KELECHEK
rek

Министрлик мугалимдин көбөйтүлгөн айлыгы туруктуу сакталарын билдирди

Министрлик мугалимдин көбөйтүлгөн айлыгы туруктуу сакталарын билдирди

Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдердин айлык акысы сентябрь айынан тартып да көбөйгөн боюнча туруктуу сакталарын маалымдоодо. Министрликтин басма сөз кызматы 12-майда тараткан маалыматка ылайык, 1-апрелден тартып көбөйтүлгөн айлык акы сакталат.

"Министрлер кабинетинин чечими боюнча орто мектептерде жана бала бакчаларда иштеген мугалимдердин айлык акысы саатына эмес, оклад катары төлөнө баштады. Ошондой эле төмөнкү базалык ставка белгиленди, буга жараша оклад эсептелет" деп жазылган маалыматта.

Жаңы окуу жылында мугалимдерге 1,5 ставкадан ашык иштөөгө уруксат берилбейт. Ал эми 1-апрелден тартып көбөйтүлгөн айлык акы кемитилбей сакталат.

Бюджеттен каржыланган жалпы билим берүү тармагынын кызматкерлеринин айлык акысы 1-апрелден тартып 50-80% чейин көбөйтүлгөн. Анын ичинде педагогдуку 80 пайызга, административдик башкаруу кызматкерлериники 50 пайызга, техникалык жана кенже кызматкерлердин айлык акысы 80 пайызга көбөйдү.

Кыргыз өкмөтү мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көбөйтүү максатында бюджеттен 26 млрд сом кошумча бөлгөн. Анын 16 млрд сому билим берүү тармагына кетти. Азыркы маалымат боюнча, дарыгердин айлыгына 50%, маданият чөйрөсүндө иштегендердин акчасына 80% кошулду.

11-майда интернеттеги социалдык түйүндөрдө күзүндө мугалимдин айлыгы кайра азайышы мүмкүн, себеби акча иштин көлөмүнө жараша көбөйтүлүп жатканы тууралуу маалымат чыккан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30