KELECHEK
rek

"Лукойлдун" директорлор кеңешинин төрагасы оорукананын терезесинен кулап каза болду

Орусиянын президенти Владимир Путин менен "Лукойлдун" директорлор кеңешинин төрагасы Равиль Маганов

"Лукойл" мунай компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Равиль Маганов Москвадагы Борбордук клиникалык оорукананын терезесинен кулап каза болду. Бул тууралуу "Интерфакс" агенттиги өз булактарына шилтеме кылып кабарлады.

Борбордук клиникалык оорукана РБК басылмасына Магановдун өлүмүн ырастап, бирок окуянын чоо-жайын билдирген эмес.

РЕН ТВ телеканалынын маалыматына караганда, компаниянын 67 жаштагы топ-менеджери клиниканын 6-кабатындагы бөлүмдө дарыланып жаткан. Mash телеграм-каналы Маганов жүрөк оорусунан улам терапия бөлүмүндө жатканын жазды. Буга чейин ага депрессия диагнозу да коюлган.

РБК өз булактарына таянып, окуянын версияларынын бири катары өз жанын кыюу каралып жатканын кабарлады. Учурда клиникада полиция кызматкерлери менен Тергөө комитетинин өкүлдөрү иштеп жатканы айтылды.

"Лукойлдун" директорлор кеңешинин курамына 1993-жылы кирген Равиль Маганов 2006-жылы компаниянын биринчи вице-президенти кызматына дайындалып, чалгындоо жана өндүрүү тармактарын башкарган. 2020-жылы директорлор кеңешинин төрагасы болуп шайланган. Ал компаниянын "Лукойл" деген аталышынын автору болуп да эсептелет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...