KELECHEK
rek

Иран дрондорунун "эффективдүү" экенин билдирди

Иран дрондорунун

Жогорку кызматтагы иран генералы, Башкы штабдын башчысы Мохаммад Багери "Орусия иран дрондорун Украинадагы согушта пайдаланып жатат" деген ырастоолор бул учкучсуз учактардын “эффективдүүлүгүнүн” далили деп атады.

Киев жана анын батыштагы өнөктөштөрү Орусияны украин шаарларына чабуул жасоодо, анын ичинде Украинанын энергетикалык инфраструктурасын аткылоодо ирандын жанкечти дрондорун колдонууга айыптап келет.

"Мындан тышкары бул ырастоолордун көбү жалган болушу мүмкүн. Дрондорго келгенде, бул анын эффективдүүлүгүн, манилүү жана жогорку деңгээлде экенин далилдейт", –деди Мохаммад Багири.

Иран Украинада согуштук аракеттерди жүргүзүү үчүн Орусияга курал жеткирип жатканын бир нече жолу четке каккан. Ошол эле маалда ноябрда Тегеран февралда согуш башталганга чейин эле Иран Москвага дрондордун партиясын бергенин билдирген.

Батыш өлкөлөрү жанкечти дрондор Украинада пайдаланылып жатканына байланыштуу бир катар иран фирмаларына жана Ирандын аскердик командачылыгынын мүчөлөрүнө санкция киргизген. Санкцияга генерал Багери да туш болгон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52