныбарлары.

Жаратылыш паркынын аймагында өсүмдүктөрдүн 343 түрүн кезиктүрүүгө болот. Кыргыз Республикасынын Кызыл Китебине киргизилген өсүмдүктөрдүн ондон ашык турү өсөт. Изилдөө-иликтөө иш чаралары жаз-жай айларында жүргүзүлгөндүктөн, эрте же кеч өсүүчү өсүмдүктөр толук изилдене элек.

Жаратылыш паркы жаныбарлар дүйнөсүнө бай. Омурткалуулардын 117 түрү байырлайт. Анын ичинен 1 жерде-сууда жашоочулар, 2 сойлоп жүрүүчүлөр, 92 канаттуулар, 22 сүт эмүүчүлөр бар.

Мыйзамсыз иштер

“Жаратылыш паркынын №2 обходунун Чоң Кан-Ачуу участкасынан фотокапкан коюп жүргөн учурубузда 2021-жылдын 25-июль күнү Токтогул районунун Өзгөрүш айылынын эки жараны мыйзамсыз 3 даана ок атуучу куралы менен кармалып, тиешелүү түшүнүк кат алынып, акт  түзүлүп, Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнө ок атуучу куралдар өткөрүлүп  берилди. Кулунбаев Мирбек Зайырбекович КР ЖКнин 253-статьясынын 1-б. менен күнѳѳлүү деп табылып, 2 жылга эркиндигинен ажыратылды. Жалилов Иманберди Нурланович КР ЖКнин 253-ст. 1-беренеси менен күнѳѳлүү деп табылып 4  жыл 6 айга  эркинен ажыратылган.

 Балыкты кармоо мыйзамсыз иштеринде 2019-жылда 3миң сом, 2020 -жылы 15 миң 200 сом,  2021 -жылда  2 миң сом айып пул салынып, ѳндүрүлдү”, - дейт «Кан-Ачуу» мамлекеттик жаратылыш паркынын директору Э. Турдалиев.

 Даярдаган: Анархан ЖАҢЫБАЕВА, www.kogart.kg

 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24