KELECHEK
rek

Быйыл Орусиядан 15 миңден ашуун миллионер чыгып кетиши мүмкүн

Быйыл Орусиядан 15 миңден ашуун миллионер чыгып кетиши мүмкүн

Байлыгы бир миллион АКШ долларынан ашкан 15 миңден ашуун Орусия жараны быйыл өлкөдөн чыгып кетиши мүмкүн. Мындай божомол Henley&Partners аналитикалык агенттигинин глобалдык миграция боюнча иликтөөсүндө айтылды.

Иликтөө үчүн маалымат чогулткан аналитик Эндрю Амойлс: "Орусия миллионерлерин жоготууда. Акыркы он жылдан бери бай кишилер Орусиядан жыл сайын эмиграцияланууда. Бул өлкө туш болгон кыйынчылыктар жөнүндө алдын ала эскертүү. Ири өлкөлөрдүн кыйрашы дайыма бай кишилердин эмиграциясынын тездеши менен коштолгон. Алардын каражаты бар болгондуктан, бииринчилерден болуп чыгып кетишет", - деген.

Талдоочулар АКШ менен Улуу Британия орусиялыктардын эмиграциясы үчүн анчалык ыңгайлуу эмес экенин айтышат. Себеби алардын байлыгына байланыштуу юридикалык жана этикалык маселелер жаралышы ыктымал. Алардын божомолунда капчыктуу кишилердин эмиграциясы үчүн Бириккен Араб Эмираттары эң жагымдуу өлкө болот.

Миграциянын башка багыттары Австралия, Сингапур, Израиль, мындан тышкары Мальта, Монако жана Маврикий да боло алат.

Иликтөөнүн авторлорунун баамында жыл соңуна чейин Украинадан 2800 миллионер чыгып кетиши мүмкүн. Бул өлкөдөгү миллионерлердин 42% түзөт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...