KELECHEK
rek

УКМК кылмыштуу топ менен байланышы бар милиция кызматкерлери кармалганын билдирди

УКМК кылмыштуу топ менен байланышы бар милиция кызматкерлери кармалганын билдирди

Иллюстративное фото.

Улуттук коопсуздук бюонча мамлекеттик комитет (УКМК) Нарын облусунун Кочкор районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар деген шек менен беш милиция кызматкери кармалганын билдирди.

“7-ноябрда кылмыштуу топтун бул мүчөлөрү Кочкор районундагы кафелердин бирин өрттөйбүз деп, коркутуу жолу менен ай сайын 1000 АКШ долларын берип турууну талап кылышкан. Ошол эле учурда алар эсепти төлөөдөн орой баш тартышып, натыйжада мекеменин кожоюну мушташкандарга чара көрүү өтүнүчү менен милициянын 102 номуруна чалган”, - деп айтылат маалыматта.

Атайын кызматтын айтымында, милиция берилген арызга чара көргөн эмес жана кылмыштуу топтун мүчөлөрү коркутуп-үркүтүүлөрүн улантып келген.

Расмий маалыматта аларга чара көрүүгө аракет кылган учурда милициянын аймактык бөлүмүнүн башчысын кол алдындагылардын көзүнчө сабап, өздөрү изин жашырып кетишкени айтылат.

“Кылмыш ишин тергөө учурунда Кочкор РИИБнын жетекчилиги тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө колдоо көрсөткөндүгү тууралуу маалыматтар алынган. Ошол эле учурда нөөмөт кызматына бул окуяны журнал жана оперативдүү протоколдоруна киргизбөө боюнча көрсөтмө берүү менен окуяны жаап-жашыруу аракеттери документтештирилген. Ошол эле учурда РИИБ жетекчилиги кызматтык абалынан пайдаланып, мекеменин ээсин тиешелүү органдарга кайрылбоого бир нече жолу көндүрүүгө аракет кылышкан”, - деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

Учурда уюшкан кылмыштуу топтун кармалган мүчөлөрүнө карата тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Алардын башка дагы кылмыштарга катышы бар экендигин аныктоо иштери жүрүп жатат.

Кочкор милициясынын кызмат адамдарынын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кылмыш жоопкерчилигинен мыйзамсыз бошотуу, шалаакылык жана кылмышты жашыруу сыяктуу аракеттерине карата тергөөнүн жыйынтыгында юридикалык баа берилет.

ИИМ маалымат бере элек.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...