KELECHEK
rek

Милиция Абдирасулова менен Аргымбаевди төрт сааттан кийин бошотту

Милиция Абдирасулова менен Аргымбаевди төрт сааттан кийин бошотту

15-ноябрда Бишкектеги Ак үйдүн алдындагы акция учурунда кармалган укук коргоочу Азиза Абдирасулова жана Сапар Аргымбаев төрт сааттан кийин бошотулду.

Алар кармалгандан кийин Биринчи Май райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген. Абдирасулованы шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Тилек Түкөбаев баш болгон милиция кызматкерлери кармап кеткен.

Экөөнө тең Укук бузуулар кодексинин 128-беренеси, "Милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө" беренесинин негизинде протокол толтурулгандан кийин кое берилген.

Сапар Аргымбаев "спирт ичимдигин ичти" деген жүйө менен Республикалык наркология борборунан текшерүүдөн өткөнүн, бирок жыйынтыгы терс чыкканын маалымдады.

Абдирасулова кармоону өзүнүн позициясы менен байланыштырды, милиция бөлүмүндө отурганда кан басымы көтөрүлүп кеткенин, кант диабети оорусу да козголгонун айтууда. Ага "Тез жардам" кызматы чакыртылып, биринчи жардам көрсөтүлдү.

"Мага бир күн мурун укук коргоо кызматкери кезигип, эскертүү берген. Мындан улам Кемпир-Абад боюнча бүгүнкү акцияга катышуу ниетим жок эле, нааразы болгондор Ак үйдүн алдынан кеткенден кийин гана ошол жерден өтүп бараткам. "Мен акцияга катышкан жерим жок" дегениме карабай, Түкөбаевдин көрсөтмөсү менен мени күчтөп кармап, милицияга алып келишти. Төрт саат ичинде сурак да болбоду. Эмне себептен мени кармаганын тыңгылыктуу түшүндүрүшкөн да жок. Себебин мен билип эле турам, "ПолитКлиника" сайтына бийликти сындап маек кургам, ал кечээ чыгары менен келип эскертүү беришти, бүгүн күч колдонуп кармашты",- деди Азиза Абдирасулова.

Ал 14-ноябрдын кечинде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) 10-бөлүмүнүн башчысы Шумкарбек Сулайманов аңгемелешүүгө чакырып, Фейсбукта жазган билдирүүлөрү үчүн эскертүү бергенин жарыялаган.

15-ноябрда парламенттин алдында Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекекстанга берүүгө каршы акцияга 30дай киши чыкты. Милиция ал жерде акция өткөрүүгө соттун чечими менен тыюу салынганын билдирип, акция Максим Горький атындагы гүл бакта уланды.

Кыргызстанда Кемпир-Абад ишине байланыштуу “массалык башаламандык уюштурууга даярданды” деген шек менен буга чейин 26 киши камакка алынган. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13