KELECHEK
rek

Президент Жапаров агасынын талкуу жараткан сүрөтү тууралуу түшүндүрмө берди

Президент Жапаров агасынын талкуу жараткан сүрөтү тууралуу түшүндүрмө берди

Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине 8-сентябрда курган маегинде коомчулукта талкуу жараткан сүрөт тууралуу суроого жооп берди.

Ал сүрөттө алтын куймаларды кармап түшкөн адам анын агасы Сабыр Жапаров экенин ырастады. Сүрөт былтыр, 2021-жылы Түркияда тартылганын айтты.

"Былтыр эл аралык алтын сатууну уюштурган Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы (LBMA) Кыргызстандын алтынын дүйнөлүк биржада сатуусуна чек коюп койгон. Ошол мезгилде түрк туугандар мага жана мамлекеттик чиновниктердин кабылдамасына кире алышпай, агама чыгышкан экен. (Бизде бюрократия жоюла элек да). "Биз сатып алалы. Бизге келип, алтын эриткен цехибизди көрүп кеткиле. Биздин алтын сатып алууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар" деп кайрылышыптыр. Ошол жерге барып, алтын кармап сүрөткө түшкөн экен. Эми муну трагедия кылыштын кереги жок го дейм. Ансыз деле аларга же башка жеке булактарга бир грамм да алтын сатылган эмес. Түрк туугандардан башка он чакты мамлекеттерден жогорудагыдай сунуштар түшкөн", - деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчы алтын бир жылдан бери сатылбай чогулуп турганын, аны “Кыргызалтын” аркылуу Улуттук банк гана сатып алып турганын белгилеген. Ошондой эле чет өлкөдөн келген коноктор же инвесторлор президенттин жакындарына чыга беришерин, мындай иштер буга чейин да болуп келгенин кошумчалаган:

"Мага жана менин бир туугандарыма бир грамм алтындын кереги жок. Алтынсыз эле жашап келгенбиз, алтынсыз деле жашай беребиз. Тескерисинче, бир туугандарым мамлекетке кандай жардам берсек экен деп ойлонушат. Менин иштеримде кандайдыр бир кыйынчылыктар болсо, бир туугандарым “мурдагы президенттердин катасын кайталабасак экен, президенттик мөөнөтү бүткөндө элдин жүзүн ачык карап жүрсөк экен” дешип, сарсанаа боло башташат. Былтыр ошол мезгилде, LBMA биздин алтын сатуубузду чектеп койгондо, баары сарсанаа болгону эсимде. Ошол мезгилде, “балким жардамым тийип калабы” деп Түркияга барган экен. Мамлекет тараптан кимдир бирөө суранган эмес. “Кумтөрдүн” алтынын сатыш үчүн эмес, жалпы эле Кыргызстандан өндүрүлгөн жеке жактардын алтынын канчадан сатып алып жаткандарын билиш үчүн барган экен. Бирок абдан эле төмөн болгондуктан, бир грамм алтын сатылган эмес", - деп жооп берген президент.

Мунун алдында Инстаграммдагы kg_novosti баракчасына президенттин бир тууган агасы Сабыр Жапаровго окшош адамдын алтын куймаларды кармап түшкөн сүрөтү тарап, коомчулукта талкуу жараткан. Жогорку Кеңештин 8-сентябрдагы жыйынында депутат Мирлан Самойкожо социалдык тармактарга тараган сүрөттүн чоо-жайын тактап берүүнү президенттик аппараттан суранган.

Кумтөрдүн алтыны боюнча “Азаттык” 26-августта макала жарыялаган. Анда расмий маалыматтарга таянуу менен Улуттук банк 2021-жылы чынында эле өз резервинде сакталып турган чоң көлөмдөгү алтынды сатканы, бирок ал расмий статистика жарыялаган 19 тоннаны түзбөй турганы белгиленген.

Кыргызстан алтынын кайсы убакта кайсы өлкөгө алып барып сатып жатканы тууралуу маалыматты ачыктабай турганын президент Жапаров 27-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде билдирген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12