KELECHEK
rek

Кыргызстан менен Казакстан өз ара укуктук жардам көрсөтүү келишимин өзгөртөт

Кыргызстан менен Казакстан өз ара укуктук жардам көрсөтүү келишимин өзгөртөт

Кыргызстан менен Казакстан жарандык жана кылмыш-жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө эки өлкө ортосундагы келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколго кол коюшту.

Буга чейин көз карандысыз медиа Казакстан январь окуялары учурунда кыйноого кабылган кыргызстандыктарын ишин тергөөгө ашыкпай жатканын жазган.

Май айынын башында музыкант Викрам Рузахунов Алматыга тергөөгө барбаганына байланыштуу кылмыш иши убактылуу токтотулганы белгилүү болгон. Анын адвокаты Нурбек Токтакунов Рузахуновго кыргыз бийлиги коопсуздук кепилдигин бербегени үчүн Алматыга барышпаганын билдирген.

Белгилүү музыкант, пианист Викрам Рузахунов Казакстанда быйыл Январь айында кармалып, эки күндөн кийин кыргыз бийлигинин кийлигишүүсү менен абактан бошотулуп, Бишкекке жеткирилген.

Кийин ал ооруканада операция болгон. Рузахунов казак күч кызматкерлеринин кыйноосуна кабылганын жана кабыргалары сынып, мээси чайкалганын айтып чыккан.

Казакстандагы ал окуяларда Рузахуновдон тышкары Чолпонбек Сыдыков аттуу кыргыз жаранын дагы укук коргоо органдары катуу сабаган.

Буга чейин Сыдыковдун укугун Кыргызстандын жана Казакстандын “Кыйноого каршы коалиция” уюмдарынын адвокаттары коргой турганы белгилүү болгон.

Казакстан бийлиги билдиргендей, январь окуялары учурунда жана андан кийин кармалгандардан кыйноого кабылганы жөнүндө 200дөн ашуун арыз түшкөн. Анын негизинде кылмыш иштери козголгон. Ушул күнгө карата болгону күч түзүм органдарынын 11 кызматкери шектүү аталганы маалым.

Расмий маалымат боюнча башаламандык учурунда каза болгон 238 кишинин кеминде сегизи “тергөөнүн урукат берилбеген ыкмаларынан” улам каза болгон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53