KELECHEK
rek

Кадамжайда тойдо 58 адам тамакка ууланды

Кадамжайда тойдо 58 адам тамакка ууланды

Баткен облусунун Кадамжай районунда өткөн тойдон кийин коноктор жапырт тамакка ууланышты.

Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришкендей, алардын алтоо ооруканага жаткырылды, анын ичинен эки бала реанимацияда орто оор абалда дарыланууда.

Алдын ала маалыматтар боюнча тойго 250 киши катышкан, анын 58и ууланганы аныкталды. Балдар Кадамжайдагы жалпы дарылоо борборунда жатышат. Алгач 48 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Алар кусуп, дене табы көтөрүлүп, ичи өтүп, өздөрүн алсыз сезишкен.

"Сурамжылоо маалында тойго баргандар камыры бар суюк тамактан бир жытты сезишкенин, андан тышкары майонез кошулган салат, тоок этин жана мөмө-жемиш жешкенин айткан",- деп жазылган маалыматта.

Азыр анализдер такталып, кафе текшерилип жатат. Уулангандардын саны такталууда.

Тамакка уулануу Кыргызстанда биринчи ирет болуп жаткан жок. Быйыл июнь айында Жалал-Абад шаарында төрт күндө "Ага-ини" жана "Тажд-махал" тез татым жайларынын шаурмаларына 70тен ашуун адам ууланган. Алардын элүүдөн ашууну ооруканага түшкөн. Ошондой эле уулануу Ош шаарында да катталган.

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 8-майда өткөн кыз узатуу тоюна катышкан 180 адамдын ичинен 32си тамакка ууланып, медициналык жардам алган. Той өткөн кафеге санитардык-гигиеналык эрежелер сакталбаганы үчүн 15 миң сом айып пул салынган.

Ушул жылы 6-майда Бишкектеги "Эл эмне жейт" тез татым түйүнүндө 11 киши шаурмага ууланып, ооруканага түшкөн. Шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору аталган ашкананы 13 миң сом айыпка жыккан.

Ага чейин 1-майда Кара-Сууда 30дан ашуун адам тамакка ууланган. Текшере келгенде алар “Сахобат” цехинде даярдалган таттуу токочту жегени белгилүү болгон. Цехтин ээсине 7500 сом, бузулган таттуу токочту саткан дүкөн ээлерине миң сомдон айып пул салынып, 5 миңдей кондитердик азык сатыктан алынган.

2021-жылы Бишкекте 120га чукул адам "Империя пиццы" кафесинин тамагына ууланганын айтып, ооруканага кайрылган. Ушул эле жылы октябрь айында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 138 адам ботулизм белгилери менен ооруканага кайрылган. Алардын баары Бек-Абад айылында өткөн тойго барышкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38