KELECHEK
rek

Тажикстанда Кыргызстан өткөрүп берген эки тажик жараны Яван түрмөсүнө которулду

Тажикстанда Кыргызстан өткөрүп берген эки тажик жараны Яван түрмөсүнө которулду

Абдурозик Абдукаххоров

Кыргызстан Тажикстанга өткөрүп берген эки тажик жараны – Абдурозик Абдукаххоров менен Аскар Юнусов Хоженттеги убактылуу кармоочу жайдан Яван түрмөсүнө которулду. Бул тууралуу "Озоди" радиосу Абдукаххоровдун жубайы Наргис Жаборовага шилтеме кылып кабарлады.

Юнусов менен Абдукаххоров 2021-жылдагы чек ара чырынан кийин Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылып, жазасы жеңилдетилген соң быйыл июнда Тажикстанга өткөрүлүп берилген.

"Алар Яван түрмөсүнө 17-сентябрда которулган, азыр карантинде. Өткөн жумада президенттик аппараттан мага байланышып, Абдурозик менен Аскардын мунапысы үчүн айрым документтерди топтошумду өтүнүшкөн. Мен бардык сураган документтерди өткөрүм бергем. Кечээ болсо алар Хоженттен Яванга которулганын уктум. Эч нерсе түшүнбөй турам", – деди Жаборова.

Августтун башында Наргис Жаборова Башкы прокуратуранын өкүлдөрүнүн бири жакында анын күйөөсү жана Аскар Юнусов мунапыс менен эркиндикке чыгарыларын айтканын билдирген.

Абдурозик Абдукаххоров менен Аскар Юнусов Тажикстандын жарандары, бирок Кыргызстандын Борбордук айылында жашашат. Борбордук менен Тажикстандын Хистеварз айылын болгону бир көчө гана бөлүп турат, бирок чек аралар жабылгандан кийин эч ким жолдун экинчи тарабына өтө албай калган.

Абдукаххоров менен Юнусовду Кыргызстандын күч органдары 2021-жылы апрель-май айларында болгон чек арадагы куралдуу жаңжалга байланыштуу кармашкан. Анда Кыргызстан тараптан 36 киши (арасында эки бала) каза болуп, 180ден ашуун адам жаракат алган. Жалпы 136 үй, бир нече мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланган.

Тажикстандан 19 киши өлүп, 87си жарадар болгону расмий кабарланган. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53