KELECHEK
rek

Гонконгдо сот "Русгидронун" Кыргызстанга каршы доосун канааттандырды

Гонконгдо сот

Гонконгдо сот “РусГидронун” Кыргызстанга каршы арызына байланыштуу арбитраждык чечим чыгарды. Бул тууралуу Адилет министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, сот “арыздын талабын жарым-жартылай канааттандырган”.

Чечимге ылайык, Кыргызстан компаниянын "Жогорку Нарын ГЭС каскадынын" курулушуна жумшаган каражатын кайтарып берүүгө милдеттүү.

Министрлик Кыргызстан канча каражат кайтарышы керек экенин так айткан жок. Чечимди 2022-жылдын октябрь айына чейин даттанууга болот.

Быйыл февралда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушундагы чыр боюнча Орусия менен бир пикирге келгенин билдирген. Келишимге ылайык, өкмөт орусиялык “РусГидро” компаниясына 37 млн. доллар төлөп бермей болгон.

2012-жылы Орусия каражаты менен башталган "Жогорку Нарын ГЭС каскадынын" курулушу 2016-жылы токтогон. Ага Кыргызстандын “иш жылбай жатат” деген жүйөсүнүн негизинде келишимден бир тараптуу чыкканы себеп болгон.

Орусия бул долбоорго "РусГидро" компаниясынын 37,5 миллион доллар каражаты сарпталганын билдирип, 2018-жылы Гаагадагы эл аралык арбитражга кайрылган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53