KELECHEK
rek

Орусияда карын эне болгон Казакстандын жараны үч жылга соттолду 27 Июль, 2022

Орусияда карын эне болгон Казакстандын жараны үч жылга соттолду 27 Июль, 2022

Орусиянын Красноярск шаарында сот карын эне болгон Казакстандын жараны Тамара Яндиеваны үч жылга эркинен ажыратты. Ал адам сатууга күнөөлүү деп табылды. Яндиева менен адвокаты соттун бул чечими боюнча жогорку баскычка даттана тургандыктарын билдиришти.

Бул Орусияда карын эне болгон жаран соттолгон алгачкы учур. Ошол эле маалда өлкөдө карын эне болууга эч кандай тыюу жок.

Маалыматка караганда, Яндиева 2019-жылы агенттиктердин бири менен карын эне болуу тууралуу келишим түзүп, чет өлкөлүк жубайлардын бирине бала төрөп берген. Наристе жарык дүйнөгө келгенден кийин ата-энесине жөнөтүлүшү керек болчу, бирок коронавирус пандемиясы башталып, бала карын эненин колунда калган.

2021-жылы агенттикке каршы «Адам сатуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Орусияда карын энелик Үй-бүлөлүк кодекс жана «Жарандардын саламаттыгын коргоонун негиздери тууралуу» мыйзам менен көзөмөлдөнөт. Ага ылайык, балалуу боло албаган жуптар үчүн карын эне болууну каалаган аялдар бул ишке бекер же гонорар үчүн барса болот. Эненин жумуртка клеткасы атанын сперматозоиди менен жасалма уруктандырылгандан кийин ал карын эненин жатынына жайгаштырылат. Ошентип, генетикалык жактан бала карын эненин эмес, өз ата-энесинин тукуму болуп калат.

Орусияда карын энелерди тандоо менен алектенген агенттиктер иштейт.

2020-жылы Орусиянын Тергөө комитети москвалык репродуктолог-дарыгерлердин жамаатын адам сатууга айыптаган. Алар коронавируска байланыштуу карын энелер төрөгөн 11 баланы чет өлкөлөрдөгү ата-энелерине өз убагында жеткирип бере албай калышкан. Ымыркайлардын бири чарчап калып, калгандары балдар үйлөрүнө жеткирилген. Балдардын документтерин даярдап, ата-энелери менен иштешкен котормочу Кирилл Анисимов 2021-жылы алты жылга эркинен ажыратылган. Калган айыпталуучулардын ишин кароо уланууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...