KELECHEK
rek

Чек арада ок атышуу токтоду, жараат алгандар бар

Чек арада ок атышуу токтоду, жараат алгандар бар

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу саат 14:15те токтоду. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлап, эки жактан да жараат алгандар бар экенин билдирди.

Мекеме буга чейин Тажикстандын чек арачылары Баткен районундагы Булак-Башы аймагында чек аранын шарттуу сызыгынан Кыргызстандын жерине мыйзамсыз өткөнүн билдирген. Алар кыргыз чек арачыларынын өз аймагына чыгуу талабын аткарган эмес. Мекеме алгач тажик чек арачылары ок чыгарып, ортодо атышуу башталганын мурдараак кабарлаган. Кийин тажик тарап аскердик оор техникаларды тартканын билдирген.

Кыргызстандын Чек ара кызматы эки өлкөнүн чек ара мекемелеринин башчылары телефон аркылуу байланышып, атышууну токтотуу тууралуу макулдашканын, бирок ошого карабастан тажик чек арачылары дагы эле атып жатканын билдирди. Тажикстандын расмий органдары азырынча маалымат бере элек.

Чек арадагы ок атышуу болгон жерде жайкын тургундар жок экенин Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев “Азаттык” радиосуна билдирген.
Акимдин айтымында, окуя болгон аймакта учурда Кыргызстан тараптан жайкын тургундар жок, малчылар да ок атышуу болгон жерден алыс.

Булак-Башы аймагы Тажикстандын Ворух анклавынын түштүк чыгыш тарабынан чектешип, Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагына карайт. Ал жерге аталган айыл аймактын жана Баткен шаарынын малчылары жайытка чыгат. Кара-Булак айыл аймагынын 10 чакты тургундарынын айдоо жерлери жана үйлөрү бар.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41