KELECHEK
rek

Орусия Украинага жапырт сокку урду

Орусия Украинага жапырт сокку урду

Киев, 15-ноябрь, 2022-жыл.

15-ноябрда орус аскерлери Украинанын кеминде 12 чөлкөмүнө ракетадан сокку урду. Маанилүү инфраструктура бутага алынып, электр энергиясы жапырт өчүрүлүүдө.

Украинанын абадан коргонуу системасы Киевге багытталган төрт ракетаны атып түшүрдү. Аткылоодон баш калаада эки турак жай жабыркаганын шаар мэри Виталий Кличко билдирди. Бир кишинин каза тапканы маалымдалды. Киевдин тургундарынын жарымы электр жарыгысыз калды.

Львов шаарынын мэри Андрей Садовый жарылуулардын добушу чыкканын, үйлөрдүн жарымы электр энергиясыз калганын айтты.

Кабарларга караганда, Харьков, Волынь, Днепропетровск, Житомир, Одесса жана башка облустар аткыланды.

Украин президенти Владимир Зеленский Орусия согуштун 8 айында Украинага каршы дээрлик 4 жарым миң ракета чыгарганын буга чейин билдирген.

Октябрдын башында Крым көпүрөсү жардырылгандан кийин Москва Киевди айыптап, орус армиясы Украинанын энергетикалык инфраструктурасын бутага алып келатат.

Дүйшөмбү күнү НАТОнун Баш катчысы Йенс Столтенберг "Путин Украинаны кышында жарыксыз, жылуулуксуз калтырууну көздөйт", - деп билдирген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52