KELECHEK
rek

Жалал-Абад облусунда кооптуулук жараткан жалпы 1020 аймак бар (ФОТО)

Жалал-Абад облусунда кооптуулук жараткан жалпы 1020 аймак бар (ФОТО)

Акыркы мезгилдерде  дүйнө жүзүндө болуп жаткан климаттын өзгөрүүсү ар кандай табигый кырсыктардын көбөйүшүнө алып келүү менен экологияга өзүнүн терс таасириy тийгизип жатканына баарыбыз күбө болуп жатабыз. Өлкөбүздө жер көчкүлөр көбөйүп, селдин кесепети көптөгөн зыяндарды алып келүүдө. Кыргызстан боюнча жалпы 5 миңден ашык жер көчкү катталган.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) алдындагы өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин Жалал-Абад облусунун аймагындагы коркунучтуу процестерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, болжолдоо китебинде облустун аймагында калктуу конуштарга, турак үйлөргө, социалдык обьектилерге кооптуулук жараткан жалпы 1020 кооптуу аймактар бар. Анын ичинен 491 жер көчкү, 471 сел каптоо, суу ташкыны, жээк эрозиясы, 21 таш кулоо, жердин чөгүүсү жана 37 жер алдындагы суулардын көтөрүлүүсү катталган.

Алынган маалыматка караганда, 2022-жылдын башында жаны такталган тизме боюнча, облустун аймагындагы жогоруда кооптуу деп табылган тилкелерде жалпысынан жыл башына карата 1302 кожолук жашап келет. Мамлекеттен жардам жана жер тилкесин албагандар 334 кожолук, жардам жана жер тилкесин алып, бирок көчпөгөндөр 968 кожолук.  Кооптуу участкалар: 327 жер көчкү 1228 турак үйгө, сел, жээк эрозиялары 70 түрак үйгө, таш кулоо, жердин чөгүүсү төрт турак үйгө кооптуулук жаратат. Алар: Сузак районунан 768, Базар-Коргон районунан 241, Аксы районунан 103, Ноокен районунан 17, Майлуу-Суу шаарынан 81, Жалал-Абад шаарынан 82, Кара-Көл шаарынан 10 үй-бүлө.

Кооптуу аймактарда жашаган жарандарды коопсууз аймактарга көчүрү боюнча ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын райондору жана шаарлары боюнча бөлүмдөрү жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте түшүндүрүү, атайын-эскертмелерди берүү боюнча иш алып барылууда.

КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жана райондору, шаарлары боюнча бөлүмдөрү тарабынан кооптуулукту жоюу боюнча 12 эскертме, коопсуз аймакка көчүрүү боюнча 1165 (1127 жеке жарандар, 38 айыл аймак башчыларына) атайын эскертмелер берилген.

Борбордук Азияда көчкүлөр адатта катуу, нөшөрлөп жааган жамгырлардан жана жер кыртышынын бузулуп, сапатынын начарлашынан жана анын эрозияга чалдыгуусунан улам келип чыгууда.

Көчкү олуттуу аймакты ээлөө менен 5-20 метр калыңдыктагы тектердин негизги массадан ажырап эңкейишти көздөй жылмышуусунан улам пайда болууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин экзогендик процесстерди изилдөө бөлүмүнүн башчысы Изабеков  Тойчубек Карабекович жер көчкүлөрүнүн келип чыгышынын себептери жана азыркы учурдагы абал боюнча биздин суроолорго жооп берди.

- Тойчубек Карабекович, көчкү массасы кайдан келип чыгат?

- Көчкү массасы - бул тегиз болбогон тилкелерден турган көчкү массасы. Көчкү тектирлери – көчүп түшүүчү массада пайда болгон тектирчелер, ажырап көчүп түшүүчү массанын үстүңкү катмары. Ал эми көчкүлөр – жарылып, аң болуп калган жерлер – тоолуу райондордо кездешүүчү кубулуш.

Бүгүнкү күндө өлкө аймагында калктуу конуштарга кооптуу жагдай жараткан 2,5 миңге жакын жер көчкү бар. Анын ичинен Жалал-Абад облусунда 541 жер көчкү катталган. Азыркы учурда жергиликтүү райондук мамлекеттик администрациялар, айыл өкмөттөр тарабынан калктыкоопсуз жерлерге көчүрүү боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүп жатат. Облус аймагында көчкү коркунучунда турган калктуу конуш обьектилеринин жалпы саны – 275 болсо, анын 132си калктуу конуштар, 143ү обьектер. Кооптуу аймактарда жашашкан үй-бүлолөрдүн документтери такталып, Кыргыз өкмөтүнүн кароосуна жиберилип, турак жай курууга жер тилкелерин трансформациялоо маселеси чечилип, айыл өкмөттөр тарабынан элге жер тилкелери бөлүнүп берилген.

Акыркы учурларда өлкө аймагында жаңы көчкүлөр пайда болгон жок. Ошол көчкүлөрдөн майда жаракалар пайда болгон жерлер бар. Көбүнчө 1978-94  жана 2004-2017-жылдары пайда болгон жер көчкүлөр. Кайра жаңыланып, жаракалары чоңоюп, ошол көчкүлөр жылып жатат. Жер титирөөлөрдүн таасири менен, жаан-чачындан улам жер көчкүлөр активдешип турат. Биз жер көчкүлөрдү изилдегенде, айрым жердин үстүңкү катмарында жайгашкан жер көчкүлөр болот, бул көчкүлөрдүн көлөмдөрү аз. Кээ бирлерин механикалык түшүрүү жоул менен ошол көчкүлөрдү көчүрүү боюнча сунуштарыбызды берип жүрөбүз.  түшүрөбүз. Бак-дарактарды тигүү жолу менен токтотсо боло турган жер көчкүлөр боюнча биз сунуштарды берип жүрөбүз. “Жашыл долбоор” деген долбоордун алкагында көчкүлөрдү токтотуу үчүн ал жерлерге бак-дарактар отургузулат. Тереңдиги 15-25 метр болгон кооптуулукту жарткан эң чоң жер көчкү болгон жерлер бар. Бул жер көчкүлөрдү бак-дарактарды эгүү менен токтотууга болбойт. Ал жерде жашагандарды коопсуз жерлерге көчүрүү менен гана чектелип келебиз.

-  Жер көчкүнүн жүрүшүнүн алгачкы белгилери кандай?

- Адистердин маалыматына караганда, көчүп түшкөн кыртыштын көлөмү ондогон, жүздөгөн миң куб метрге, ал эми айрым учурларда андан да көп салмакка жетиши мүмкүн. Көчкүнүн жылмышуу тездиги жылына бир нече метрлерди түзгөн учурлар кездешет. Айрыкча жер титирөөдө көчкүнүн жылышы тездейт. Кыртыштын массасынын жылышы турак-жай, өндүрүштүк имараттарды инженердик жана жол курулуштарын, магистралдык өткөргүч түтүктөрдүн, электр берүү линияларынын бузулушуна же кыртыш астында калышына, ошондой эле адамдардын жабыр тартып, мерт болушуна алып келет. Өзөндөрдү жана капчыгайларды каптап калган көчкүлөр табигый тосмолордон болуп, аларга жааган жамгырдын суусу топтолуп отуруп акыры жарылуу менен селдин жүрүшүн шарттайт.

Көчкүнүн жүрүшүнүн алгачкы белгилери – бул имараттарда, жолдордо жээк бойлото кырдалган тосмолордо жараканын пайда болушу,  жердин көөп чыгышы, ар кандай бийик конструкциялардын пайдубалынын жылышы, жер астындагы суулардын зарыгып чыгышы, ызы-чуунун күчөшү болуп саналат.

- Тойчубек Карабекович, жер көчкүлөрдүн экологияга тийгизген терс таасири кандай болот?

- Жер көчкүнүн келип чыгышынын негизги себептери – бул нөшөрлөп жааган жамгырлардын тоо беттерин жууп кетиши, жамгырлардан, кардын, мөнгүлөрдүн ээришинен улам, суунун сарыгып, тоо тектерине сиңип олтуруп анын массасынын оордошу болуп саналат. Ошондой эле, жер кыртышынын эрозиясы жана жер иштетүүдөн улам жайлардын пайда болушу, жер титирөөлөр, кардын оор түшүп мөнгүлөрдүн капташынан тоонун негизги массасына оордук келтириши, тоо тектеринин ажырымы, адам баласынын жардыруу иштерин жүргүзүп, жер айдап, дарактарды кыркып, оор имараттарды куруп, суу чыгаруу үчүн жер кыртышын оюп казуусу, оор транспорттук каражаттардын жылышы менен кыртыштын тең салмактуулугунун бузулушу жер көчкүнүн келип чыгышына себеп болот.

Андан сырткары, жер кочкулордун пайда болуусу айрыкча жаан-чачындардын жылдык нормалардын ашыкча жаашы, сай жээктеринин жуулушу, жер астындагы суулардын агымдары бузулуп денгээлдеринин которулушу, жер титироолор сыяктуу табигый процестер таасир этет.

Ошондой эле, техногендик мүнөздө адамдардын катышуусу менен жантаймалар кесилип (суурулуп) турак-үйлөрдүн курулушу, жантаймаларда арыктарды казып суу өткөрүү, жол салуу, адырлардагы бак-дарактарды кесип, отун катары пайдалануу жана мал багууда адырлардыгы бак-дарактарды, бадалдарды, чөптөрдү жок кылып жантаймалардын туруктуулугун төмөндөтүп, жер көчкүлөрдүн пайда болуусуна шарт түзөт.

Жер көчкү болгон жерде биринчиден, бак-дарактардын бардыгынын куурашына алып келет. Көп жылга чейин жер көчкү жылып турат, ошол себептен ал жерде бак-дарактар өспөйт, жер кыртышы эрозияга учурап, экологиялык көйгөйлөр пайда болот. Малдын көбөйүшүнөн, жайыттарды которуштуруп пайдаланбай, адырлардагы чөптөр жок болуп,  өспөй,  какырап калуусу жер көчкүнүн келип чыгышына түрткү болууда. Эл менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жүргөндө элдер айтышат, мурда  ал жерде бак-дарактарды эл отун-сууга кыйышып, чөптөр малдын тепселенүүсүнө дуушар болуп, чөлгө айланган. Мурдагы жер көчкүлөр адамдардын табиятка кылган мамилесинин натыйжасы.

2022-жыл башынан 10-апрелге чейин  кооптуу аймактардан убактылуу

            көчүрүлгөндөр жалпы 415 үй бүлө (1568жаран).

  • Базар-Коргон районунан 190 үй-бүлө убактылуу көчүрүлдү.
  • Сузак районунан 137 үй-бүлө убактылуу көчүрүлдү.
  • Майлуу-Суу шаарынан 23 үй-бүлө убактылуу көчүрүлдү.
  • Аксы районунан 11 үй-бүлө убактылуу көчүрүлдү.
  • Жалал-Абад шаарынан 45 үй-бүлө убактылуу көчүрүлдү.
  • Ноокен районунан5 үй-бүлө убактылуу көчүрүлдү.
  • Кара-Көл шаарынан 4 үй-бүлө убактылуу көчүрүлдү

“Жашыл” долбоорду ишке ашыруу боюнча 2022-жылга жер көчкү күтүлүүчү кооптуу  5 обьектиге тамыры тереӊ көчөттөрдү эгүү сунушталган.

Жалпы облус боюнча     8,8 га жер көчкү күтүлүп жаткан кооптуу участкаларга аянтка 10700 түп көчөт (бадам 2600кг, өрүк 900даана, Кара-Жыгач 900даана,Мисте 4600кг,жаӊгак 1700даана ) жалпы суммасы 349 600 сомдук көчөт эгилет. Долбоордун шарты боюнча КР айыл чарба министрлигине караштуу токой чарбасы тарабынан көчөт бөлүнүп берилет, КР ӨКМ тарабынан айланасын тосууга курулуш материалдары бөлүнүп берилет, ал эми жергиликтүү бийлик тарабынан көчөттөр отургузулат.

Учурда  КР айыл чарба министрлигине караштуу токой чарбасы тарабынан көчөт маселеси чечилбей жатат.

Даярдаган: Анархан ЖАҢЫБАЕВА, www.kogart.kg

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24