KELECHEK
rek

ӨРҮШҮ ӨРКҮНДӨП БАРА ЖАТКАН “АБИЙ” ИШКАНАСЫ

ӨРҮШҮ ӨРКҮНДӨП БАРА ЖАТКАН “АБИЙ” ИШКАНАСЫ

Жалал-Абад облусундагы алдыңкы ишканалардын катарын толуктаган “Абий” жоопкерчилиги чектелген коому (ЖЧК) 20 жылдан бери ийгиликтүү иштеп келе жатат. Бул өндүрүштүк жылдар аралыгында ишкана чыгарган продукцияларын убагында жөнөтүү аркылуу кардарларды сапаттуу продукция менен камсыз кылып, өнөктөштөрү менен иштиктүү жана  ишенимдүү мамилелерди түзө алышты.

“Абий” ЖЧКсынын директору Чимбердиев Сайдилла Суюмбаевичти кепке тартып, бизди кызыктырган бир нече суроолорго жоопторду алдык.

МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ:

Чимбердиев Сайдилла Суюмбаевич - 1967 жылы 1-апрелде Сузак районунун Жаңы-Айыл айылында туулган. Улуту кыргыз, билими жогорку. 1974-1984-жылдары Сузак районуна караштуу Крупская атыпдагы орто мектепти аяктаган. 1985-1987-жылдары Чехословакияда аскердик кызматын өтөгөн. 1999-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин, юриспруденция факультетин бүтүргөн.

Сайдилла Суюмбаевич 2006-жылдан бери “Абий” жоопкерчилиги чектелген коомун жетектеп келүү менен Сузак районунун социалдык-экономикалык тармагынын өнүгүүсүнө өзүнүн чоң салымын кошуп келүүдө. Бүгүнкү күндө аталган ишканада 70 адам эмгектенүүдө. Чимбердиев Сайдилла Суюмбаевич 2008-2012-жылдары Барпы айыл аймагынын VI чакырылышынын депутаты, 2012-2016-жылдары Жалал-Абад шаардык кеңешинин VI чакырылышындагы депутаты, 2016-2017-жылдары VII чакырылышындагы депутаты, 2017-жылы VIII чакырылышындагы депутаты болуп шайланган.

Ал өзүнүн иштеген мезгилинде уюштургуч жана принципиалдуу жетекчи, гумандуу инсан катары көрсөтүп, өзүнө тагылган милдеттерди чоң жоопкерчилик менен аркалап келүүдө.

Сайдилла Суюмбаевичтин сиңирген эмгеги жогору бааланып, 2013-жылы Сузак райондук кеңешинин сессиясынын 22-токтому менен Сузак районунун “Ардактуу атуулу”, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын, Жалал-Абад шаардык мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланган. Мындан сырткары, Кыргыз Өкмөт башчысынын Ардак грамотасын жана Жогорку Кеңештин саатын алууга татыган.

- Сайдилла Суюмбаевич, келечектеги максаттарыңыз боюнча кыскача токтоло кетсеңиз?

- Келечекте соода-экономикалык кызматташуу чөйрөсүндөгү укуктук келишимдик нормативдик базаны жайылтууну максат койгонбуз. Өндүрүштү автоматташтыруу механизмине өткөрүү. Чет өлкөлдөгү рынокко чыгуу жана мүмкүнчүлүктүү өнөктөштөрдү табуу. Ошондой эле, мамлекеттик органдар жана бизнес коомчулугу менен биргеликте иштешүүнү өнүктүрүү максаттарыбыз бар.

Бүгүнкү күндө “Абий” ЖЧКсы – өнүккөн ири компания гана эмес, ынтымактуу жана көп улуттуу эмгек жамаатында өз ишин абийирдүүлүк менен жүргүзгөн жогорку квалификациялуу адистер топтолгон. Биз өндүрүштүн бийик деңгээлин жана сапатын кармоого жана өндүрүштүк кубаттуулуктарды өз убагында модернизациялоого дайыма аракет кылабыз. Биздин көп багыттуу компаниянын эшиги жаңы өнөктөштөр жана кардарлар үчүн дайыма ачык. Биз компаниянын жаңы достору менен узак мөөнөттүү, өз ара пайдалуу жана жемиштүү мамилелерди түзөбүз деп ишенебиз.

- “Абий” ЖЧКсы качан түптөлгөн жана эмне себептен Абий деп аталып калган?

- “Абий” ЖЧКсы 2006-жылы юридикалык жак атары катталуу менен өзүнүн курулуш секторуна, жолдорду куруу, айыл чарба чөйрөсү жана тамак-аш тармагы үчүн зарыл болгон продукцияларды чыгаруучу көп багыттуу ишкана. Ал эми аталышына токтолсом, менин эң чоң агамдын аты Хабибулла эле, бирок айылдаштарыбыз Абий деп аташчу. Агам жол тарамыгында көп жыл иштеп, жетекчи да болуп, 40 жашында өтүп кеткен. Ушул агам бизди окутуп, бардык ишке үйрөтүп бутка тургузган. Ошол себептен, агамдын урматына компанияны Абий деп атап койгонбуз.

Биздин компания кардарларга жана өнөктөштөргө сапаттуу продукцияны жана кызматты сунуш кылууга жөндөмдүү, татаал өндүрүштү алып баруучу жогорку квалификациялуу адистер топтолуп иш таржымалыбыз башталган. Алгачкы ишибизди кыш заводун куруудан баштадык. Кытайдан кирпич заводун алып келип, 2006-жылы ишке бердик. Кыш заводу Сузак районундагы Барпы айыл аймагында жайгашкан Миң-Өрүк айылынан орун алган. Ал завод сезондук ишкана болгондуктан күнүнө 20-30 миңдик кирпич чыгарып, ушул кезге чейин иштеп келе жатат.

Ушул эле технология Өзбекстандын Кокон шаарында бар. Кирпич чыгаруучу мешти куруу үчүн 600 миң кирпич керектелет экен. Биз ал кирпичти Өзбекстандан ташып келгенбиз. Ошентип, биздин акчанын баары башка мамлекетке чыгып кетип жатпайбы. Өзбекстандан атайын адистер келишип, эки айдын ичинде кирпич заводду толук куруп, ишке берип кетишкен.

- Асфальт-бетон заводу качан курулган?

- Өндүрүштү өркүндөтүү максатында 2015-жылы таш майдалоочу жабдууларды Кытайдан алып келип курдук. Ал эми 2017-жылы “Абий” ЖЧКсынын асфальт-бетон заводу (АБЗ) курулуп, ушул мезгилге чейин иштеп келе жатабыз. Заводдон жолго төшөлүүчү 1 марканын Б тибиндеги майда таштуу, коюу ысык таптуу асфальт-бетон аралашмасы чыгарылат.

Республикалык курулуш сертификаттоо борборунан шайкештик сертификаты алынган. АБЗнын продукциясы Жалал-Абад облусунун аймагындагы асфальт төшөө иштери үчүн туруктуу керектелүүдө. Заводдун жол бөлүмү Көк-Жаңгак шаарындагы, Базар-Коргон районунун Кеңеш, Колот, Базар-Коргон айылдарындагы ар кайсы обьектерде  асфальт төшөө иштерин жүргүздү. Жалал-Абад, Таш-Көмүр жана Кочкор-Ата шаарларында, Шамалды-Сай айылында жана жеке буюртмалар менен15 чакырымдан ашуун жолго асфальт жаткырылды. Ар жыл сайын 10-15 чакырымга жолго асфальт төшөп турабыз.

Компания “Көк-Арт” кениндеги №6 участкадан алынган кумдуу шагылды алып, бетон аралашмасын өндүрүүчү участокко жана АБЗга жөнөтөт. Аталган кен геологиялык чалгындоо жана иштетүү максатында кыртыштан пайдалануу үчүн берилген лицензиянын негизинде иштетилет.

- Битума менен камсыз кылууну да колго алган экенсиздер?

- Жол курулуш чөйрөсүндө иштөөдө жана асфальт-бетон аралашмасын өндүрүүдө биздин команда ички рыноктогу өтө курч талап кылынган жол курулуш материалдарына көңүл бурду. Кырдаалга анализ жасоо менен биз ички рынокту жол-нефти битуму (БНД) 60/90 жана 90/130 менен камсыз кылуу керек деген жыйынтыкка келдик. Ошентип, 2020-жылкы сезондо “Абий” ЖЧКсы Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын заводдорунда өндүрүлгөн жабышкак жол битумунун бардык түрүн туруктуу жөнөтүп турууга даяр. Компаниянын өндүрүүчү заводдор менен жекече контрактык келишимдери бар жана өнөктөштөрдү битум менен чектелбеген өлчөмдө камсыз кылууга жөндөмдүү.

- Жол куруудан башка да курулушка керектүү кандай продукцияларды чыгарып жатасыздар?

- “Абий” ЖЧКсынын курулуш цехи суу түтүктөр жана саркынды суулар системасынын кудуктары үчүн тийиштүү нормативдерге шайкеш келген КС 15,6; КС 15,9а тибиндеги тегерек дубал шакектерин, ПП 15-1 капкак плитарларын, ПН 15 түпкү капкактарын, АI-1 жана АI-3 маркасындагы бетон арыкчаларын, бордюрларды жана башка темир-бетон жабдыктарын өндүрүп чыгарат.

Курулуш цехинин продукциясы кардарлар тарабынан туруктуу керектелет. Өндүрүштө тажрыйбалуу металл куюучулар иштешет жана крулуш материалдарынын буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздук эрежелерине ылайык бардык техникалык нормалары сакталат.

Турак жайларды же кеңсе имараттарын ремонттоо, ички жана тышкы дубалдарды кооздоодогу курулуш иштерине керектүү материалдарга болгон муктаждыктарды эске алуу менен компания каптама материалын – суюк травертин өндүрүү ишин колго алган. Травертин деп акиташ менен мрамор таштын ортосундагы таш формасындагы акиташ тегин аташат. Травертин – узакка чыдамдуу материал. Азыркы тапта ал дубалды коздоо үчүн кеңири пайдаланылып, кооз гана көрүнүп калбастан, башка да жакшы сапаттарга ээ.

Ал эми суюк травертин 92 пайыз таш формасындагы акиташ тегинен турат. Уникалдуу серпилгичтиги, ийкемдүүлүгү менен вибрацияларда же басым жасалганда жарака кетип калбайт. Ошндой эле нымга, өрткө туруктуу катуу аязды жана жогорку ысыктыкты көтөрө алат.

- Бюджетке канча салык төгүп турасыздар?

- Бюджетке 20 миллион сомдон ашык салык төлөйбүз. Ишкана Барпы айыл аймагында каттоодо тургандыктан, 2,5 миллион сом салыкты жылда айыл өкмөткө төгүп турабыз. 

Сезондо сегиз, тогуз ай 40-45 адам иштейт. Ал эми кышында  10-15ке жакын адам гана калат. Алар техникаларды ремонт  кылышат, эрте жазга даярдык көрөбүз. Эсепчилер отчетторду жасашат. Ноябрда иш токтосо, апрелде кайра иш башталат. Өзүбүздүн жолго керектүү болгон 40тан ашык бардык техникаларыбыз бар. Жумушчуларга күнүгө бир маал түшкү ысык тамак берилет.

- Сайдилла Суюмбаевич, кирип келе жаткан Жаңы жылда да ишиңиздерге ийгиликтерди каалайбыз! Мындан ары да “Абий” ЖЧКсынын иши илгерилеп, эл кызматында талыкпай иштеп, ийгиликтерди жарата беришиңизге тилектешбиз!

Даярдаган: АНАРХАН ЖАҢЫБАЕВА, WWW.KOGART.KG

 

 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Эрнисбек ОРМОКОВ: “Келээрки шайлоодо талапкерлигимди коём”

Эрнисбек ОРМОКОВ: “Келээрки шайлоодо талапкерлигимди коём”

Жалал-Абад шаарынын өнүгүп, өсүшүндөгү башкы салым депутаттардын колунда. Ал эми депутаттардын башында...

ИНТЕРВЬЮ 2016-05-18  13:48

Бакыт Адылов: Миграция кызматы Орусияда өкүлчүлүгүн ачат

Бакыт Адылов: Миграция кызматы Орусияда өкүлчүлүгүн ачат

Кыргызстандын миграция кызматы Орусиянын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү жана орус жергесиндеги...

ИНТЕРВЬЮ 2016-06-02  04:11

Кубат Оторбаев: “Көчөдө калган бала - кул катары кетип жаткан учурлар...

Кубат Оторбаев: “Көчөдө калган бала - кул катары кетип жаткан учурлар...

КР Акыйкатчысы Кубат Оторбаев эки күндүк иш сапары менен облустагы бир топ убактылуу кармоочу...

ИНТЕРВЬЮ 2016-08-05  14:30

Тоолуу Тогуз-Тородо күнөсканалар курулуп, тамчылатып сугаруу ыкмасы...

Тоолуу Тогуз-Тородо күнөсканалар курулуп, тамчылатып сугаруу ыкмасы...

Жалал-Абад облусунун эң алыскы жана тоолуу Тогуз-Торо районунда үстүбүздөгү жылдын 6 айында аймактын...

ИНТЕРВЬЮ 2016-08-07  20:05

С.Сатыбалдиев: “

С.Сатыбалдиев: “"Коррупциялык мүнөздөгү 80 кылмыш иши козголду"

Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары Сатыбалдиев Сүйүнбек Маматович 2016-жылдын 6...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-19  14:33

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Кургак учуктун амбулатордук дарылоосу Кыргызстанда 2012-жылдан бери «Сапаттуу саламаттык...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-25  19:01

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Жалал-Абад облустук калктын репродуктивдик саламаттыгын сактоо борборунун акушер-гинекологу...

ИНТЕРВЬЮ 2017-06-18  12:38