KELECHEK
rek

ЧЕТ ӨЛКӨДӨ ИШТЕГИҢИЗ КЕЛСЕ, ӨЗҮҢҮЗДҮ КОРГОГОНДУ БИЛИҢИЗ!

ЧЕТ ӨЛКӨДӨ ИШТЕГИҢИЗ КЕЛСЕ, ӨЗҮҢҮЗДҮ КОРГОГОНДУ БИЛИҢИЗ!

Адам сатуу кылмыш чөйрөдөгү бизнестердин арасынан курал-жарактар жана баңги заттары менен алектенгенден кийинки 3-орунда турган эң кирешелүү иш катары белгилүү. Серепчилердин айтуусу боюнча, бүгүнкү күндө деле дүйнө жүзү боюнча канчалаган адамдар мындай бизнестин аргасыздан курмандыгы болуп келишет.

Кулчулук боюнча өлкөлөрдү үчкө бөлсө болот – транзит өлкөсү, кулчулукка алып барган жана кулчулук чыккан өлкө деп. Биздин Кыргызстан транзит өлкө, кулчулукка алып кеткен өлкө болуп эсептелет. Кулчулукка баргандар экиге бөлүнөт – жумуш издеп баргандар жана сексуалдык кулчулукка кабылгандар. Бүгүнкү күндө дагы бир жаңы бир шарттар пайда болуп жатат. Азыр биздин өлкөнүн ичинде эле кулдарды пайдаланып жатышат.

Жашоонун оордугунан, жумуштун жоктугунан улам, эмгек мигранттары тынбай чет мамлекеттерге агылып жатканы эч кимге деле жашыруун эмес. Чет мамлекетке иштөө үчүн баргандан кийин алар кандай абалда калгандыгын текшерген, анализ жүргүзгөн уюмдар барбы? Мекенине кайткандарынын ичиннен кайтпагандарды издеген жан барбы? Чет өлкөдөгү консулдуктар тарабынан кулчулукка дуушар болуп калган мигранттарга кандай укуктук жардамдар берилет? Мына ушундай суроолорго жооп издөө үчүн тиешелүү тармактардын, өкмөттүк жана бейөкмөт уюмдардын аткарып жаткан иштери боюнча окурмандарга баяндап берүүнү туура көрдүк.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин (КР ТИМнин) Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Жалал-Абад  шаарындагы пунктунун жетекчиси, экинчи катчы Кабаев Азамат Асанакуновичти кепке тартып, чет мамлекеттерге иштөө үчүн кетип жаткан жарандарыбызга кандай жардамдар бериле тургандыгы боюнча оюн уктук.

- КР ТИМнин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тууралуу КР Өкмөтүнүн токтому менен бекитилиген Жобонунун негизинде алдыбыздагы милдеттерди жана максаттарды ишке ашырып келебиз. Анын арасында эң негизги иштердин бири бул – КР чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарынын укуктарын коргоо болуп саналат. Биз жарандарга ар тараптуу консулдук, укуктук кеп-кеңештерди беребиз. Адам сатууга каршы күрөшүү, анын алдын алуу иштери байма-бай жүргүзүлүп келет. Өзүңүздөр билгендей, 2005-жылы жарык көргөн “КР адам сатууга каршы күрөшүү жөнүндөгү” мыйзамы бар. Ал мыйзамда милдеттер жана иш-чаралар так көрсөтүлүп жазылган. Бизде ар жыл сайын иш-мерчемдер жетекчилер тарабынан бекитилет. Биз жарандарга чет өлкөгө коопсуз барып келүүлөрү жөнүндө, коопсуздук паспорту багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз.

Жарандар бизге келип, ар кандай суроолор менен кайрылышат. Мисалы үчүн,  алардын арасында Европа, Турция, Япония, Араб мамлекеттерине барып, эмгек мигранты болуп кантип иштеп келем? Ал мамлекеттерге баруунун, эмгек ишмердүүлүктөрүн жургүзүүнүн кандай жол-жоборлору бар экенин сурап кайрылышат. Бизге кайрылган жарандардын суроолоруна  так жана туура маалыматтарды беребиз. Анын ичинде сыртка чыгып жаткандар көбүнчө 18 жаштан жогорку жаштар да. Кээ бирөөлөрү өздөрүнүн укуктарын жакшы билбейт. Ал өлкөгө өмүрүндө биринчи жолу барып жатышат. Кээ бирөөлөрү социалдык тармактардагы ишке орноштуруу боюнча жалган маалыматтар менен алданып калуулары мүмкүн, - дейт Азамат Кабаев.

Чет өлкөдө иштегиңиз келеби? Анда, бул эрежелерди билиңиз:

  • Паспортуңуздун жарамдуулук мөөнөтүн жана жумуш иштөө үчүн визаңыз бар экендигин тактаңыз;
  • Эгер кимдир бирөө Сизге жумуш сунуштаса, анын тиешелүү уруксаты бар экендигин тактаңыз;
  • Паспортуңузду эч кимге бербеңиз;
  • Жумушка киришүүдөн алдын жазуу түрүндө эмгек келишимди түзүүгө жетишиңиз;
  • Чет өлкөгө барганда чет өлкөлүк жарандар үчүн белгиленген эрежелерди сөзсүз түрдө сактаңыз (регистрация, виза, уруксат документтери);
  • Чет өлкөгө келээриңиз менен консулдук учетко туруш үчүн Кыргыз Республикасынын жакынкы консулдук мекемесине кайрылыңыз.

ТУРЦИЯГА СЕКСУАЛДЫК КУЛЧУЛУККА САТЫЛЫП КЕТКЕН КЫЗ КУТКАРЫЛДЫ

Өткөн жылы Instagram (инстаграм) социалдык тармагы аркылуу Турциядан жакшы жумушка кабыл ала турган жарнаманы окуп алып, алдамчылардын торуна түшүп, сексуалдык кулчулукка дуушар болуп калган кыздын окуясын КР ТИМнин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Жалал-Абад  шаарындагы пунктунун жетекчиси, экинчи катчы Кабаев Азамат баяндап берди.

“Биздин күнүмдүк ишибизде ар кандай жагдайлар келип чыгат. Мисалга 20022-жылдын эсебинен айтсак, өткөн жылы Жалал-Абад шаарынын тургуну 1997-жылы туулган кыз Жалал-Абад шаарында иштеп жүрүп эле инстаграмдан Турциянын Анталия шаарында жакшы иш бар деп, жарыяны таап, алар менен сүйлөшөт. Алардын шартына макул болот. Чакыруучу тарап авиа билеттерин алып берип, мейманканалардын жомоктой болгон сүрөттөрүн. видеолорду жиберишип, ушул жерде жашап, иштейсин дешет. Ал сүрөттөрдү, видеолорду көрүп, ал кыз аябай ишенип алат. Ата-энесине айтпай туруп, авиабилетти алгандан кийин Турцияга учуп кетет. Ал жакка баргандан кийин аны Турциядан тосуп алгандар башка болгон. Тосуп алгандар ал кыздын паспортун алып коюшкан. Айтылган ишканага алып барбастан, бир кварталга алып барып, особняк үйгө киргизип, бир картаң кишиге кызмат көрсөтөсүн деп, таштап кетишкен. Ал кыз ал жерде психологиялык жактан жабыркап, зордукталган.

Аталган кыздан тааныштары бизге кайрылып, жардам сурашкан. Биз кыздын уюлдук телефон аркылуу ватсапка акыркы жолу чыккан жердин дарегин локация аркылуу текшерип аныктап, Турциядагы элчиликке жардам сурап кайрылдык. Элчиликтеги кызматкерлер жергиликтүү полиция менен байланышып, алардын жардамы менен кызды куткарууиштери жүргүзүлдү. Андан кийин, ал жактагы кыргыз диаспораларынын жардамы менен кызды Жалал-Абадка алып келүү иштери жүргүзүлдү. Азыркы учурда ал кыз өз мекенине кайтып, шаарда иштеп жүрөт”, - деди А.Кабаев.

ЖАЛАЛ-АБАЛ ШААРЫНДА АДАМ САТУУГА КАРШЫ КАНДАЙ ИШТЕР АТКАРЫЛЫП ЖАТАТ?

Жалал-Абад шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары Гүлбарчын Таштанбекованын берген маалыматына караганда, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-2025- жылдарга КР адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасы жөнүндө” КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги №227 токтомун жана КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2022-жылдын 16-майындагы №103-6 буйругу аткарууга алынып, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 8-июнунда №01-28/49 сандуу токтом жана иш-чаралар планы бекитилип, шаардагы мекеме-ишканаларга аткарууга жиберилген.

- Жалал-Абад шаарынын аймагында адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча Координациялык кеңешинин отурумуна “Аймира” коомдук фондунан Анаркүл Машаева катышып, адам сатуунун курмандыктары болгон жарандарга психологиялык, социалдык, укуктук жардам берүүгө жана Жалал-Абад шаарынын мэриясы менен иштешүүгө даяр экендигин билдирди. Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан адам сатууга каршы күрөшүү боюнча Координациялык кеңеш түзүлүп, 2022-жыл ичинде ар бир аймактык башкаруу мекемелеринде Ханне Зайдель фондунун колдоосу менен “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер менен биргеликте адам сатууга каршыбыз!” деген аталышта окутуулар уюштурулуп, бир миң даана колдонмо буклеттер даярдалып, элдерге таркатылды.

КР эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан 0 жаштан 18 жашка чейинки жашы жете элек балдар адам сатуунун курмандыгы болбоосу үчүн 2016-жылдан “Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкы” түзүлгөн.

Шаардын аймагында шаардык ички иштер бөлүмү, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, аймактык башкаруу мекемелеринин кызматкерлери менен биргеликте ‘Эмгек”, “Түнкү өспүрүм”, “Селсаяк”, “Лөлү”, “Тилемчи” жана башка аталышта ай сайын рейд өткөрүлүп, жогорку жана орто окуу жайларга “Зордук-зомбулук”, “Эрте никеге туруу”, “Кылмыштуулукка каршы күрөшүү”, “Адам сатууга каршы күрөшүү”, “Өз укугуңду бил” ж.б. аталышта түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, - дейт Г.Таштанбекова.

“АЙМИРА КФу АДАМ САТУУ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА КООМЧУЛУКТУН МААЛЫМДУУЛУГУН ЖОГОРУЛАТЫП ЖАТАТ

«Аймира» коомдук фондунун миссиясы коомдун аялуу катмарына, анын ичинде мигранттарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө, адам сатуунун курмандыктарына жардам көрсөтүүнү уюштурууга көмөк көрсөтүү болуп саналат. Аталган фонд миграция жана адам сатууга каршы күрөшүү тармагында 2008-жылдан бери иштеп келе жатат.

Адам сатуубул адамды ар кандай максаттарда, анын ичинде мажбурлап иштетүү жана жыныстык катнаш үчүн пайдаланган кылмыш. Адамдарды сатуу дүйнөдөгү ар бир өлкөгө, мейли ал курмандыктардын келип чыккан өлкөсүнө, транзитине же бара турган жерине таасирин тийгизет.

Адам сатуу- бул адамды, анын макулдугусуз же макулдугу менен  мажбурлоо жолу менен, шантаж аркылуу, алдамчылык, калп айтуу менен эскплуатациялоо же башка пайда табуу максатында уурдоо, унаа менен алып өтүү, кабыл алуу, жеткирип берүү, сатып алуу- сатуу же башка мыйзамсыз иш аракеттерге баруу.

Бул олуттуу көйгөйгө коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу жана мигранттардын адам сатууга тартылышын алдын алуу максатында, “Аймира” КФу “Благодать” коомдук фонду менен биргеликте 2022-жылдын 16-сентябрынан тартып АКШ элчилигинин Демократиялык комиссиясынын колдоосу менен Кыргыз Республикасында «Адам сатуу маселелери боюнча коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу” долбоорун ишке ашырып келе жатышат.

Долбоордун алкагында мамлекеттик түзүмдөрдүн потенциалын чыңдоого жана коомдогу адамдарды сатуу көйгөйлөрүн түшүнүүнү жакшыртууга багытталган бир катар иш-чаралар уюштурулду. Алар төмөнкүлөр:

• Жалал-Абад жана Ош облустары боюнча эки ведомстволор аралык комиссияда кызматташуу жана иш алып баруу.

• 10 журналист жана медиа адистери этникалык жана профессионалдык стандарттардын негизинде массалык маалымат каражаттарында адам сатуу маселелерин чагылдыруу боюнча окуудан өтүштү.

• Адам сатуунун алдын алуу боюнча милиция кызматкерлери үчүн колдонмону иштеп чыгуу боюнча укук коргоо органдары менен биргеликте иш алып баруу.

• Жалал-Абад жана Ош облустарынын 6 айыл өкмөтүндө жаштар, аялдар жана потенциалдуу эмгек мигранттары адам укуктары боюнча негизги билимге ээ болушат.

ЖУМУШ ИЗДӨӨ ЖАНА ЖУМУШКА ОРНОШУУ:

Мыйзамсыз жумуш-бул олуттуу укук бузуучулук болуп саналат. Өз укуктарыңды жана милдеттериңди жана өзүндү керексиз тобокелдиктерден сактоону билүү өтө зарыл.

ЖУМУШКА ОРНОШУУДА ЖАРДАМГА КЕЛҮҮЧҮ  ЖӨНӨКӨЙ КЕҢЕШТЕР:

  • Сиздин жумуш берүүчү менен болгон мамилеңер сөзсүз түрдө эмгек келишими менен тастыкталышы зарыл.
  • Өз жумуш берүүчүңүздү жакшы билиңиз.
  • Ортомчуларга маани бербеңиз.
  • Жумуш берүүчү менен гана келишим түзүңүз.
  • Эмгек акыныздын өлчөмүн  жана төлөө шарттарын так сүйлөшүңүз.
  • Эмгек келишимди кол коюдан мурун баарын көнүл коюп окуу менен экинчи нускасын берүүнү талап кылыңыз.
  • Өздүгүнүздү тастыктаган документтерди жумуш берүүчүгө сактоого бербеңиз.
  • Эгерде кыйын абалга кептелсеңиз төмөнкү телефондорго жардам сурап кайрылыңыз.

Ыкчам байланыш:

  • 1899 (Бишкек шаары)
  • 08000000189 (аймактар үчүн)

АНАРХАН ЖАҢЫБАЕВА, KOGART.KG

"Аймира" жана "Благодать" коомдук фонддору өнөктөштүктө ишке ашырып жаткан "Адамдарды кулчулукка сатуу көйгөйү жөнүндө коомчулуктун маалымдуулугун көтөрүү" долбоорунун алкагында жарыяланган сынакка: #pf_aymira_jalal_abad, #PF Aymira

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24