KELECHEK
rek

Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругу - чыныгы экосистеманын эталону

Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругу - чыныгы экосистеманын эталону

Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругу чыныгы экосистеманын эталону болуп, уникалдуу жандуу жаратылышты сактоо үчүн түзүлгөн.

Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругунун директору Рахман Касымовдун берген маалыматына караганда, 1959-жылдын 5-мартында Кыргызстан Советтик Социалисттик Республикасынын Министрлер кеңешинин №18 токтому менен аянты 20,5 миң га болгон Сары-Челек мамлекеттик коругу уюштурулган. Корук Батыш Тянь-Шандын борбордук жана бийик тоолорунун уникалдуу ландшафын сактап калуу үчүн түзүлгѳн. 1979-жылы ЮНИСЕФтин биосфералык коруктар эл аралык түйүнүнѳ киргизилген. Ал эми 2016-жылы ЮНЕСКО комиссиясынын чечими менен дүйнѳлүк мурастык объектилердин тизмесине киргизилген.

Чындыгында, коруктун кѳркү болгон Сары-Челек кѳлүнүн узундугу 7,5 км, эни 3 км, тереңдиги 250 метрди түзѳт. Мындан сыткары 6 кѳл бар: Ийри-кѳл, Арам кѳл, Чѳйчѳк кѳл, Туюк кѳл, Кыла кѳл, Бакалы кѳлү.

Кыргыз ССРнин токой чарба жана жаратылышты коргоо башкармалыгынын 1962-жылдын 9-февралындагы коллегиясынын чечими менен Авлетим токой чарбасынын Балтыркан 3053 га коктусу кошулган. Учурда коруктун аянты 23868 га болуп, Аркыт-12044 га аянты менен Сары-Челек 11824 га аянты менен 2 токой чарбасын түзѳт.

Коруктун географиялык жайгашуусу.

Сары-Челек биосфералык коругу Жалал-Абад облусунун Аксы районунун аймагында жайгашкан. Корук Чаткал кыркасынын түштүк тѳмѳндүгүндѳ континенталдуу климат зонасындагы жайкы  кургактыктан  жана нымдуу суук кыштан турат.

Түндүктѳн түштүккѳ 25 км, Чыгыштан Батышты карай 14 км  ди түзѳт. Коруктун аймагы ойдуңду элестетет, аны Батыштан жана Чыгыштан шалбаага окшогон Чаткал кыркасы коргойт.

Түндүк жактан корук мамлекеттик жер фондусунун аймагы, Чыгыш жана Түштүк тараптан Аркыт токой чарбасы жана мамлекеттик жер фондунун жерлери, Батыш тарабында Авлетим токой чарбасы менен чектелген. Коруктун кеңсеси Кербен шаарынан 67 км аралыктагы Артык айылында жайгашкан, ал эми Жалал-Абад облусунан 280 км алыстыкта.

Климаты

Коруктун аймагын тоо кыркалары Түндүк-Батыш жана Чыгыштан соккон кышкы суук массадан коргойт. Бул жерде климат жумшак, кышында кар кѳп болот жана жайында аба жылуу, нымдуу келет. Абанын айлардын арасындагы температурасы январь айында эң суук -4,9 С, бирок суук 27 С жеткен учур да болот. Эң ыссык июнь айынын орточо температурасы 22 С, эң жогорку температура 40 С. Жыл ичинде жаан чачын кѳп болот, орточо 840 мм ге жетет. Коруктун тоо этек жагында кар декабрдын биринчи жарымында түшүп, марттын ортосуна чейин 115 күн болот. Кардын бийиктиги 100-110 см ге, ачык участкаларда 60-70 см ге жетет.

Рельеф жана жер кыртышы

СССР илимдер академиясынын Түштүк-Кыргыз экспедициясынын маалыматтары боюнча, коруктагы морфологиялык ландашфттын алты түрүнүн үч гана түрү бар:

- аскалуу тоолор (бийик тоолор);

- массивдуу тегизделген тоолор (орто тоолор);

- түрдүү түстөгү ойдуңдар.

Морфологиялык ландшафтын бул акыркы тиби корук үчүн маанилүү роль ойнобойт, анткени ал ѳз аймагында өтө аз таралган. Жогорудагы үч түрдѳгү рельефттердин мүнѳздѳмѳсү жогоруда айтылган экспедициянын материалдарына ылайык келтирилиши мүмкүн:

1.Биринчи тип  чокулуу кыркалары, капчыгайлар сыяктуу кууш жана терен ѳрѳѳндѳрү,  кээде тунук дубалдардары бар каньондор сымал, кѳп сандаган сайлуу узун жана жар сымал капталдары бар аскалуу тоолор катары  мүнѳздѳлѳт. Мындай аймактар, эрежеге ылайык, тыгыз кристаллдуу курамга ээ болуп, палозай курагындагы  акиташтардан, конгломераттардан, гнейсадан, мергелден, сланцтан жана кумдардан турат.

2. Морфологиялык ландшафтын экинчи түрү жумшак купол сымал чокулары жана жакшы иштетилген терең  ѳрѳѳндѳрү бар массивдүү тегиз тоолордон турат. Ошондой эле алар жыш курулуп, сланцттардан, кремний аралашакан сланцтардан, кумдуктардан, гнейстерден, кристаллдуу сланцтардан жана чанда туф тибиндеги магмалык тектерден турат.

3. Түрдүү түстѳгү жапыз тоолор кѳп сандагы бѳлүкчѳлѳргѳ бѳлүнгѳн тоо кыркалары, жапыз чокулары, кумдуу-конгломераттуу-акиташтуу катмар, юрский, мелдүү жана тѳмѳнкү третичный доорундагы ачык боёлгон калдыктар менен тыгыз байланышкан жакшы иштелген аймактары бар тик ѳрѳѳндѳрдү камтыйт.

Жогорку тоолуу чуңкурлук Түндүк-Батыш тарабынан Чаткал кыркалары, Түндүк-Чыгыш тарабынан Атойнок же Узун-Акмат кыркалары менен, ал эми Түштүк-Батыш тарабынан Бозбу-Ата кыркасы менен коргологон жай Сары-Челек биосфералык коругу жайгашкан жай болгон. Анын эң бийик точкасы болуп, деңиз денгээлинен 4247 м бийиктиктеги Мустѳр тоосунун чокусу; эң тѳмѳнкү бийиктик - деңиз денгээлинен 1200 м болуп, Кожо-Ата суусунун бассейнинде коруктун Түштүк чек арасында  жайгашкан.

Коруктун аймагы анын бѳлүнүшүнѳ карата, рельефтин тибине жана деңиз деңгээлинин бийиктигине карата: Түндүк тарабы Артык токой чарбасынын 1-2 кварталдары менен, Сары-Челек токой чарбасынын 3-4 кварталдары менен, Түштүк тарабы Аркыт токой чарбасынын 41-47 жана Сары-Челек токой чарбасынын 40 кварталдары менен үчкѳ бѳлүнѳт. Коруктун калган аймагы ортоңку бѳлүгүнѳ карайт.

Алгачкы эңкейиштеги Чаткал кыркалары тик чокулуу рельеф тибиндеги аска тоолор менен, бири-бири менен  таштуу жана аскалуу жарлар менен алмашкан жай-коруктун Түндүк бѳлүгүн түзѳт.

Орто тоолуу белче рельеф тибине ылайык адырлуу, айбанчага окшогон тизилген кыркалары бар чанда кездешчүү жарлары менен  чоң тегиз тоолор бул коруктун ортоңку бѳлүгү.

Түштүк бѳлүгү бѳлүктѳргѳ бѳлүнгѳн кыркалуу терең казылган ѳрѳѳндѳрү бар, тик эңкейиштеги, кез- кезде жарлуу топурак сымал тоо тектери менен рельеф тибинин ачык түстѳгү ойдуң жерлерден турат.

Кожо-Ата  суусунун ѳрѳѳнү толук жакшы ѳрчүгѳн эмес. Томояк суусунун агымы чыгуучу иштелген конусу бар, каньон тибиндеги аймактары  кенен  террасалары бар  ѳрѳѳндѳрдѳн турат. Куйма ѳрѳѳндѳр кѳп учурда терең коктулардын капчыгайларына окшош.

Жер кыртышы. Корук аймагынын жер кыртышы Түштүк-Кыргыз экспедициясынын маалыматына ылайык, беш куур  чегинде каралат: тоо астындагы тегиздиктер, адырлар, ойдуң жерлер, орто жана бийик тоолор.

Болгону эки тилке:

Орто жана бийик тоолор коруктун аймагын түзѳт, себеби ойдуң жерлер кѳп аянтты ээлебейт. Коруктун ойдуң жеринде күрѳн түстѳгү тоо карбонаты бар топурак кѳп.   Орто тоолор-күрѳн түстѳгү ачык жана кара-кочкул жана кара-күрѳң топурак, кара кочкул шалбаа-чѳлдүү топурак; бийик тоо курунда тоолуу-шалбаа топурагы жана топурактан куралган аска, тайыз жер аймагы белгилери бар  таштуу жайлардан турат.

Жер кыртышын бѳлүштүрүү горизонталдуу тилкеде эмес, себеби жер кыртышын түзүү факторуна ылайык, бир жерге туура келген жер тилкеси  башка жакка да туура келет. 

Изилденген  райондун жер кыртышынын мүнѳздѳмѳсү жаңгак токойлорунун жана бүткүл Кыргызстандын түштүгүндѳгү жер кыртышын  изилдѳѳчүлѳрү С.С. Неструева (1913) Ю.Д. Ливеровского жана башкалардын (1949), И.Г. Ройченко (1969) иштеринин негизинде чагылдырылган.

Суулары

Токой аңчылык түзүлүшүнүн «Суулар» главасынын маалыматына ылайык, аянты кенейтилип, 606,8 га түзгѳн. Коруктун аймагынын гидрологиялык түйүнү Ходжа-Ата суусунан жана анын агымдарынан жана 7 кѳлдѳн кошулат. Коруктун эң башкы суу артериясы болуп Ходжа-Ата суусу саналат. Ал башатын Сары-Челек жана Афлатун сууларынын кесилишинде 3000 м бийиктиктен алат, ал барып Кара-Суу суусуна, Нарын дарыясынын куймасына кошулат. Суунун жалпы агымы Түндүктѳн Түштүккѳ багыт алат.

Дарыянын нугу, айрыкча, анын куймалары менен сайларынын конустарында таштар менен чырмалышкан. Дарыянын жээктери, суу баскан жерлери да тик, ал тургай асылган. Дарыянын агымы күчтүү. Агымдын ылдамдыгы болжол менен 1-3 м/сек, жантайышы 100 м/км. Дарыя Булак агымынан башталат. Коруктун чек арасына чыгуучу жердин туурасы 10 метрге жетет, аралык деңгээлде тайыз суудан бардык мезгилде ат менен өтүү  жеткиликтүү, жада калса төмөнкү агымда да жөө өтүү үчүн жерлер бар.

Дарыя негизинен жер астындагы суулар, ошондой эле атмосфералык жаан-чачындар менен азыктанат. Бул жерде суунун дарылык касиети бар булактардын олуттуу саны кездешет. Сууну сугат жана гидротехникалык максаттарда колдонсо болот.

Жолдо Сары-Челек дарыясы Сары-Челек жана Кыла көлдөрү менен кесилишет. Ал Кыла көлүнөн чыккан жерден Сары-Челек дарыясынын гидрографиясы Ходжа-Ата дарыясынан айырмаланбайт. Кыла көлүнүн түштүк-чыгышында дагы 5 жабык көл бар, алардын ичинен өзү гана. Ийри-кѳлдү кѳл десе болот, ал эми  калгандары жазгы кар жааганда гана туруктуу суу күзгүсү бар көлдөргө айланган ойдуңдардан айырмаланбайт.

Бул кѳлдѳрдүн чоңдугу  0,8 га дан  50 га чейин. Кѳл деңиз деңгээлинен 1875-1950 м бийиктикте жайгашкан. Сары-Челек жана Кыла кѳлүнүн пайда болушу тектоникалык процесс учурунда тоо породаларынын сууга кулагандыгынын жыйынтыгы менен түшүндүрүлѳт.

Эң чоң кѳл болгон  Сары-Челек, Түндүк-Батыштан Түштүк-Чыгышты карай созулган коридор формасында.

Кѳлдүн узундугу  7,5 км, кеңдиги   0.64 км ден  3,0 км чейин. Жээк сызыктары туура эмес, бурулуштары бар, булуңдар жана куймаларды түзѳт. Тереңдиги  244 метрге жетет. Суунун тунуктугу абдан жогору -10 м ге чейин, түсү – кѳкмѳк жашыл түстѳ.

Сары-Челек кѳлү – коруктун эң кооз жайы. Корукту уюштурууга себеп Түштүк Кыргызстан  токойлорундагы  бийик кѳлдүн болуусу болуп саналат. 

Белгилүү окумуштуу профессор  Д.Н.Кашкаров, башкы Орто-Азия музейинин экспедициясы менен  1925-1926 жылдары болгондо: «Кѳл аябай кооз жана швецария кѳлүнүн кейпине окшош» деп белгилеген.

Жыл сайын корукка он миңден ашуун туристтер келип турушат. Туристтерди кѳлдүн сулуулугу гана эмес, коруктун уникалдуу жаратылыш ландшафтары да кызыктырат.

Флора жана ѳсүмдүктѳр

Корук өсүмдүктөрүнүн тизмеси.

Жогорку өсүмдүктөрдүн флорасы Сары-Челек биосфералык коругунда жетиштүү изилденген. Коруктун флорасынын тизмеси ( Х.У. Борлаков, 1966-ж.) басылып чыккан. Б.А. Султанова жана Г. А. Ласькова "Батыш Тянь-Шандын биоартүрдүүлүгүн сактоо боюнча трансчек аралык Долбоорду "(1987) даярдоодо бул флоранын конспектиси кайра иштелип чыккан. Андан жаңылыштык менен берилген түрлөр алынып салынат жана авторлор корукта өсөт деп эсептешет. Буга карабастан, коруктун флорасы дагы изилдөөгө жана тактоого муктаж.

Коруктун аймагында 877 түрлүү жогорку ѳсүмдүктѳр эсептелет. Анын ичинен 20 үй бүлѳлүктѳргѳ тийиштүү 72  ДКР түрү.

Фаунанын түрлөрү.

Сары-Челек коругунда 2021-жылы жапайы жаныбарлардын түрлөрүнүн курамында өзгөрүүлөр байкалган эмес жана төмөнкүлөрдү түзөт: балыктын 5 түрү, амфибиялардын 2 түрү, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 5 түрү, канаттуулардын 157ге жакын түрү, сүт эмүүчүлөрдүн 35 түрү жана курт-кумурскалардын 2 миңге жакын түрү бар.

Даярдаган; Анархан ЖАҢЫБАЕВА, www.kogart.kg

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24