KELECHEK
rek

Испанияда ысыктан 360 киши өлдү

Испанияда ысыктан 360 киши өлдү

Испаниянын Коомдук саламаттыкты сактоо институту адаттан тыш ысыктан улам өлкөдө өлгөндөрдүн саны 360 кишиге жеткенин билдирди.

Өткөн жума күнү эле 123 адам мерт болгон. 8-июлдан бери Европанын түштүгүндө өтө ысык болууда. Испаниянын айрым аймактарында температура 45 градуска чейин жетти.

Аптаптуу ысыктын толкуну Португалияны да каптады: өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 7 -13-июлда ысыктан 238 киши көз жумду. Алардын көбү улгайган жана өнөкөт оорусу бар кишилер болгон. 14-июлда Португалияда абанын температурасы 47 градуска чейин жеткен – бул абанын табы каттоого алына баштагандан берки өлкө аймагында июль айында байкалган эң жогорку температура.

Ысык жана катуу шамаалдан улам Европанын түштүк-батышында токойлор өрттөнүүдө. Франциянын Жиронда аймагында өрт коркунучунан улам 14 миңден ашуун киши көчүрүлдү: ал жакта 10 миң гектардан ашык жерди өрт чулгады. Франциянын 96 департаментинин 38инде "кызгылт сары" деңгээлдеги эскертүү жарыяланды.

Ысыктан улам Улуу Британиянын бир бөлүгүндө, анын ичинде Лондон, Йорк жана Манчестер шаарларында өзгөчө абал жарыяланды. Улуттук метеорология кызматы өз тарыхында биринчи жолу коркунучтун “кызыл” дэңгээлин жарыялады. Дарыгерлер адаттан тыш ысык өнөкөт оорусу барларга гана эмес, ден соолугу чың адам үчүн да кооптуу экенин эскертүүдө.

НАСАнын адистери Европадагы адаттан тыш ысык аба ырайын дүйнөдө климаттын өзгөрүшү менен байланыштырып жатышат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52