KELECHEK
rek

Адам сатуу – бул кылмыш!

Адам сатуу – бул кылмыш!

“Аймира” коомдук фонду “Благодать” коомдук фонду менен биргеликте АКШ элчилигинин Демократиялык комиссиясынын колдоосу менен Кыргыз Республикасында «Адам сатуу маселелери боюнча коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу” долбоорун ишке ашыра баштады. Бул тууралуу аталган долбоордун координатору Нургуль Жолоева маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымына караганда, «Аймира» КФнун миссиясы коомдун аялуу катмарына, анын ичинде мигранттарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө, адам сатуунун курмандыктарына жардам көрсөтүүнү уюштурууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.

- Биздин уюм миграция жана адам сатууга каршы күрөшүү тармагында 2008-жылдан бери иштеп келет. Жыл өткөн сайын өлкөнүн жарандары жумуш жана жакшы жашоо издеп республикадан чыгып кетүүдө. Көбүнчө өздөрүнүн сабатсыздыгынын айынан адам сатуунун курмандыгы болуп калышат. Адам сатуу - алдамчылык, күч колдонуу, коркутуу, адамдын эркиндигин чектөө же адамдын аялуу жерин пайдалануу жолу менен адамды сатып алууну, сатууну же эксплуатациялоону камтыйт, - дейт долбоордун координатору Нургуль Жолоева.

"Адам сатуу – бул адамды ар кандай максаттарда, анын ичинде мажбурлап иштетүү жана жыныстык катнаш үчүн пайдаланган кылмыш. Адамдарды сатуу дүйнөдөгү ар бир өлкөгө, мейли ал курмандыктардын келип чыккан өлкөсүнө, транзитине же бара турган жерине таасирин тийгизет.

Бул олуттуу көйгөйгө коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу жана мигранттардын адам сатууга тартылышын алдын алуу максатында, “Аймира” коомдук фонду “ Благодать ” коомдук фонду менен биргеликте 2022-жылдын 16-сентябрынан тартып АКШ элчилигинин Демократиялык комиссиясынын колдоосу менен өз ишин баштады", - дейт долбоордун ассистенти.Садорбек Абдухалилов.

Долбоордун алкагында мамлекеттик түзүмдөрдүн потенциалын чыңдоого жана коомдогу адамдарды сатуу көйгөйлөрүн түшүнүүнү жакшыртууга багытталган бир катар иш-чаралар уюштурулат. Алар төмөнкүлөрдү камтыйт:

• Жалал-Абад жана Ош облустары боюнча эки ведомстволор аралык комиссияда кызматташуу жана иш алып баруу;

• 10 журналист жана медиа адистери этникалык жана профессионалдык стандарттардын негизинде массалык маалымат каражаттарында адам сатуу маселелерин чагылдыруу боюнча окуудан өтүшөт.

• Адам сатуунун алдын алуу боюнча милиция кызматкерлери үчүн колдонмону иштеп чыгуу боюнча укук коргоо органдары менен биргеликте иш алып баруу.

• Жаштар, аялдар жана потенциалдуу эмгек мигранттары адам укуктары боюнча негизги билимге ээ болушат. Жалал-Абад жана Ош облустарынын 6 айыл өкмөтүндө долбоор өз ишин жүргүзөт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13