KELECHEK
rek

Путин: Европа санкцияларды алса, Орусия дан экспорттоого даяр

Путин: Европа санкцияларды алса, Орусия дан экспорттоого даяр

Иллюстративдик сүрөт

Батыш Украинадагы согушка байланыштуу киргизилген санкцияларды алып таштаса, Орусия дүйнөлүк азык-түлүк  каатчылыгын жеңүүгө үлүшүн кошууга даяр.

Бул тууралуу Орусия президенти Владимир Путин 26-майда Италиянын премьер-министри Марио Драги менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө билдирди.

Reuters кабарлагандай, тараптар Украинадагы абалды, азык-түлүк каатчылыгын жана анын жакыр өлкөлөргө тийгизген таасирин талкуулашты. Владимир Путин эгер шарттар аткарылса, Орусия дан жана жер семирткич экспорттоого даяр экенин белгиледи.

Кремлдин билдиришинче, Путин Марио Драгиге “Азов деңизи менен Кара деңиздеги порттордон чыга турган жарандык кемелердин коопсуздугун камсыздоо үчүн чара көрүлүп жатканын, бирок буга украин тарап тоскоолдук жаратып жатканын” айтты.

Мындан тышкары орус президенти Марио Драгиге үзгүлтүксүз газ берүүгө кепилдик берген.

АКШнын Мамлекеттик департаменти кабарлагандай, согушка чейин дүйнөлүк рынокто буудай жеткирүүнүн 30 пайызын Орусия менен Украина камсыздап турган.

“Жетилик тобу” өлкөлөрү Орусия дан рыногундагы абалды “гибриддик согуш” инструменти катары пайдаланууда. БУУ мартта азык-түлүк 12 пайыздан ашык кымбаттаганын белгилеген. Бул 1990-жылдан берки рекорд болуп калды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52