KELECHEK
rek

Нуртилек Орозбаев: Жалал-Абад шаарынын өнүгүшү үчүн аракеттерди жасап жатабыз

Нуртилек Орозбаев: Жалал-Абад шаарынын өнүгүшү үчүн аракеттерди жасап жатабыз

Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев 1,5 жыл аралыгында аткарган иштери боюнча биздин бир нече суроолорубузга жооп берди.

- Нуртилек Орозбаевич, 1.5 жыл ааралыгында кандай иштерди  аткарууга жетише алдыңыздар?

- 2021-жылдын 7-майында Жалал-Абад шаардык кеңешинин 9-чакырылышынын депутаты болуп мандат алып, ошол күнү бир добуштан төрага болуп шайландым. Төрага болгон учурдан баштап эле шаарыбыздын социалдык-экономикалык маселелери жана башка бир топ алгылыктуу иштер менен алек болуп жатабыз десем жаңылышпаймын.

Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фондунун карамагындагы “Элдик” мамлекеттик ишканасы тарабынан пайдаланылган мүлктөрдү муниципалдык менчикке кабыл алуу боюича бир топ токтомдорду кабыл алдык. Анын арасында Л.Бакирова жана О.Кошевой көчөлөрүндөгү №1 кирпич чыгаруучу заводдор, Некрасов көчөсүндөгү №22 балдар бакчасы. №1 кирпич заводунун жерине футбол академиясынын курулушу башталды. Ал эми Некрасов көчөсүндөгү №22 балдар бакчасы толугу менен ремонттон өтүп пайдаланууга берилди.

“Жаратылышты өнүктүрүү” фонду тарабынан “Жалал-Абад-Тазалык” муниципалдык ишканасы 4 жаңы техника, 300гө жакын контейнерлер менен камсыз болду. Мындан сырткары Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунан таштанды ташуучу үч атайын заманбап техникалар алынып берилди.

Бул менен гана чектелбестен Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунан бир топ шаар үчүн пайдалуу долбоорго макулдук берип, үлүштүк каржылоосун бөлүп бердик. Жалал- Абад шаарындагы 3 (үч) скважинаны реабилитациялоо, Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багын реконструкциялоо долбоору, Жалал-Абад шаарындагы Т.Байзаков көчөсүн кеңейтүү жөнүндөгү долбоору ‘‘Жалал- Абад’’ стелла жана флагшток куруу” долбоору, бул долбоорлор кудай буйруса ишке ашып калса шаарыбыз үчүн чоң жаңылык болот.

Жакында муниципалдык базарды ачып, борбордук базардын жанындагы тротуарларда чачкынды соода менен алектенип жаткан соодагерлерди жаңы ачылган муниципалдык базарда иштөөсүнө шарт түздүк. Кандай жумуштарды жасабайлы аткаруу бийлиги менен депутаттык корпус тыгыз мамиледе болуп, ар бир кабыл алынган токтомдун аткарылышын өз убагында көзөмөлдөп иштеп жатабыз.

Бул мезгилге чейин шаарыбыздын “Ардактуу атуул” наамын жалпысы болуп 218 жаран алган. Алардын арасында тилекке каршы көзү өтүп кеткендери да бар. Быйыл төрага катары демилге көтөрүп, карыялар күнүнө карата 60 жаштан жогору болгон “Ардактуу атуул” наамын алган 61 жараныбызга жергиликтүү бюджеттен ар бирине 1000 сомдон акчалай сыйлык бере алдык.

- Шаардык кеңеште туруктуу комиссиянын ролу чоң эмеспи. Туруктуу комиссиялардын аткарган иштерине да токтолуп кетсеңиз?

- Туура айтасыз, шаардык кеңеште бүгүнкү күндө 4 туруктуу комиссия бар. Ар биринин жылдык жана кварталдык иш планы бар. Ошондой эле, келип түшкөн арыз-каттар менен да иштешет. Ар бир туруктуу комиссия өзүнө тиешелүү маселелерди карашат, айрымдары маселени жеринде барып көрүшөт. Негизинен шаардык кеңешке келип түшкөн ар бир маселе туруктуу комиссиянын кароосунан кийин гана сессияга чыгарылат. Сессияга сунуштардын алдында тиешелүү комиссия маселени “жети өлчөп, бир кесип”- дегендей изилдеп, тактап, анан чыгарышат.

- Келээрки жылга шаардын бюджетинин долбоору каралдыбы?

- Депутаттар шайлоочулар менен жеринде жолугушууларды өткөрүп, көйгөйлөрдү угуп келдик. Көпчүлүгү бюджетке байланыштуу маселелер, буйруса бюджетти түзүүдө ошол көйгөйлөрдү эске алабыз. Ал эми быйылкы жылдын бюджети аткарылып жатат, өсүү темпи бар.

Жалал-Абад шаардык кеңештин 12-июлда өткөн көзектеги XIX сессиясында  шаардын жергиликтүү бюджетинин 2023-жылга киреше бөлүгүнүн долбоору 671 138,8 миң сом өлчөмүндө, анын ичинен атайын төлөмдөрдөн түшүүчү кирешелер 126 014,6 миң сом өлчөмүндө жактырылды.

2023-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша боюнча долбоору жана 2024-2025-жылдарга божомолун жактыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жалал-Абад финансы башкармалыгынын башчысы Нурбек Хайткулов кеңири баяндама жасады. 2023-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша боюнча долбоору жана 2024-2025-жылдарга божомолу Кыргыз Республикасынын бюджеттик Кодексинин 95-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинин жеткизилген календарлык планынын негизинде шаарыбыздын финансы-экономикалык ресурстарынын мүмкүнчлуктөрүнө жараша түзүлүп, шаарыбыздын соңиалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган. Долбоордун киреше бөлүгү негизинен өткөн жылдардын көрсөткүчтөрүнө таянып өсүү темпи менен Салык органдары тарабынан, муниңипалдык менчикти башкаруу башкармалыгы, керек - жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаменти тарабынан эсептелген киреше булактарынын негизинде, ал эми чыгаша бөлүгү жергиликтүү бюджеттен каржыланган бюджеттик мекемелер берген эсептердин негизинде түзүлүп, депутаттарга сунушталды.

Жүргүзүлгөн эсептөөлөргө жараша, 2023-жылы салыктык жана салыктык эмес каражаттардын жалпы өлчөмү шаар боюнча 671 138,8 миң сомду түзүшү күтүлүүдө, 2022-жылга бекитилген планга салыштырмалуу (564 407,1 миң сом) 106 731,7 миң сомго көп пландаштырылууда.

- Сиздерге келип түшкөн арыздар, кайрылуулар менен иштөө кандай жолго коюлган?

Бизге келип түшкөн ар бир кат катталат. Электрондук журналга 300гө жакын арыз-кайрылуулар катталган. Кайрылуулар катталган күндөн тартып ал  туруктуу комиссиянын кароосуна берилет. Комиссияда каралган соң орчундуулары шаардык кеңештин сессиясына сунушталат. Ал эми кээ бир арыз-каттар протоколдук тапшырма катары аткаруу бийлигине жөнөтүлөт.

- Шаардын тургундарынан кандай багыттагы суроо -талаптар коп тушот?

- Шайлоочулардан негизинен жол, канализаңия, асфальт, шагыл төшөө, жарыктандыруу мына ушуга окшогон көйгөйлөрр көп, буйруса.бул маселер да чечилип калат. Баардык маселе келип эле бюджетибизге такалат. Бюджетти көтөрүү боюнча да бир топ иштер аткарылууда.

- Шаардык кеңештин алдыга койгон максаттары жана башка шаарлар менен болгон кызматташтыгы боюнча да токтолуп кетсеңиз?

- Шаарыбыздагы болуп жаткан иш-аракеттер аткаруу бийлигине же шаардык кеңешке тиешелүү деп бөлүнбөйт. Анткени жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы болгондуктан, ар бир орган өзүнүн ыйгарым укугуна тиешелүү маселелерди аткарыи жатат. Шаардык кеңеш өкүлчүлүктүү катары токтомдорду кабыл алып жана алардын өз убагында аткарылуусун көзөмөлдөп турабыз. Бир гана токтом менен чектелбестен протоколдук тапшырма да беребиз. Кандай гана маселе болбосун, баардыгыбыз салым кошуп келүүдөбүз. Себеби, шаарыбыз өнүгүп-өскөн, гүлдөгөн шаарга айланышы зарыл деп эсептеймин. Шаар бул-  биздики.

                              

Жалал-Абад шаарына 15-июлда Ош, Баткен, Нарын, Талас, Каракол шаарларынан Жергиликтүү кеңештин төрагалары жана депутаттары келишти. Эки күнгө созулган жолугушуу тажрыйба алмашуу, достук алаканы бекемдөө максатында өттү. Өлкө башчысы президент Садыр Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндө» жарлыгынын алкагында өткөрүлүп жаткан расмий жолугушууга Жергиликтүү Өз алдынча Башкаруу Союзунун төрагасы Бектурган Орозбаев , Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жана депутаттар катышышты.

Жолугушууда Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы - жергиликтүү маанидеги соңиалдык–экономикалык милдеттерди чечүүдө эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө экени айтылып, мындай тажрыйба алмашуулар өз жемишин берээри баса белгиленди. Келген конокторго Жалал-Абад шаардык кеңешинин аткарган иш-аркеттери, шаардын өсүп-өнүгүүсү, соңиалдык-экономикалык абалы туурасында даярдалган видеоролик көрсөтүлдү. Атайын программага ылайык, аймактардагы шаарлардан келген эл өкүлдөрү Жалал-Абад курортуна жана Курманбек баатырдын күмбөзүнө зыярат жасашты.

 Жолугушуунун экинчи күнүндө кичи–футбол боюнча "Достук кубогу" спорттук иш-чарасы менен улантылды.

- Нуртилек Орозбаевич, жооптуу ишиңизге ийгиликтерди каалайм!

Анархан ЖАҢЫБАЕВА, KOGART.KG

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Эрнисбек ОРМОКОВ: “Келээрки шайлоодо талапкерлигимди коём”

Эрнисбек ОРМОКОВ: “Келээрки шайлоодо талапкерлигимди коём”

Жалал-Абад шаарынын өнүгүп, өсүшүндөгү башкы салым депутаттардын колунда. Ал эми депутаттардын башында...

ИНТЕРВЬЮ 2016-05-18  13:48

Бакыт Адылов: Миграция кызматы Орусияда өкүлчүлүгүн ачат

Бакыт Адылов: Миграция кызматы Орусияда өкүлчүлүгүн ачат

Кыргызстандын миграция кызматы Орусиянын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү жана орус жергесиндеги...

ИНТЕРВЬЮ 2016-06-02  04:11

Кубат Оторбаев: “Көчөдө калган бала - кул катары кетип жаткан учурлар...

Кубат Оторбаев: “Көчөдө калган бала - кул катары кетип жаткан учурлар...

КР Акыйкатчысы Кубат Оторбаев эки күндүк иш сапары менен облустагы бир топ убактылуу кармоочу...

ИНТЕРВЬЮ 2016-08-05  14:30

Тоолуу Тогуз-Тородо күнөсканалар курулуп, тамчылатып сугаруу ыкмасы...

Тоолуу Тогуз-Тородо күнөсканалар курулуп, тамчылатып сугаруу ыкмасы...

Жалал-Абад облусунун эң алыскы жана тоолуу Тогуз-Торо районунда үстүбүздөгү жылдын 6 айында аймактын...

ИНТЕРВЬЮ 2016-08-07  20:05

С.Сатыбалдиев: “

С.Сатыбалдиев: “"Коррупциялык мүнөздөгү 80 кылмыш иши козголду"

Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары Сатыбалдиев Сүйүнбек Маматович 2016-жылдын 6...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-19  14:33

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Кургак учуктун амбулатордук дарылоосу Кыргызстанда 2012-жылдан бери «Сапаттуу саламаттык...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-25  19:01

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Жалал-Абад облустук калктын репродуктивдик саламаттыгын сактоо борборунун акушер-гинекологу...

ИНТЕРВЬЮ 2017-06-18  12:38