KELECHEK
rek

Казакстанда маянаны талап кылган мунайчылар үч күндөн бери талаада түнөшүүдө

Казакстанда маянаны талап кылган мунайчылар үч күндөн бери талаада түнөшүүдө

Маңгыстау облусуна караштуу Түпкарагаран районундагы Каражанбас кенин иштеткен Phystech II компаниясынын жумушчулары үч күндөн бери талаада түнөп жатышат. Алар маянаны жогорулатууну талап кылышууда.

15-декабрда мунайчылар компаниянын директору Ернар Байжалиев менен анын орун басары Талгат Кадыровду иштен алууну сурашкан.

«Үч күн суукта турганда автобуска отургула деп айткандан башка эч нерсе сунушташкан жок. Талаптарыбыз аткарылган жок. Мындан ары биз алар менен иштеше албайбыз», — деди жумушчулардын бири.

Вахта ыкмасында иштеген мунайчылар нааразылык иретинде талаага боз үй тигишкен. Аларга полиция келип, боз үйлөрдү алып кеткенде жумушчулар суукта сыртта калып акцияны уланта башташкан. Акимчиликтин өкүлдөрү муну "мыйзамсыз" деп, аларды тарап кетүүгө үндөгөн.

Кээ бир кызматкерлер суукта ооруп, үйлөрүнө кетишти. Калган жумушчулар акцияны полиция көзөмдөп турганын айтышты.

Ишкананын жетекчилиги айлыкты көтөрүү мүмкүн эместигин билдирди. Phystech II компаниясынын юристи Дарига Кибасованын айтымында, "компания банкрот болуу алдында турат".

Компанияга ээлик кылган Кайрат Боранбаев бир канча жыл мурун өз бизнесин Нидерланддагы MKV International b.v. офшордук фирма аркылуу каттаган. Документтерде компаниянын расмий өкүлү катары Боранбаевдин бир тууганы Мурат Боранбаев көрсөтүлгөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53