KELECHEK
rek

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын футбол боюнча курамасын Азия Кубогу-2023кө чыгышы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын футбол боюнча курамасын Азия Кубогу-2023кө чыгышы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 14-июнда, Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын курамаларынын ортосунда болгон беттешке барды.

Бул биздин команда үчүн Азия Кубогу-2023кө тандоо этабындагы акыркы оюну болчу. Кыргызстан менен Тажикстандын курамалары оюнду тең, 0:0 эсебинде жыйынтыкташты. Эки команда тең Азия Кубогу-2023түн финалдык баскычына чыгышты.

Беттеш аяктаган соң Мамлекет башчысы улуттук кураманын  кийим алмаштыруучу жайына кирип, команданы бул ийгилиги менен куттуктады.

Ал болуп өткөн бардык беттештердин жүрүшүндө спортчулар кооз жана укмуштуудай футболду көрсөтүп, кыргызстандыктарга чыныгы майрам тартуулашканын белгиледи.

Садыр Жапаров машыктыруучулар курамына ыраазычылык билдирип, аларсыз бул жеңиштерге жетишүү мүмкүн болмок эместигин билдирди.

Президент спортчулар менен болгон баарлашууда Кыргызстандын футбол боюнча  курамасынын Азия Кубогуна катышуусуна байланыштуу бардык каржылык маселелер өз убагында чечилерин баса белгиледи.

Ал алдыда команданы көптөгөн жаңы спорттук бийиктиктер күтөөрүнө, мамлекет тарабынан керектүү колдоо ар дайым көрсөтүлөөрүнө ишенимин билдирди. 

Мындан тышкары, Садыр Жапаров көпчүлүк кыргызстандыктар үчүн жагымдуу жаңылык— үстүбүздөгү жылдын августунда Бишкекте 22,5 миң адам батарлык заманбап жаңы стадиондун курулушу башталарын билдирди.

Садыр Жапаров белгилегендей, бул эл аралык мүнөздөгү  ири иш-чараларды тийиштүү деңгээлде өткөрүүгө мүмкүн болгон  көп функциялуу спорттук арена болот.  Бул Кыргызстанда футболду өнүктүрүү жана спорттун бул түрүн мындан ары жайылтуу үчүн зарыл.

Өз кезегинде улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин жана команданын капитаны Валерий Кичин Садыр Жапаровго көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, акыркы жылдары мамлекет тарабынан футболду жана жалпы эле өлкөдө спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилешти.

Алар борбор калаада жаңы заманбап стадиондун курулушунун башталышын чыдамсыздык менен күтүп жатышканын кошумчалашты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...

СПОРТ 2016-09-21  08:45

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...

СПОРТ 2016-09-21  08:52

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...

СПОРТ 2016-05-02  23:16

"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты

“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...

СПОРТ 2016-05-04  16:08

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...

СПОРТ 2016-05-05  10:08

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абад  шаарындагы “Динамо”  спорт  ордосунда Кыргызстандын  футзал  боюнча  Өлкө...

СПОРТ 2016-05-05  11:51

Жалал-Абад Динамо командасы  футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...

СПОРТ 2016-05-07  18:20