KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаарында 6 айда 2 млрд. 482 млн. сомдук инвестиция тартылган (ФОТО)

Жалал-Абад  шаарында 6 айда 2 млрд. 482 млн. сомдук инвестиция тартылган (ФОТО)

Жалал-Абад шаарында 2021-жылы 4 млрд. 300 млн сом инвестиция тартылган. Ал эми 2022-жылдын 6 айында 2 млрд. 482 млн. сом инвестиция тартылып, анын 150 млн сому сырткы инвестиция болсо, калган 2 млрд. 332 млн. сому ички инвестиция болгон.

Шаардык мэриянын маалымат борборунун берген маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылы Жалал-Абад шаарында жергиликтүү бюджеттен бир катар ири курулуштар аягына чыгарылса, дагы бир топ курулуштар учурда кызуу жүрүп жатат. Атап айтканда, шаарыбыздын Т.Тайгараев аймактык башкаруусуна караштуу Тѳш-Кутчу айылына 100 орундуу эки кабаттан турган заманбап бала бакча курулуп, пайдаланууга берилди. Ага жергиликтүү бюджеттен 18 млн.600 миң сом акча каражаты жумшалды.

Шаарыбыздын Манас кѳчѳсүндѳгү таштанды баскан аймак толугу менен тазаланып, 2 миңден ашуун унаага ылайкталган муниципалдык унаа базар ишке кирди. Учурда базардын тегереги тосулуп, узундугу 56 метрди түзгөн бастырма, кирип-чыгуучу бөлүгүнө күзөткана курулду. Ошондой эле  каражаттардын сол чөнтөккө кетүүсүнүн алдын алуу максатында электрондук шлагбаум орнотулду. Муниципалдык унаа базардан жергиликтүү бюджетке ай сайын орто эсеп менен 600 миң сомдук каражат түшүүдө.

Шаардын Спутник кичи районундагы “Нооруз” паркы реконструкцияланды. Аталган парктын аянты 8 гектарды түзүп, эс алуучулар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар жаратылды. Парктагы курлуштар үчүн жергиликтүү бюджеттен  40 млн сомдон ашуун акча каражаты сарпталды.

Некрасов кѳчѳсүндѳгү 180 орундуу №18 “Радуга” бала бакчасы капиталдык оңдоп-түзѳѳдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Ага шаар казынасынан 8 млн. 874 миң сом жумшалды. Ал эми аталган бала бакчага бастырма, азык-түлүк сактоочу кампа куруу үчүн 1млн 63 миң сом каражат бөлүндү.

Ошондой эле, Исакулов көчөсүндө  жайгашкан №7 мектептин чатыры жабылып, №1 балдар бакчасынын эскилиги жеткен айнек-терезелери жаңыланды. Жогорудагы курулуштар үчүн шаар казынасынан 7 млн. 522 миң сом бөлүндү.

Мындан сырткары, шаардын Спутник кичи районундагы 400 метрди түзгөн Дружба туюк көчөсүнө асфальт төшөлдү. Ага шаар казынасынан 800 миң сом акча каражаты сарпталды. Ал эми Жалал-Абад шаардык мэриясынын Жол башкармалыгы тарабынан узундугу 215 метрди түзгөн Маяковский көчөсүнө жамап-жасоого бөлүнгөн каражаттын эсебинен 7 метр кеңдикте асфальт төшөлдү.

Жалал-Абад шаарындагы чачкынды соода жайларын иретке келтирүү жана шаар казынасына каражат түшүрүү максатында Курманбек көчөсү 8-дарегиндеги имарат реконструкциядан өткөрүлүп, муниципалдык базар курулду. Базар толугу менен үстү жабык имараттын ичинде болуп, жаан-чачындан жана күндүн аптаптуу ысыгынан сактайт.

Эң негизгиси өрт коопсуздугуна толук жооп берген заманбап базар болот. Анын ичи 9220 чарчы метрди, унаа токтоочу жайы 5200 чарчы метрди түзөт. Базардын курулушуна шаар бюджетинен 57 млн. 310 миң сом акча каражаты жумшалды. Учурда базарда курулуш иштери толук аяктап, пайдаланууга берилди. Муниципалдык базардан шаар казынасына жыл сайын 40 млн сомго чейин каражат түшө баштайт.

Учурда Жалал-Абад шаарынын негизги көчөлөрүнүн бири болгон Шопоков көчөсүн кеңейтүү иши жүрүп жатат. Аталган көчөнүн узундугу 1167 метрди түзүп, жол 21 метрге кеңейтилүүдө. Анын алкагында жолдун эки тарабына тротуар, темир-бетон арыктар, жарыктандыруу жана жашылдандыруу иштери жасалат. Ага жергиликтүү бюджеттен 42 млн. 208 миң сом сарпталууда. Дал ушундай кеңейтүү иши шаардагы Барпы-Сейил көчөсүнүн 450 метр аралыгында да жүрүп жатат. Аталган көчө 20 метрге чейин кеңейтилип, тротуар, жарыктандыруу, темир-бетон арыктарын куруу иштери жүргүзүлөт.

Ошондой эле, шаардын Т.Тайгараев аймактык башкаруусундагы  Сагындыков көчөсүнө 50 орундуу бала бакча курулууда. Ага шаар казынасынан 17 млн. 754 миң сом сарпталып жатат.

Ал эми №15 бала бакчанын азык-түлүк сактоочу кампасын оңдоп-түзөө, №9 орто мектептин ички жылытуу системасын оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.

Жалал-Абад шаарынын түндүк тарабынан кире бериш жагындагы айлампага стелла курулууда. Ага шаар казынасынан 1млн. 858 миң сом сарпталууда.

Жѳѳ жүргүнчүлѳрдүн жолдо жүрүү коопсуздугу эске алынып, 2022-жылы шаар аймагында 10 чакырымдай аралыкка тротуар, 5 чакырым аралыкка темир-бетон арык куруу пландалган. Учурда бир катар көчөлөрдө курулуш иштери жүрүп жатат.

Жалал-Абад шаарында республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп жаткан курулуштар:

-Загорный кѳчѳсүнѳ узундугу 3,6 чакырым. жол курулууда

-Токтогул кѳчѳсүнүн асфальты толук аягына чыгарылды.

-Бүгүнкү күндѳ №1 М.Бабкин орто мектебине кошумча окуу корпусу курулууда

-Т.Тайгараев аймактык башкаруу мекемесинде №18 «Манас-1000» мектептебинин курулушу жүргүзүлүүдѳ

-Шаардагы №1 үй-бүлѳлүк дарыгерлер тобунун имаратынын курулушу башталуу алдында турат

-Б.Осмонов кѳчѳсүнѳ перинаталдык борбор курууга долбоор даярдалууда, курулушун баштоого 3,0 млн. сом акча каражаты бѳлүнгѳн.

Инвестициялык долбоорлор:

Пушкин кѳчѳсүнѳ 100 орундуу балдар ооруканасы эл аралык «Ассанабил» коомдук бирикмеси аркылуу курулууда.

Т.Байзаков кѳчѳсүнүн 260 метр аралыгы кеңейтилип жатат.

“Жалал-Абад Тазалык” МИна 4 даана Шахман үлгүсүндѳгү таштанды ташуучу унаалар сатып алынды. Жаңы техникаларды сатып алууга 28 млн. сом жумшалып, анын 12 млн. сому жергиликтүү бюджеттен калган каражат «Жаратылышты ѳнүктүрүү” фонду тарабынан бөлүнгөн. Ошондой эле аталган фонддун каржылык колдоосу менен шаар аймагына 296 даана контейнер орнотулду.

Аталган мекемеге жыл башында Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду жана жергиликтүү бюджеттин колдоосу менен таштанды ташуучу “Хово” үлгүсүндөгү үч техника да тапшырылган. Мындан сырткары “Жалал-Абад Тазалык” мекемеси өз каражатына 3 млн. 685 миң сомго “Газоннехт” үлгүсүндөгү бир даана унаа да сатып алган.

Быйыл Жалал-Абад шаарынын «Суу жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо” долбоорунун 2-фазасы башталды. Анын алкагында шаарда 8 чакырым саркынды суу түтүктөрү жана 40 чакырым суу түтүктөрү тартылат. Ошондой эле №2 саркынды сууларды кабыл алуу жайы жаңыланат.

Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районуна “Ассанабил” кайрымдуулук фонду тарабынан курулган “Бахрейн” социалдык шаарчасынын бир бөлүгү пайдаланууга берилди. Шаарчада мектеп, тигүү цехи, турак жайлар, мечит жана ФАП бар.

Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндөгү кароосуз калып, таштанды басып жаткан 8063 чарчы метр жер аянтына алдыда парк куруу пландалып жатат.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан жыл башынан бери  муниципалдык жерге мыйзамсыз курулган 16 обьект буздурулду. Шаар мэринин тапшырмасы менен учурда шаар аймагындагы муниципалдык жерлерди инвентаризациялоо иши уланууда.

Даярдаган: Анархан ЖАҢЫБАЕВА, KOGART.KG              

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24