KELECHEK
rek

Министр Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалды

Министр Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалды

Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалганын билдирди.

Анда министр кээ бир кызмат адамдары менен биргеликте президенттин "Саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгын одоно бузуп, бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз түрдө адалдоо ыкмасын уюштурушканы аныкталганы айтылат.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын сентябрына чейин Кыргызстанга Орусия, Кытай, Азербайжан, Казакстандан жана бир катар эл аралык уюмдардан гуманитардык жардам катары 451 миң 560 доза вакцина берилери макулдашылганы айтылган. Ошондой эле Кытайдын жана Орусиянын башчылары менен кошумча 6 млн. дозадан ашык вакцинаны акысыз берүү сүйлөшүлгөн.

"Министр Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке тапшырмасы менен 2021-жылдын апрель, июнь, июль жана сентябрь айларында чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд. 581 млн. 474 миң 315 сомдук 2 млн. 460 миң доза вакцина негизсиз сатылып алынган. Аталган акча каражаттар оффшордук аймакка которулгандыгы белгилүү болгон", - деп айтылат маалыматта.

Натыйжада, гуманитардык жардам иретинде алынып келинген 3 млн. 147 миң 640 доза вакцина бар экенине карабастан, кызмат адамдары өз кызыкчылыгы үчүн 2 млн. 460 миң доза вакцинаны ашыкча сатып алгандыктан, алардын сактоо мөөнөтү эскирип, 243 миң 223 доза керектен чыккан. Мындан улам мамлекетке 1 млрд. 581 млн. сом зыян келтирилген.

Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри жана башка кызмат адамдарынын үстүнөн беш коррупциялык кылмыш иштери тергелип жатканын маалымдайт.

Буга чейин Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Алымкадыр Бейшеналиевди өткөн айда Жети-Өгүз районундагы медайымдар күнүнө арналган майрамдык иш-чарага чогултулган акчадан улам эки жолу суракка алганы белгилүү болгон.

Алымкадыр Бейшеналиев "Азаттыкка" бир генерал камайм деп коркутканын билдирген.

Бейшеналиев 2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашуудан кийин саламаттык сактоо министри болуп дайындалган. Ошондон бери анын ишине, реформаларына байланыштуу талаш-талкуу токтобой келет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...