KELECHEK
rek

Өкүл Абсаттар СЫРГАБАЕВ: “ПЛАНДУУ АРАКЕТТЕР ГАНА БИЗДИ АЛДЫГА БАГЫТТАЙ АЛАТ”

Өкүл Абсаттар СЫРГАБАЕВ: “ПЛАНДУУ АРАКЕТТЕР ГАНА БИЗДИ АЛДЫГА БАГЫТТАЙ АЛАТ”

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар СЫРГАБАЕВдин «Эркин Тоо» гезитине берген маегин окурмандарга сунуштайбыз.

- Абсаттар Токтогулович, “жөжөнү күздө сана” демекчи, жыл жыйынтыгын аныктоочу мезгил улам жакындоодо. Ал эми сиздер облусту социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча ар бир айда, кварталда аткарылган иштерди анализдеп, алдын-ала божомолдорду боолголоп жатсаңыздар керек...

- Айткан кебиңизде калет жок. Пландуу аракеттер гана бизди алдыга багыттай алат. Андыктан, бизде  облусту 2022-2026-жылдары туруктуу өнүктүрүүгө багытталган программабыз бар жана анда 21 бөлүмдөн, 173 пунктан турган иш-чаралардын планы бекитилген.

Пландалган иш-чаралардын аткарылышына Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан тынымсыз мониторинг жүргүзүлүп, райондук мамлекеттик администрациялар, мэриялар, мекеме-уюмдар, ишканалар,  ишкерлер жана айыл аймактары менен биргеликте уюштуруу  иштери улантылууда. 

Жигердүү аракеттердин натыйжасында 2022-жылдын тогуз айында   облуста өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн көрсөткүчү -109,2 пайызга, айыл чарбасынын  өсүү темпи -101,2 пайызга, негизги капиталга инвестицияларды тартуу – 81,7 пайызга,   автотранспорт менен жүк ташуу -108,2 пайызга,  жүргүнчүлөрдү ташуу - 108,5 пайызга,  рыноктук  кызматтардын  көлөмү -105,1 пайызга, чекене товар жүгүртүү -109,1 пайызга, акы төлөнүүчү  кызмат  көрсөтүү - 102,2 пайызга  аткарылды.

- Тармактар боюнча тагыраак токтоло кетсеңиз?

- Жакшы болот, маалыматты өнөр-жай тармагынан баштай берели. 2022-жылдын январь-сентябрь айларында облуста 31632,3 млн. сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, өсүү темпи  109,2 пайызды түздү. Анын ичинде тоо-кен тармагында 17647,0 млн. сомдук продукция өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 120,1 пайызга аткарылды. Бул жалпы өнөр жай продукцияларынын 55,8 пайызын түзөт. Темир кендерин казуу-127,3 пайыз, чийки мунай затты жана жаратылыш газын өндүрүүнүн физикалык көлөмүнүн индекси -107,7 пайызга аткарылды. Мунай өндүрүү көлөмү 204,5 миӊ тоннага жетип,  өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,4 миӊ тоннага көп болду. Кайра иштетүү тармагы боюнча айтсам, 5987,9  млн. сомдук продукция өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 121,2 пайызды, жалпы өнөр жай тармагынын продукциясынын ичинен 18,9 пайызды түздү. Анын ичинен тамак-аш азыктарын өндүрүү, текстиль жана тигүү - 138,2 пайыз, башка металл эмес минералдык продуктуларды өндүрүү - 107,5 пайыз, резина жана пластмасса өндүрүү -104,4 пайыз, жыгач иштетүү жана жыгач буюмдарын жасоо -107,1 пайыз, химия өндүрүшү -149,8 пайызга аткарылды. Ал эми, өнөр жай кийимдерин өндүрүү - 86,8 пайыз,  электр жабдууларын, электрондук жана оптикалык жабдууларды өндүрүү - 90,4 пайызга камсыздалды.

- Облуста өнөр жай ишканалардын баарысы эле туруктуу иштеп жатабы?

- Базар-Коргон районунда гана сезон маалында пахта иштетүүчү “Гула-Ата” ЖЧКсы убактылуу токтоп турат. Бирок, 2022-жылдын 1-октябрына карата облус аймагында 311 жаңы ишкана ишке киргизилди. Жалпысынан 1593 жумушчу орун түзүлдү.

- Айыл чарба тармагында кандай жетишкендиктер орун алды деп айта аласыз?

- Республикабызда өндүрүлгөн айыл-чарба продукцияларынын жалпы көлөмүндө биздин облустун үлүшү 20,5 пайызын түзөөрүн эскерте кетейин – бул жаман көрсөткүч эмес. Быйыл тогуз айда бул тармак 54266,5 млн сомдук продукция берди жана көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 101,1 пайызга аткарылды. Тактап айтсам, аталган аралыкта мал эти тирүүлөй салмакта болжогондон 1423 тоннага арбын (52109 тонна), сүт 6831 тоннага көп (294799 тонна) өндүрүлдү.

Талаачылык жумуштары да быйыл облус аймагында ийгиликтүү болду деп айта алам. 1-октябрга карата 61 миң 199 гектар аянттан 266933 тонна дан бастырылып, өткөн жылга салыштырмалуу 19 миң 832 тоннага арбын болду. Буудайдын түшүмдүүлүгү гектарына – 28,0 центнер, арпа – 24,5 центнер, жүгөрү - 63,6 центнерден айланды. Пахтанын түшүмү да кубандырарлык – 24038 тонна пахта буласы терилип, өткөн жылга салыштырмалуу 3843 тоннага арбын жыйналды. Облус боюнча 7109 гектарга эгилген картошкадан 105 миң 586 тонна түшүм алынды. Быйыл жашылчанын түшүмү азыраак болгон менен мөмө-жемиш 353 тоннага көп алынгандыгын кошумчалай кетейин. Иштетилбеген айдоо аянттары үстүбүздөгү жылда 2141 гектарга кыскарды.

- Быйыл облуста сугат суу менен камсыздоо маселеси кандай болду?

- Ооба, жылдан-жылга суу маселеси бүт дүйнөдө чоң көйгөйгө айланууда. Ошондуктан, облусубузда ирригациялык системаны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда – быйыл чарбалар аралык 704,5 чакырымдык каналдын 44,2 чакырымы, суу бөлүштүрүүчү 74 курулма, 43 насостук станциянын агрегаттары оңдоодон өткөрүлдү. Аксы районунда 7090 метрлик Ак-Терек каналынын 2800 метр аралыгы курулду. “Суу ресурстарынын климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу» долбоорунун алкагында учурда Базар-Коргон, Ноокен районунда жайгашкан Оӊ-Жээк каналында  кайра калыбына келтирүү жумуштары улантылып жатат. 2022-жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен 24,122 млн сомдук каналды калыбына келтирүү жумуштары аткарылды. Долбоордо 3 суу өткөрүү  курулмасы каралган,  бүгүнкү күндө 3 суу өткөрүү курулмалары башталып, жумуштардын  40 пайызы аткарылды, ошондой эле 4,6 км каналды бетондоо каралып, 0,9 км аралыгына  бетон төшөлдү. Долбоорду  Азия өнүктүрүү банкы каржылоодо.

- Облуста дыйкан-фермерлерди арзан насыялар менен камсыздоо быйыл кандай болду?

2022-жылдын 1-октябрына карата “Айыл чарбасын каржылоо-10” долбоорунун алкагында облуста айыл чарба товар өндүрүүчү 1593 субьектиге жалпы суммасы 805425,0 миң сомдук жеңилдетилген 10пайыз жана кайра иштетүү тармагына 6пайыздык үстөк менен насыялар берилген. Анын ичинен, талаачылыктагы 520 субъект 207360,0 миң сомдук, мал чарба багытында 984 субьект 439000,0 миң сомдук, кайра иштетүү тармагындагы 89 субьект 159500,0 миң сомдук насыяларды алышты.

- Ошентип, кылычын алып кыш да кирип келди. 2022-2023-жылдын жылытуу сезонуна даярдык кандай экендиги тууралуу бирин-экин маалымат бере кетсеңиз...

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги «Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2022/2023-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө» №234-токтомунун негизинде, үстүбүздөгү жылдын 27-майында  Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  №125-б сандуу буйругу менен облустук штабдын курамын бекиткенбиз. “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасына караштуу 29 коммуналдык отказандар толук оңдоодон өтүп, учурда жылуулук берүү өз ырааты менен жүрүүдө. Социалдык мекемелер отун менен 100 пайызга камсыздалды. Ал эми калк үчүн быйыл кышта 202,6 миң тонна көмүр керектелет. Азыр облустун калкын арзан көмүр менен камсыздоо максатында 41 соода түйүнү иштеп жатат. Баа маселеси көзөмөлгө алынган, тартыштык да жок.

- Облуста калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо толукчечилгенби?

- Ошол эле учурда Жалал-Абад облусунун калкын ичүүчү суу менен камсыздоо долбоорлорунун алкагында 58 айылда жана 3 шаарда Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкынын, Ислам Өнүктүрүү Банкынын (24 айыл) жана республикалык бюджеттин (34 айыл) каржылоосудагы долбоорлор боюнча тийиштүү иш аракеттер жүргүзүлүүдө.

- Калкты социалдык жактан коргоо маселесине да токтоло кетсеңиз...

- Облустун аймагында калкты социалдык коргоого алып, алардын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча мерчемделген  иштер аткарылып жатат.

2022-жылдын 1-октябрына карата республикалык бюджеттин эсебинен аз камсыз болгон 113182 адамга мамлекеттик, 19653 адамга 2267104 миң сом өлчөмүндө социалдык жѳлѳк пул, 5770 адамга 109034,3 миң сом өлчөмүндө  социалдык жеңилдиктер үчүн акчалай компенсациялар төлөндү. Мындан сырткары социалдык келишимдин негизинде чакан ишкердик баштоо үчүн республикалык бюджеттен 60 млн. сом акча каражаты бөлүнүп, 600 үй-бүлөгө 100 миң сомдон бир жолку жардамдар көрсөтүлдү. Демөөрчүлөр тарабынан да обус аймагында муктаждар үчүн турак жай куруу, жумуш орундарын жаратуу аракеттери колго алынууда.

- Облуста калкты туруктуу жумуш орду менен камсыз кылуу кандай болуп жатат?

- Жалал-Абад облусунда 2022-жылдын 1-октябрына  карата калктын саны 1 млн. 298 миң 118   адам деп эсептелген. 2022-жылдын 1-октябрына карата эсепте турган жалпы жумушсуздардын саны 29399 адамды же 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 95,7пайызды түздү. Расмий каттоого алынган жумушсуздардын  саны өткөн жылга салыштырмалуу 1715 адамга  же 7,7 пайызга азайды. 9 ай ичинде облус боюнча 1870 жумушсуз жаран жумушка жайгаштырылды. Ошондой эле убактылуу ишке орноштуруу максатында 1228 адам коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга жиберилди.

-  Быйыл облуста жаратылыш кырсыктары аз катталдыбы же?..

- Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь  айларында  облустун аймагында 9 өзгөчө кырдаал катталып, жалпы материалдык чыгымдар 146 млн 474 миӊ сомду түздү. Жазгы сел кырсыгынан жабыркаган Кызыл-Туу, Кара-Дарыя, Кыз-Көл айыл өкмөттөрүнө жана Көк-Жаӊгак шаарындагы ички көпүрөлөрдү калыбына келтирүү жана сел арыктарды тазалоого 550 миӊ акча каражатын бөлүнүп, айыл өкмөттөрү жергиликтүү калктын күчү менен сел арыктар тазаланып, ички көпүрөлөр калыбына келтирилди. Ошондой эле Кара-Дарыя айылында  2021-жылы селден жабыркап, бир жыл бою контейнерлерде жашап келген 8 үй-бүлөгө 13 миллион сомго 8 үй куруп, жайгаштырдык.

Сандар эмне дейт?

• 2022-жылдын 1-октябрына карата облус боюнча каттоого алынган 136 317 пенсионерге 7047,1 млн. сом пенсия толөндү, каржылоо  100 пайызга камсыздалды. Пенсияларды төлөөгө ай сайын орто эсеп менен 769,4 млн. сом керектелүүдө.

• Облус аймагындагы медициналык мекемелерде  жогорку билимдүү 1616 дарыгер  жана атайын билимдүү 6143 кызматкер эмгектенет. Салыштырмалуу айтканда 10 миң адамга 12,6 дарыгер туура келет. Учурда облус боюнча 219 дарыгер жетишпейт.

• Облустун аймагында 483 жалпы билим берүүчү мектеп бар, алардын 467си мамлекеттик, 16 жеке менчик. 328 мектеп кыргыз тилдүү, 24 мектеп орус тилдүү, 20 мектеп өзбек тилдүү жана 111 аралаш тилдүү болуп саналат жана аларда жалпысынан 261 398 окуучу билим алышууда. Мектептердин окуу китептери менен камсыз болуусу 72,8пайызды түзөт. 475 мектеп интернетке кошулган. Жалпы билим берүү мектептеринде  17247 мугалим эмгектенет. 2022-жылдын 1-октябрына карата 69 мугалим жетишпейт. 

• Облустун аймагында жаңы 34 мектеп жана 5 мектепке кошумча имарат курулууда, анын ичинен: 24 мектеп республикалык бюджеттин,  2 мектеп райондун өнүктүрүү фондунун, 4 мектеп жергиликтүү бюджеттин, 4 мектеп Эл аралык уюмдардын эсебинен каржыланууда. Облус аймагында ошондой эле мектепке чейинки билим берүүчү 14 мекменин: 10 бала бакчанын жаңы имараты, 4 бала бакчанын кошумча имараты курулууда.

• Облус аймагында 5 жогорку, 19 орто окуу жайы жана  2 жеке менчик орто окуу жайлары жайгашкан. 2022-2023-окуу жылында 5 жогорку жана 21 орто окуу жайларында 31037 студент, анын ичинен жогорку окуу жайында 12938,  орто окуу жайларда 18099 студент билим алышууда. Алардын 3454ү чет өлкөлүк жарандар.

• Сузак районундагы чакан ГЭСтин курулуш иштери аяктап калды. Райондун Ленин айыл аймагынын Айгыр-Жал участкасындагы чакан ГЭСтин курулуш жумуштары өткөн жылы башталып, азыркы учурда дээрлик 90 пайызга жакыны аяктап калды. Анын кубаттуулугу саатына 2400 кВтка чейин жетет. Мындан улам облус аймагында чакан ГЭС куруу аракеттери колго алынып, учурда Сузак, Базар-Коргон жана Токтогул райондорунда курулуш иштери жүрүүдө. Жалал-Абад облусунун аймактарында жалпы 23 чакан ГЭС куруу долбоору даярдалган.

• Жалал-Абад шаарында жайгашкан Юстиция министрлигине караштуу жазаларды аткаруу кызматынын №10 мекемесин калаадан сыртка которуу боюнча каражат маселеси чечилип, тийиштүү иш-аракеттер жүргүзүлүүдө. Мекемени Базар-Коргон районунун Бешик-Жоон айылында курулушу пландалган Сары-Талаа участкасына көчүрүү жумуштары башталды. Жакынкы күндөрү пайдубалына капсула салынат. Ага катар №53 тергөө абагына да бир гектар жер аянты ажыратылып, Сузак районунун Арал айылына көчүрүү жумуштары жүргүзүлөт.

Ошентип, Жалал-Абад облусунун аймагын ар тараптуу өнүктүрүү, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн жолгорулатуу, инвестицияларды тартуу, инфраструктураны жакшыртуу, калк менен тыгыз иш алып барууда алгылыктуу жумуштар бар. Буйруса алдыдагы аракеттерибиз да мындан кем болбойт.

Маектешкен Шайгүл УРМАТОВА

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Эрнисбек ОРМОКОВ: “Келээрки шайлоодо талапкерлигимди коём”

Эрнисбек ОРМОКОВ: “Келээрки шайлоодо талапкерлигимди коём”

Жалал-Абад шаарынын өнүгүп, өсүшүндөгү башкы салым депутаттардын колунда. Ал эми депутаттардын башында...

ИНТЕРВЬЮ 2016-05-18  13:48

Бакыт Адылов: Миграция кызматы Орусияда өкүлчүлүгүн ачат

Бакыт Адылов: Миграция кызматы Орусияда өкүлчүлүгүн ачат

Кыргызстандын миграция кызматы Орусиянын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү жана орус жергесиндеги...

ИНТЕРВЬЮ 2016-06-02  04:11

Кубат Оторбаев: “Көчөдө калган бала - кул катары кетип жаткан учурлар...

Кубат Оторбаев: “Көчөдө калган бала - кул катары кетип жаткан учурлар...

КР Акыйкатчысы Кубат Оторбаев эки күндүк иш сапары менен облустагы бир топ убактылуу кармоочу...

ИНТЕРВЬЮ 2016-08-05  14:30

Тоолуу Тогуз-Тородо күнөсканалар курулуп, тамчылатып сугаруу ыкмасы...

Тоолуу Тогуз-Тородо күнөсканалар курулуп, тамчылатып сугаруу ыкмасы...

Жалал-Абад облусунун эң алыскы жана тоолуу Тогуз-Торо районунда үстүбүздөгү жылдын 6 айында аймактын...

ИНТЕРВЬЮ 2016-08-07  20:05

С.Сатыбалдиев: “

С.Сатыбалдиев: “"Коррупциялык мүнөздөгү 80 кылмыш иши козголду"

Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары Сатыбалдиев Сүйүнбек Маматович 2016-жылдын 6...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-19  14:33

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Кургак учуктун амбулатордук дарылоосу Кыргызстанда 2012-жылдан бери «Сапаттуу саламаттык...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-25  19:01

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Жалал-Абад облустук калктын репродуктивдик саламаттыгын сактоо борборунун акушер-гинекологу...

ИНТЕРВЬЮ 2017-06-18  12:38